Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Тамак-аштагы азык заттардын жана энергиянын өлчөмүн аныктоо

Баш барак | Бала гигиенасы жана тамактануусу | Тамак-аштагы азык заттардын жана энергиянын өлчөмүн аныктоо

Сабактын жабдылышы: тамак-аштын курамын жана энергиялык баалуулугун баяндоочу таблица, калькулятор. Теориялык маалымат: Тамак-аштагы азык заттардын жана энергиянын өлчөмүн аныкташ үчүн окутуучу бир маселени алып ошонун негизинде окуучуларды санаганга үйрөтөт. Мисалы: эртең менен бала 50 г быштак, 1 жумуртка, 1 үзүм нан жана 1 стакан сүт ичти. Баланын организми канча белокко, углеводго, майга жана энергияга ээ болду? 5-таблица боюнча 100 г быштактан организмге 13,9 г белок, 18,2 г май жана 1 г углевод сиңет, 230 ккал энергия менен камсызданат. Ал эми бала быштакты 50 г жеген соң, бул көлөмдө азык заттардын жана энергиянын өлчөмү эки эсе аз, б. а. бала тамак аркылуу 6,95 г белокко, 9,1 г майга, 0,5 г углеводго жана 115 ккал энергияга ээ болду.

1 үзүм нандын орточо салмагы 50 г, анда да азык заттардын, энергиянын өлчөмү эки эсе аз (3,45 г белок, 0,2 г май, 22,6 г углевод, 113,5 ккал энергия). 1 стаканда 29 г сүт болсо, анда азык заттардын жана энергиянын өлчөмү эки эсе көп (6,2 г белок, 7 г май, 9,8 г углевод, 132 ккал энергия). Мындан башка бала дагы 1 жумуртка жеди, анын салмагы орточо эсеп менен 100 г. Анда 10,7 г белок, 10,3 г май, 0,5 г углевод жана 140 ккал энергия бар. Аягында желген, ичилген тамак-аштын белокторун, майларын, углеводдорун жана энергиянын өлчөмдөрүн бир бирине кошуп эртең мененки тамактагы азык заттардын жана энергиянын жалпы өлчөмү аныкталат.

Азыктын аталышы100г азыктын курамы100г азыктын энергиялык баалуулугу
Белок(г)Май(г)Углевод(г)
1.Кара нан5,50,639,3190
2.Буудай наны6,90,445,2217
3.Печенье7,410,365,1393
4.Кургатылган кесме9,30,575,3343
5.Кара ун8,71,266,5319
6.Буудай уну7,00,871,0327
7.Күрүч6,51,271,7332
8.Буурчак16,01,650,1286
9.Фасоль19,33,250,3316
10.Маш18,21,650,2296
11.Уйдун эти16,04,30,5108
12.Койдун эти12,724,2-278
13.Тооктун эти16,04,10,9108
14.Боор15,73,82,4109
15.Малдын тили13,414,4-189
16.Балык (судак)10,10,2-44
17.Сарымай-96,2-885
18.Жуулган май0,164,00,6787
19.Өсүмдүк майы-94,0-874
20.Уйдун сүтү3,13,54,966
21.Айран3,12,62,548
22.Быштак13,918,21,0230
23.Жумуртка10,710,10,5140
24.Картөшкө1,00,113,963
25.Капуста0,90,13,520
26.Кызылча1,30,18,139
27.Сабиз0,60,26,331
28.Пияз0,90,17,536
29.Бадыраң0,40,11,110
30.Помидор0,50,12,815
31.Ашкабак0,60,14,522
32.Туруп0,10,15,929
33.Жүгөрү7,10,974,1341
34.Кант--100410
35.Алма0,3-9,842
36.Өрүк0,4-7,733
37.Жүзүм0,6-12,353
38.Чие0,70,38,243
39.Бал1,0-75,9315
40.Варенье--54,2210
41.Шоколад4,418,657,1427

Жайгаштыруу: 2016-06-09, Көрүүлөр: 858, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-06-09, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу