Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Резюме кыргызча

Резюме кыргызча

"Резюме кыргызча" кантип жазуу керек? келгиле үйрөнүп алалы. Даяр формасы менен кошо берилет. Резюмени кантип туура жазуу керек? деген суроого жооп алуудан мурда резюме деген эмне экенин билип алуу жакшы, жок дегенде үлгүсүн бир жолу карап коелу. Жакшы резюме жазууну үйрөнгөн соң жумушка орношуу мүмкүндүгү албетте көбүрөөк болот. Резюменин үч тилдеги (кырг, орус, англ) үлгүсү (word форматында) макаланын аягында берилет.

Резюме деген эмне

Резюме бул европа жана америкалыктардын тажрыйбасынан алынган жумушка орношуу салты десек да болот. Жумуш издеп жатканда резюмени биринчилерден болуп жазуу керек. Резюме бул эмгек рыногундагы өзүңүздү жарнамалоочу кагаз десек да болот. Д. Н. Ушаковдун түшүндүрмө сөздүгүндө резюме төмөнкүдөй баяндалат: Резюме - бул айтылган, жазылган жана окулган нерселердин негизги абалдарын кыскача түшүндүрүлүшү, бир нерсе түшүндүңөрбү? ооба мен дагы :) Келгиле түшүнүктүүрөөк кылып айтып берели.

Резюмени кантип жазуу керек

Жумуш издөөдө жазылуучу резюме - бул эмгек рыногунда адамды конкурентүү кыла турган мүмкүнчүлүктөрүнүн баяндалышы. Ал адистен талап кылынуучу негизги үч сапатты чагылдырышы керек: билимдүүлүгү, өндүрүмдүүлүгү жана мүмкүнчүлүктөрүнүн чексиздиги. Кээ бир учурларда резюме жазууда CV деген абревиатураны кездештирүү болот ал латын тилинен алынган Curriculum Vitae деген сөздү түшүндүрөт, түз которулушу "жашоо баяндалышы" же "жашоонун жүрүшү" деп ал чыгармачыл адамдардын резюмесин туюндурат. Мындай резюмеде эмгектин натыйжалары көрсөтүлүп, иштеген жерлери жазылбайт. Резюме жазуунун стили көп учурда конкреттүү бир жумуш ордуна ээ болууга багытталган. Ал эми CV резюмеси адамдын карьера жолундагы майда-чүйдөлөрүн да камтыйт. Биздин замандын контекстинде CV деген документ жумуш издөөчүнүн профессионалдык жашоосун гана баяндабастан, аңгемелешүүгө (собеседование) чакыруучу себеп десек болот. Мындай резюмеде жумуш издөөчү жана жумуш берүүчү үчүн дагы жакшы нерселер жазылат. Жумуш издөөчү үчүн бул - өзүн пайдалуу жактан көрсөтүүчү идеалдуу ыкма, ал эми жумуш берүүчү үчүн бул - жарактуу же жараксыз кандидаттарды тандоонун ыкмасы.

Резюме жазууда кандай кылыш керек же резюменин максаттары

Резюменин максаттары - жумуш берүүчү менен таанышуудагы өзүңүзгө көңүл буруунун биринчи шарты, жумуш берүүчүгө оң таасир калтыруу жана сизди аңгемелешүүгө түрткү кылуу. Бул жактан резюме жазуунун негизги ыкмасы келип чыгат, алар: бардык жакшы нерселерди баса белгилөө жана сиздин колунуздан келбегендерди болушунча байкалбас кылып жазуу.

Резюме максаттары:

Көп учурда кадр маселелерин персонал менеджерлери, катчылар, офис-менеджерлер, бөлүм башчылары, ал гана эмес бухгалтерлер да карайт. Ошондуктан ар бир адамдын резюмеге болгон көз карашы ар кандай, эгер резюмени карай турган адам ким экенин билсениз дал ошол адамга жага тургандай кылып жазуу керек. Тактыктуу жактарынызды белгилеп жазгыла, кемчиликтерди болсо эбин таап жашырганга аракет кылуу керек. Силер ойлоп жатсаныз керек "Мен кемчиликтерди резюмеге жазбаймын" - деп. Резюмени окуп жаткан адам кемчиликтерди жалаң мактап жазган резюмеден дагы табат, өзү эле айтып тургандай өтө мактануу бул дагы кемчилик. Мындай мисалдар абдан көп, кээ бир адамдар туулган жылынызды, күнүңүздү карап, жаш экен, же гороскоп белгиси мындай экен деп дагы резюмени карабай коёт.

Эгер аңгемелешүүгө чакырууну албай калсаныз, демек, жазылган резюме кандайдыр бир себептер менен жумуш берүүчүгө жакпай калган. Өзгөчө Кыргызстанда кооздоп, сүрөтүн чаптап, шумдуктуудай терминдер менен жазылган резюмелерди жактыргандар көп. Шартка ылайык резюмени 2-3 мүнөт эле окушат. Дал ушул себепке ылайык резюме жазууда "стардарттык резюме" колдонулат. Көпчүлүк жумуш берүүчүлөрдүн ою боюнча, резюме болушунча маалыматка толук жана ошол эле убакта кыска-нуска болушу керек. Эң башкысы резюмеде колунуздан келбей турган ишти колумдан келет деп жазбагыла. Кичине башкачараак формасында жазуу жакшы, мисалы, анча чоң эмес тажрыйбам бар же тез үйрөнүү мүмкүнчүлүгүм бар дегендей.

Резюмелердин түрлөрү

Формасы боюнча резюмелер профессионалдык (универсалдуу), хронологиялык, функционалдык, хронология-функционалдык, максаттуу жана академиялык деп бөлүнөт. Эми биздин макала калктын калың катмарына арналганына байланыштуу универсалдуу резюме жазуунун ыкмаларын гана айтып берели, калгандары менен башты оорутпай. Жумушка орношуп жатканда ансыз деле баш маң болот эмеспи, компьютердик кызмат көрсөтүүчү жайларга жаздырууда да абайлаш керек, алардын көбүнчөсү резюмени кантип жазат? Албетте, тез-тезден чампалап сиздин акчанызды алуу керек. Ошондуктан өзүңүз жазганга жетпейт, биз болсо буга жардам беребиз.

Кыргызча резюме жазуу

Резюме — официалдуу документ болгондуктан, анын жазуу эрежелери иш кагаздарын жүргүзүү жетекчилиги менен регламенттерлген, бирок аны бардыгы эле колдоно бербейт.

Резюмнин көлөмү жана жасалгалоонун талаптары

"Резюме кыргызча" жумушка орношпосонуз деле жазып коюуу жакшы, кийин зарыл болгондо кайра башынан жазбастан оңдой коюуу оңой болот. Бир нече түрүн жазып коюуу жакшы, жеке колго берүүчү, факс менен жөнөтүүчү, интернет аркылуу жөнөтүүчү деп. Албетте тексти бирдей болуусу шарт. Жасалгалоосу гана башкача болушу мүмкүн, жакшы сүрөт резюмени көркөм кылат, бирок сүрөтү бар резюмени факс менен жөнөткөндө сүрөтүңүз начар болуп калат, ошондуктан факс менен жөнөтсөңүз сүрөт кошпой койсонуз жакшыраак. Эми ар кимдин иши албетте.

Биринчи эреже. Ооба кыргызча резюме жазуу оңой эмес, бирок резюменин көлөмү А4 форматындагы кагаздын 1 же 2 барагынан ашпашы керек. Жана негизги маалыматтар барактын биринчи бетинде жайгашуусу абзель. Резюменин шрифти баарына тааныш болгон Times New Roman, Arial же Colibri, шрифттин өлчөмү стардарт боюнча 12 бирок окууга оңой 12-14-16 болсо деле болот. Эгер жазылган резюменин көлөмү бир баракка толбой калса, шрифтин кичине чоңойтуп, чоюп койсо болот, өтө далдайып кетпесин абайланыз. Жасалгалоо так (строгий) стилде болуусу жакшы. Ар кандай боёкторду, түстөрдү колдонуп мактануунун да кереги жок, резюме бул документ, эгер түстүү кылгыныз келип жатса 2 гана түс колдонуу туура болот (кара, экинчиси каалган кара түс менен келишүүчү түс).

Резюме түзүүдө төмөнкүдөй разметка жасап койсонуз, ашык болбойт, анткени, майда-чүйдөсүнө чейин сын-пикир жасаган адамдар болот: кагаздын өйдөңкү жагы 2см кемтик, оң жагы 2см, төмөкү жагы 2см, сол жагы 2,5см кемтик. 10 өлчөмдөгү шрифт колдонбой эле койсо жакшы. Ак түстөгү кагазды гана колдонуу болот. Мекеме нормаларынан чыкпаныз, жана стандарттык түрдө жазсаныз түшүнүктүү болот, эгер чыгармачыл мүнөздө жазсаныз мындай резюмелер каралбай эле кала берет.

Резюмеге сүрөт

Иш кагаздарын жүргүзүүнүн классикалык мыйзамдары боюнча, сүрөт орточо паспорттукундай болуусу шарт. Сүрөт түстүү жана так болсо жакшы, карап жаткан адам дароо кандай экенинизди билиши керек, эгер ар кандай фотошоп программаларын колдонуп беттеги тактарды тазалатып койсонуз, ал алдамчылык болуп калат, ошондуктан абайланыз, эгер беттеги тактар же тырыктар, анча билинбесе фотошоп жасатсаныз болот, антпесе болгонун болгондой калтыруу жакшы, же таптакыр сурот койбой эле койгула. Сүрөттү өзүнчө чыгарып анан резюмеге чаптап койгон жакшы. Албетте, шляпа, кара көз айнек тагынып алып сүрөткө түшүү көп жакшы эмес экенин өзүңүз деле билет болушунуз керек. Көпчүлүк жумушчулар тышкы кебетенизге карап тыянак чыгарат, ошондуктан тыкан, таза, чачтарынызды жакшынакай кылып, кабак-башты бүркөбөй түшүү өзүңүзгө эле плюс болот.

Ашыкча акылдуу болбогула, мактанбагыла, "обшительная, дружелюбная, стрессоустойчивая, коммуникабельная, пунктуальная, порядочная, умение работать в команде" жана башка ушул сыяктуу сөздөрдү башкачараак кылып жазганга аракет кылгыла, анткени бул сөздөрдү бардыгы колдонуп жатып, жумуш берүүчү мындайды көргөндө "Аа дагы бир жерге жаздырып келген тура, баягы эле кино" - деп карабай да коюшу мүмкүн.

Резюме жазуунун стили төмөнкүдөй талаптарга жооп бериши керек:

Төмөнкү шилтемеден резюменин үч тилдеги (кыргызча, орусча, англисче) үлгүсүн көчүрүп алсаңыз болот.

КЫРГЫЗЧА, ОРУСЧА, АНГЛИСЧЕ ҮЛГҮСҮ

Дагы караңыз

Жайгаштыруу: 2018-06-29, Көрүүлөр: 76845, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2023-12-04
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо