Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Словакия

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Словакия

Жеринин янты - 48845 чарчы/чакырым. Калкы - 5415000 адам. Мамлекеттин борбору - Братислава шаары, анын калкы 452 миң адам (2003). Өлкөнү президент башкарат. Мыйзам чыгаруучу жогорку органы - Улуттук кеңеш. Словакия Чыгыш Европада жайгашкан тоолуу өлкө. Аймагынын басымдуу бөлүгү Батыш Карпат тоолорунун четинде жайгашкан. Анда жалпы эле Карпат тоолорунун эң бийик бөлүгү - Бийик Татра тоолору орун алган.

Эң бийик жери - Герлаковски - Штит чокусу, анын деңиз деңгээлинен бийиктиги 2655 м. Климаты мелүүн континенттик. Абанын январдагы орточо температурасы түздүктөрдө -1 -3Сден, тоолордо -12Сге чейин, июлдуку түздүктөрдө 19 20 Сден, тоолордо 8Сге чейин. Жаан-чачындын жылдык орточо өлчөмү 500 -700 мм, тоолордо 1000 ммге чейин жаайт. Дарыялары негизинен Дунайдын алабына кирет. Дунай өлкөнүн түштүк-батыш чет-жакасы аркылуу агып өтөт.

Өлкөнүн аймагынын 1/3 бөлүгүнөн ашыгын токой ээлейт. Тоолордун түштүк капталдарында жазы жалбырактуу жана аралаш токой, түндүк капталдарында ийне жалбырактуу токой өсөт. Биздин замандын 1-миң жылдыгынын орто ченинде славяндар башкы этностук элемент болгон. 11-кылымда Словакия Венгр королдугуна бириккен. 16-кылымдын ортосунда Түштүк Словакияны Осмон империясы басып алып, калган аймагы Габсбургдар империясынын курамына кирген, 17-кылымда бүт Словакия аймагы ага кошулган.

18-кылымдын аягы - 19-кылымдын башында интеллигенция менен улуттук буржуазия жетектеген улуттук кыймыл жанданган. 1848-1849-жылдардагы революциянын мезгилинде улуттук кыймылдын ишмерлери буржуазиялык-демократиялык түзүлүш, улуттук тең укук үчүн күрөшкөн, бирок венгр өкмөтү алардын талабын четке каккан. 1867-жылы Словакия Австрия-Венгриянын венгр бөлүгүнө кошулган. 1918-жылы Австрия-Венгрия империясы кулаган соң Чехословакия республикасынын курамында. 1938-жылы күзүндө түштүк аймактары Венгрияга бириктирилип,1939-жылы мартта Германиянын коргоосундагы өзүнчө мамлекет деп жарыяланган. 1944-жылдагы Словак улуттук көтөрүлүшү Чехословакиядагы улуттук-демократиялык революциянын башталышы бошоткон. Словак жана чех жерлери Чехословакия республикасы болуп бириккен. 1992-жылы ноябрда Чехословакия федерациясынын жыйыны 1992-жылдан 31-декабрынан федерацияны жоюу тууралуу мыйзам кабыл алган.

Словакия индустриялуу-агрардык өлкө. Кара, түстүү металлургия, машина куруу, мунай иштетүү, химия, жыгач, текстиль, тамак-аш өнөр жайы өнүккөн. Ваг дарыясында ГЭС каскады иштейт. Негизги өнөр жай ишканалары Братислава жана Кошице шаарларында жайгашкан. Айыл чарбасында дыйканчылык, бак-дарак өстүрүү, жүзүмчүлүк, мал чарбасы өнүккөн. Темир жолунун узундугу 3.6 миң чакырым, автомобиль жолунуку 17.9 миң чакырым. Дунай аркылуу кеме каттайт, порттору: Братислава, Комарно. Экспортко машиналарды, нефтини кайра иштетүүчү, химия, жыгач иштетүү өнөр жай продукцияларын чыгарат.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 1813, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу