Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Теплица же күнөскана

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Теплица же күнөскана

Сыртта аппак кар. Суук шамал дарактардын жылаңач жалбыраксыз бутактарын дирилдетет. Ал эми бөлмөдөгү столдун үстүндө бажырайып ачылган бир тутам гүл жана жаңы үзүлгөн жашылчалар. Булар кайдан келди? Мүмкүн, алыскы түштүк өлкөлөрүнөн алып келишкендир. Жок, гүл менен жашылчалар жакын эле жерде, айнек үйдүн ичинде өстүрүлгөн. Кадимки үйдүн чоңдугундай болуп, жалаң айнектен же полиэтиленден салынган курулуштүн кээ бирөө алп пальманын бийиктиги менен бирдей, кээ бирөө тоокканадай. Пальма болсо жылуу түштүктөн келген мейман катары ачык асман астындагы суукта өсө албайт. Ал эми айнектен салынган мындай күнөсканын ичинде анын өсүшүнө бардык ыңгайлуу шарт бар, бирок сөз пальма жөнүндө эмес.

Сөз кадимки күнөскана же орусча айтканда теплица жөнүндө болмокчу. Анда жылуулук да, нымдуулук да жетиштүү, керек учурда жасалма жол менен жамгыр жаадырылып (азыркы учурда көбүнчө тамырга тамчылатуу ыкмасын колдонушат), абасы желдетилип турат. Күн бүркөө кезде анын ичинде жасалма күн - чоң-чоң ультрафиолет электр лампалары күйүп турат. Күнөскананын ичиндеги бадыраң, помирдор жана башка жашылча өсүмдүктөрүнө же назик гүлдөргө ызгаардуу суук коркунучтуу эмес. Кишинин тизесинен келген жапыс айнек үйлөр да болот. Ар бир мындай үй - парниктин астында терең чуңкур казылып курулат.

Парник ар түрдүү жер семирткичтер аралаштырылган нымдуу топурак менен толтурулат, кээде топурактын алдына «меш» - өзүнөн-өзү жылып туруучу кык салынат. Айнек чатыры өсүмдүктү суук шамалдан сактап, күн нурун жакшы өткөрөт. Ошондуктан күнөсканадагы жашыл жашоочулар эрте жаздагы суукта да өздөрүн эң сонун сезишет. Күнөсканаларда көбүнчө бадыраң, шалгам, капуста, помидор сыяктуу жашылчалар, ар түрдүү кооздук өсүмдүктөр, же кийин күн жылыганда талаага жана гүлзарларга эгүү үчүн алардын көчөттөрү өстүрүлөт. Жылытылма - туш тарабы жана чатыры айнектелген жылуу имарат.

Жылыткычтар көбүнчө суу менен жылытылат. Мында жыл бою пияз, бадыраң жана башка жашылчалар өстүрүлөт. Жылыткыч электр лампалары менен жылытылып, түтүктөр аркылуу жамгыр жаадырылып сугарылат. Күнөсканаларда жылдын кайсы мезгилинде болсо да витаминге бай жаңы жашылчаларды алууга болот. Күнөсканаларга маанилүү болгон температураны да бир калыпта сактап туруу зарыл, эгер суук күндөрү температура төмөндөп кетсе, күнөскананын ичин атайын печкаларга от жагып жылытууга туура келет. Атпесе, өсүмдүктөр өспөйт. Өсүмдүктөр өсүү үчүн абанын температурасы +15 градустан төмөн түшпөсү зарыл. Дагы айта кетчү нерсе, күнөскананын ичинде гүлдөрдү чаңдаштырып туруучу аарылар да чоң мааниге ээ.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 1041, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу