Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Синоним, омоним жана антоним

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Синоним, омоним жана антоним

Синоним, омоним жана антоним жөнүндө маалымат алуу үчүн, өтө кыскача макала дайындадык. Толукталуучу жерлери болсо билдирип коюууну суранабыз.

Синоним деген эмне

Мааниси боюнча окшош, бирок айтылышы боюнча ар башка сөздөр. Мисалы: адам-кишим, үй-там, дос-жолдош, жаан-жамгыр, тез-бат, кооз-көркөм, сулуу-татынакай.

Омоним деген эмне

Айтылышы жана жазылышы бирдей, же болбосо окшош, бирок маанилери ар түрдүү болгон сөздөр. Мисалы:

Шар Суу шар агат. Кызыл шар.
Айт Айт майрамы. Жомок айт.
Жаз Сөз жаз. Жаз мезгили
Күн Күн тийди. Бүгүнкү күн.

Антоним деген эмне

Мааниси боюнча карама-каршы сөздөр антоним деп аталат. Мисалы: ысык-муздак, өйдө-ылдый, күн-түн, көп-аз, кошуу-кемитүү, бийик-жапыз, калың-жука, кеңири-тар.

Карама-каршы мааниси
Антоним деп аталат.
Бул сөздөрдү унутпай,
Үйрөнөлү кайталап.

Кичине-Чоң,
Эриген-Тоң.

Караңгы-Жарык,
Семиз-Арык.

Жакшы-Жаман,
Жер-Асман.

Тоголок-Сүйрү
Түз-Ийри.

Баатыр-Коркок,
Курч-Мокок.

Узун-Кыска,
Чоркок-Уста.

Жайгаштыруу: 2020-04-09, Көрүүлөр: 172239, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2020-04-09, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу