Сабакка психологиялык анализ берүү

Педагогикалык иш-аракет түрдүү формада өтүүсү мүмкүн, бирок, мугалим менен окуучунун биргелешкен иш-аракети өткөн, өзгөчө белгиленгени сабак болуп эсептелинет. Катышуучулар, өзгөчө мугалим, аркылуу окуу иш-аракетин аң-сезимдүү объективдештирүү ыкмаларьгаын бири бул сабакка анализ берүү. Сабакка анализ берүү көп эле методикалык иштерде белгиленген (Т. Ю. Андрющенко, Н. Ф. Добрынин, С. В. Иванов, Е. С. Ильинская, И. В. Карпов, Ю. Л. Львова, Л. Т. Охитина, Е. И. Пассов). Изилдөөчүлөр сабактын анализинде педагогикалык өз ара аракеттешүүлөрүндө, субъекттердин өзгөчөлүктөрүндө алардын иш-аракеттеринде көп кырдуу маанилүү жактарын белгилешет. Сабактын анализи педагогдун өзүнө көптөгөн пайда берет. Кандай гана сабакка анализ берилбесин, анын психологиялык, педагогикалык, методикалык жана предметтик аспектилери тыгыз байланышын эска алуу менен, комплекстүү кароо керек.

Сабакка анализ берүү сабакты өтүп жаткан мугалимдин өзүнүн өнүгүүсүнө, өзүн өзү таанып-билүүсүнө маанилүү болуп, бүтүндөй сабактын жүрүшүн жакшыртууга мүмкүндүк түзөт. Мындай анализдин негизинде мугалим сабагын аңдап билүүгө, ар бир компонентин өз алдынча баалоого мүмкүндүк алат. Сабакка психологиялык анализ берүү менен мугалим өзүнүн теориялык билиминин негизинде окутууда колдонгон ыкмаларын, ыктарын жана класс менен болгон байланыштарын маани берүүменен түшүнө алат. Өзүн педагогикалык иш-аракеттин субьектиси катары, өзүнүн жүрүм-турумун, алдуу жана алсыз жактарын аңдап билүүсү бул мугалимдин предметтик-инсандык рефлексиясынын жана проективдик-рефлексиялык жөндөмдүүлүктөрүнүн өтүшү жана натыйжасы. Сабакка психологиялык анализ берүүнүн предмети көп кырдуу: бул мугалимдин психологиялык өзгөчөлүктөрү башкача айтканда анын конкретүү сабактагы инсандык өзгөчөлүктөрү, иш-аракетинин журүшү, окутуу процессинин мыйзам ченемдүүлүктөрү; окуучунун психологиялык өзгөчөлүктөрү жана инсандык мыйзам ченемдүүлүктөрү, жалпы класстын өзгөчөлүктөрү, башкача айтканда кандайдыр бир билимдерди өздөштүрүүлөрү, билүүлөрдүн жана ыктардын калыптануусу.

Сабакка анализ берүү мугалимдин аналитикалык жөндөмдүүлүктөрүн, проективдик ыктарын калыптандырат, ошондой эле таанып-билүүчүлүк кызыгууларын өркүндөтөт, окутуу менен тарбиялоонун психологиялык проблемаларын өз алдынча окуп үйрөнүүнүн зарылдыгын аныктайт. Сабакка психологиялык анализ берүү, ой процесстеринин бири катары, анализдин теориялык аныктамаларына негизделүү менен мүнөздөлөт. С. Л. Рубинштейн боюнча, анализ бул затты, жагдайды, кубулушту ойлоо менен бөлүктөргө бөлүп, анын элементтерин, бөлүктөрүн, жактарын аныктоо. Сабакка толук анализ берүүбул синтездөө аркылуу анализдөө, башкача айтканда синтез, анализ менен белгиленген элементтердин маанилүү байланыштарын жана таасирлерин ачып, бөлүнгөн бүтүндүктү калыбына келтирет.

Сабак учурунда мугалим ар бир окуучу, берип жаткан материал, бүтүндөй класс менен көп кырдуу байланыштарга катышат. Кандайдыр бир байланыштарды түзүү менен мугалим окуучу үчүн жаңы сапаттарда жана касиеттерде белгиленет: жаңы маалыматты берген учурда мугалим катары; коммуникативдик жагдайларды, баарлашуу жагдайларын уюштурганда, кызыктуу маектешүүчү катары; окуучулар менен маселелерди чечип жатканда, изилдөөчү катары; ырларды, текстти жатка окуп жатканда, аткаруучу катары аныкталат. Негизинен сабакка анализжалпы психологиялык позиция менен өткөзүлөт. Ошондуктан Л. Т. Охитина берген сабакты талкуулоону карасак болот.1. Сабактын өтүлүүсү жөн гана сабакты өтүп коюу эмес жана жөн гана программа аныктаган суроолорду чечмелөө эмес, мында сабактын негизинде окуучунун инсандык өзгөчөлүктөрүнө таасир этүү жана берилүүчү материалдын негизинде балдардын кандайдыр бир интеллектуалдык, моралдык, эрктик жана башка инсандык сапаттарын калыптандыруу ишке ашат. Сабак учурунда интеллект аркылуу сезимдерге жана сезимдер аркылуу интеллектке таасир этүүнү билүү зарыл.

Окутуу процесси окуучунун интеллектуалдык сферасьша гана өзгөртүү киргизбестен, анын толук психикалык өнүгүүсүн өзгөртөт. Окуучунун инсандык түзүлүшүнө өзгөртүү киргизбеген окутуу өнүктүрүүчү боло албайт.2. Окуучунун инсандык түзүлүшүндө, окуучу ички өздүк түрткүнүн негизинде аракеттенсе, өзгөрүүлөр болот. Зордук менен өздөштүрүлгөн кыймыл-аракеттер шарттын алмашуусу менен бузулат. Ошондуктан окуучунун таанып-билүүчүлүк активдүүлүктөрүн жана кызыгууларын стимулдап, мүмкүнчүлүгү жетбеген тапшырмаларды аткарбаб калгандыгы үчүн жазалабастан, окуучунун ички мотивдерин козгоочу иш-аракеттерди уюштуруу зарыл.3. Тарбиялоочу окутууну толугу менен сабактын тарбиялык учуру деп айтууга болбойт.

Сабактын ар бир элементи маңызы боюнча окуучуну тарбиялоочу болуусу керек. Тарбиялоочу каражаттарды, формаларды жана методдорду координациялоочу борбор болуп конкреттүү тарбиялык максат эсептелинет.4. Кандай гана сабак болбосун борбордук компоненти бул окуучунун таанып-билүүчүлү иш-аракетин уюштуруу. Таанып-билүү процесстердин баштоочулары болуп ойлом жана элес эсептелинет. Аналитикалык-синтетикалык иш-аракеттин негизинде, аталган процесстер аркылуу билимдердин жана интеллектуалдык ыкмалардын калыптануусу, проблемалуу суроолорду изилдөө жана маселелерди чыгармачыл чечмелөө ишке ашат.

Ойлом менен элестин эффективдүү иштөөсүнүн зарыл шарттары болуп, окуучулардын кабыл алуусун жана эс тутумун туура уюштуруу, белгилүү багыттарды жаратуу жана көнүл бурууну уюштуруу эсептелинет.5. Окутуунун жетишкендиктери сырткы факторлорго гана көз каранды эмес, башкача айтканда сабактын мазмуну, мугалимдин окутуу методикаларынын жана чеберчиликтеринин өркүндөөсү ж. б. , ошондой эле ички шарттарга да көз каранды, башкача айтканда окуучунун индивидуалдык психологиялык өзгөчүктөрү. Сабактын жогорудай трактовкаланышы толугу менен окутуунун өнүктүрүүчү принцибин гана чагылдырбастан, анын проблемалуулугун, мотивдештирилгендигин жана окуучунун индивидуалдык өзгөчөлүктөрүн эске алуу зарылдыгын белгилейт.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)