Тарых деген эмне

"Тарых деген эмне" суроосунда, дароо эле башыңарды оорутпастан, тарыхка кичине болсо дагы аныктама берип өтөлү. Абсолюттук аныктама табиятта жок экенин билесизда, бирок жалпы жонунан көбүнчө ушул аныктаманы көп колдонушат.

Тарых - өткөн чактагы адамды (анын иш-аракетин, абалын, дүйнө көз карашын, социалдык байланыштарын ж.б.) изилдөөчү билим чөйрөсү, анын ичинде гуманитардык илим.

Эми кичине тереңирээк маалымат алгыңыз келсе макалабызды уланталы.

Көптөгөн убакка чейин тарых илим катары эмес адабиятка жана искусствого тиешелүү болуп келген. Грек мифологиясында тарыхтын колдоочусу катары колунда папирус же пергамент кармаган, жүзү дем берип турган жаш аял эсептелинген. Тарых музасынын аты Клио болгон, ал грек тилинен которгондо атагын чыгаруу же даңкын чыгаруу деп которулат. Чындыгында, биринчи жылбаян, окуялардын хронологиялык ирети, биографиялар негизинен башкаруучулардын атагын чыгарууга багытталган.

Ошентип, тарых деген эмне? Тарых деген сөз грек тилинен алынган, ал жакта сөз окуялардын баяндамасы деп аталган. Тарых деген эмне, ал эмне иш алып барат деген түшүнүк мезгилдин өтүшү менен өзгөрүп турган.

Заманбап дүйнөлүк тарыхый адабиятта тарых түшүнүгүнө абдан ар түрдүү аныктамалар кездешет, тарыхтын илим катары дефиницияларынын саны 30 чейин. Тарых предметинин аныктамасы тарыхчынын көз карашы жана философиялык ойлору менен байланыштуу.

Материалисттик позицияны карманган тарыхчылар адам иш-аракети менен байланышкан конкреттүү, белгилүү бир мейкиндик-убакыт чектери менен чектелген коомдун өнүгүү мыйзамченемдүүлүгү деп эсептешет.

Батыш илиминде үстөмдүк кылган ишеними бул тарыхты изилдөөнүн негизги объектиси адам деп эсептелинет. Белгилүү Француз тарыхчысы Марк Блок тарых илими "убакыттагы адамдар жөнүндөгү илим" деп аныктаган, ошону менен бирге алдыңкы планга адам иш-аракетинин жан-дүйнөлүк жагын койгон, тарых - бул "так жана акыркы мааниде - адамдардын аң-сезими" - деп. Ар кандай концепциядагы окумуштуулар ортосундагы олуттуу кайчы пикирлер, "тарых предмети" аныктамасына гана тиешелүү эмес, тарыхый процесстер менен дагы түшүндүрүлөт. Балким тарыхтын функциялары ушунда болгондур.

Марксисттик тарыхый-материалдык концепцияда акыркы себеп жана бардык маанилүү тарыхый окуялардын, процесстердин чечүүчү кыймыл күчү эмгек, өндүрүм, өндүрүм ыкмасы деп эсептелинген. Муну менен кошо, өзгөчө тарыхый процессте тарыхый шарттар (класстык күрөштөр, башка өлкөлөр менен мамиле түзүүлөр, географиялык жана башка өзгөчөлүктөр) таанылат, ошондой эле бирин-серин - тарыхый инсандардын ишмердүүлүгү.

Буржуазиялык концеплиялардын арасында тарыхый процесстердин плюралисттик интерпретациясы кеңири жайылган, мында тарыхый өнүгүүнүн жалпы себеби таанылбайт дагы, коомдо көптөгөн ар кандай иреттүү факторлор таанылып, алар ар кандай көп түрдүү социалдык мекемелер жана топтордун кызыкчылыктары менен жөнгө салынат.

Тарыхчылар кандай гана көз карашта болбосун, алардын бардыгы өзүлөрүнүн изилдөөлөрүндө илимий аппаратты, белгилүү бир илимий категорияларды колдонушат. Алардын ичинен эң маанилүүсү катары "тарыхый мезгил" категориясы. Бул категорияда каалаган окуяны убакыт жана мейкиндик мүнөздөмөлөрү менен өлчөөгө болот. А тарых болсо процесс катары - көптөгөн жакын жайгашкан ар кандай окуялар эмес, окуядан окуяга кыймыл.

Тарыхый мезгил түшүнүгү менен мезгилдештирүү тыгыз байланышта - тарыхый процесстердин сандык (мезгилдик) белгилөө формасы. Дүйнөлүк тарыхты биринчи мезгилдөө аракети гуманист-тарыхчылар жасаган. Орто кылымдарда алар начарлоону, биринчиден маданияттын начарлоосу катары көрүшкөн, өзүнүн мезгилин кайра жаралуу деп баалаган. Агартуунун идеологдору адам тарыхын үч мезгилге бөлүшкөн: табигый абал, жапайы жана цивилизациялуу.

Кийинчирээк мезгилдөөнүн башка теориялары пайда болгон. Англис тарыхчысы А. Тойнби тарыхта локалдык/жергиликүү цивилизациялар болгон деп божомолдогон (бардыгы болуп 21 цивилизацияны белгилеген). Алардын ар бири жаралуу, өсүү, бузулуу жана өлүү баскычтарынан өтөт. Марксисттик тарыхый-материалдык концепцияда мезгилдештирүү бири-бирин ырааттуу түрдө алмашып турган өндүрүмдүн өзгөрүү (алмашуу) ыкмасында же коомдук-экономикалык формациялардын негизинде куруу кабыл алынган.

Тарыхый илим фактылар менен иш алып барат, жана алар ар бир тарыхый билимдин негизин түзөт. Дал ушул фактыларга бардык концепциялар жана сунуштар таянат. Фактылардын ырастыгынан тарыхый чындыктын кабыл алуусу жана түшүндүрүлүшү көз каранды, тарыхый процесстин маңызына жетүү мүмкүндүгү.

Тарыхый илимде факт эки мааниде каралат:

  1. Тарыхта орду болгон кубулуш;
  2. Тарыхый илимде анын чагылышкан сүрөтү (факт - билим).

Бирок булардын ортосунда тыгыз байланыш бар. Экинчиси биричисиз мүмкүн эмес. Жылаңач фактылар чындыктын бөлүктөрү катары окуп жатканга эч нерсени айтып бербеши мүмкүн. Тарыхчы гана фактыга белгилүү маанини берет, ал маани болсо анын жалпы илимий жана идея-теориялык көз караштарынан көз каранды. Ошондуктан ар башка көз караштагы системада бир эле факт ар кандай чечмелөөгө, ар башка мааниге ээ болот. Ошентип, тарыхый факты (окуя, кубулуш) менен ага тиешелүү илимий-тарыхый факты ортосунда интерпретация турат. Дал ушул интерпретация тарых фактыларын илимий фактыга айландырат. Мындай тарыхый фактылардын ар кандай интерпретациялары тарыхый чындыктын жоктугун же алардын бир нече экендигин түшүндүрөбү? Жок, түшүндүрбөйт. Жөн гана чындыкка болгон биздин көз караштарыбыз өзгөрөт. Илимдин жылышы мындайча айтканда толук эмес, салыштырмалуу чындыктан толугураак чындыкка барат. Бирок абсолюттук чындык, белгилүү болгондой эле жок, ошондуктан, коом тирүү болуп турганда, тарыхтын акыркы бөлүмү жазылбайт.

Тарыхчы, шартка ылайык, өткөн чак менен иш алып барат жана түздөн-түз өзүнүн изилдеп жаткан нерсесин өз учурундагыдай көрө албайт. Өткөн мезгил жөнүндөгү маалыматтын негизги булагы, а көпчүлүк учурда жападан жалгыз булагы болуп тарыхый эстелик саналат, ал аркылуу тарыхчы керек болгон конкреттүү-тарыхый маалыматтарды алат, тарыхый билимдин негизин түзгөн фактылык материал.

Бардык тарыхый булактарды 6 топко бөлсө болот:

  1. Кыйла көп булак топтору - бул жазма булактар (эпиграфиялык эстеликтер, башкача айтканда таштагы, металлдагы, керамикадагы жана башка байыркы жазуулар. Граффити - имарат дубалдарында, идиш-аякта кол менен чийилип жазылган тексттер. Берестяндык грамоталар, папирустагы, пергаменттеги жана кагаздагы жазуулар, печаттык материалдар жана башкалар).
  2. Буюм эстеликтери (эмгек куралдары, кол өнөрчүлүк буюмдары, үй-тиричилик буюмдары, идиш-аяк, кийим, жасалгалар, тыйындар, курал-жарак, турак-жайлардын калдыктары, архитектуралык курулмалар ж.б.).
  3. Этнографиялык эстеликтер - бүгүнкү күнгө чейин сакталып калган калдыктар, түрдүү улуттардын байыркы тиричилик үрп-адаттары.
  4. Фольклордук материалдар - элдик оозеки чыгармачылык эстеликтери, башкача айтканда, уламыштар, ырлар, жомоктор, макал-лакаптар, мыскылдар ж.б.
  5. Лингвистикалык эстеликтер - географиялык аталыштар, жеке ысымдар ж.б.
  6. Кино жана фото документтер.

Бул топко дагы бир бөлүм кийинчирээк кошулуп калышы мүмкүн - бул санариптик булактар, бирок буга дагы көп бар. Бардык булактар түрлөрүнүнүн жыйындысын изилдөө, тарыхый процесстин жетишээрлик толук жана туура сүрөттөлүшүн түзүүгө мүмкүндүк берет.

Жыйынтыктап айтканда, тарыхты изилдөө - өткөндү реконструкциялоочу булактардын эритмелеринен, окумуштуулардын тарыхка болгон жеке көз караштарынан турган, татаал процесс.

Бүгүнкү күндө "тарых" деген термин шартка ылайык эки мааниде колдонулат: биринчиси - адам коомунун, жана жеке адамдын убакыт ичиндеги өнүгүү процессин белгилөө үчүн. Экинчиси - качан сөз бул процессти изилдеген илим жөнүндө болгондо.

Цивилизация - латын сөзүнөн жарандык, мамлекеттик дегенди билдирет. Маданият дегендин синоними десек да болот. Коомдук, материалдык жана жан-дүйнөлүк маданияттын(антикалык, заманбап цивилизация) өнүгүү деңгээли, баскычы. Л. Морган жана Ф. Энгельстин ойлору боюнча, варвардыктан кийинки коомдук өнүгүүнүн баскычы.

Тарыхый булактар деп тарыхый күбөлөрү калган, жана коомдук жашоонун, адамдын реалдуу иш-аракеттеринин өткөн чактагы бардык калдыктары түшүндүрүлөт. Тарыхчынын ишиндеги тарыхый булактар, аларды алып чыгуу ыкмалары, сындоо жана колдонуу жөнүндөгү атайын илимий дисциплина - булак таануу деп аталат.

Мынакей достор "Тарых деген эмне" аттуу макалабыз ушундай, өзүңөр түшүнгөндөй эле бул суроого бир-эки сүйлөм менен оңой жооп берүү мүмкүн эмес, анткени тарых деген түшүнүк абдан татаал. Бирок кандай гана болбосун тарых сабагы эмнени окутат, тарых илими эмнени окутат жана башка ушул сыяктуу суроолорго тарых жонундо маалымат алдыңыз деп ишенебиз

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)