Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Соко

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Соко

Байыркы соконун кандай болгонун эски сүрөттөрдөн көрүүгө болот. Соконун алдыңкы огуна жан жыгач бекитилет. Ошол жан жыгачка өгүз, ат, төө же эшек чегилет. Соконун алды жагында курч тиши бар. Анын арт жагында сокону башкаруучу бир же эки туткасы болот. Соконун тиши жерди терең тилүү үчүн, жер айдоочу адам тутканы колу менен бекем басып жүрөт. Адамзаттын улуу ойлоп табууларынын бири - соко.

Сокону ойлоп табуу адамзат коомунун бүткүл турмушун түп-тамырынан өзгөрткөн. Жерди кетмендегенге караганда, соко менен 20 эсе көп айдай турган болушту. Соко бүгүнкү күнгө чейин кызмат аткарып келет. Ырас, азыркы соко таптакыр башка, үч дөңгөлөктүн үстүнө болот рама орнотулат. Ал paмага бир нече: үч, беш, жети, тогуз ал тургай жыйырма тиштүү соколop бекитилет. Мына ушундай зор жана оор сокону кубаттуу трактор сүйрөйт.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 1786, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу