Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Сирия

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Сирия

Жеринин аянты 185180 чарчы/чакырым. Калкы - 16729000 адам. Бул мамлекет жакынкы чыгышта, Жер Ортолук деңизинин чыгыш жээгинде жайгашкан. Калкы негизинен - арабдар, ошондой эле бул жерде курддар, армяндар, ассириялыктар жана башка улуттар жашайт. Борбору - Дамаск дүйнөдөгү эң байыркы шаарлардын бири. Ал ири өнөр жай, соода жана маданий борбор да болуп эсептелет.

Сириянын аймагынын көпчүлүк бөлүгүн кургак талаа жана жарым чөлдөр ээлейт. Ички райондорунда талаалуу түздүктөр менен сууга бай түшүмдүү өрөндөр кезектешип алмашып турат. Өлкөнүн чыгышын Сирия чөлү ээлейт. Батышында бийик тоо кыркалары созулуп жатат. Өлкө айбанаттар дүйнөсүнө анча бай эмес. Бул жерде антилопа, чөө таргыл көк жал, талаа жылааны, кош аяк чычкандар жашайт. Сирияда байыртадан эле буудай, арпа, пахта, тамеки, мөмө-жемиш өстүрүлөт.

Тоолуу жерлерде жашагандар мал багышат. Жер түпкүрүнөн нефть, күкүрт, фосфат, таш туз жана башка пайдалуу кендер казылып алынат. Бул өлкөнүн өнүгүшүнө анын жылуу жана жумшак климаты, географиялык эзелки убактан бери эле ыңгайлуу абалы оңтойлуу шарт түзүп келген. Индияга деңиз жолу ачылганга чейин Сирия аркылуу Европа менен Азиянын ортосундагы соода кербен жолу өткөн. Байыркы убакта эле сириялык кол өнөрчүлөр айнектен, фарфордон, фаянсдан мыкты буюмдарды жасашкан. Дамаск болоту өзүнүн бышыктыгы менен дүйнө жүзүнө даңкы чыккан. Сириянын байлыгы эбактан эле чет элдик баскынчыларды: египет фараондорун, ассирия, вавилон, перс падышаларың, грек аскер башчыларын, рим императорлорун жана европалык рыцарларды кызыктырып келген. Биздин замандын 7-кылымында Сирияга Арабиядан арабдар келишкен.

Алар араб маданияты менен мусулман динин таратышып, өлкөнүн эли араб тилинде сүйлөй баштайт. 16-кылымдын башталышында Сирияны түрктөр басып алат, өлкө төрт жүз жыл түрктөрдүн эзүүсүндө калат. 1919-жылы Сирия Франциянын колониясына айланат. Сирия эли колуна курал алып, өздөрүнүн боштондугу үчүн күрөшкөн. 1943-жылы Сирия көз карандысыз мамлекет болуп жарыяланган. Бирок анын аймагында англис жана француз аскерлери кала берген.

1946-жылы 17-апрелде гана өлкөдөн эң акыркы чет элдик солдат кетирилет. Бул күн Сириянын улуттук майрамы болуп калган. 1956-1961-жылы Бириккен Араб Республикасына кирген. 1961-жылы анын курамынан бөлүнүп, Сирия Араб Республикасы болуп жарыяланган.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 5987, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу