Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Кантип акча тапса болот

Баш барак | Пайдалуу кенештер | Кантип акча тапса болот
Са
лам достор, бүгүнкү темабыз "кантип акча тапса болот" деген суроонун айланасында болмокчу. Акчаң болсо кандай сонун, каалаган нерсеңди сатып аласың дегендей, бирок аны кайдан табуу керек?

Акча табуунун жолдору:
1.Жеке ишкерлик жөнүндө
2.Ишке орношуп иштөө
3.Кызмат сунуштоо
4.Товар же продукт өндүрүү
5.Карызга же кредит алуу
6.Бир күндүк жумуш
7.Кайыр суроо
8.Жакшы көргөн ишти табуу
9.Интернеттен акча табуу
10.Кортунду

Жеке ишкерлик жөнүндө
Акча табуу үчүн кандай гана иш-аракет кылбаңыз барыбир акыр аягы жеке ишкер болуп салык инспекцичсына катталуу зарыл болот. Эгер Сиздин максатыңыз күнүмдүк жана ар кайсы жаатта иштеп акча табуу болсо, анда катталуунун анча зарылдыгы жок. Кантип жеке ишкер болуу жөнүндө салык инспекциясынын сайтынан маалымат окуп койсоңуз ашыкча болбойт. Төмөндө биз жаза турган акча табуунун жолдорунун бардыгы тигил же бул жаатта болсо да, барыбир жеке ишкерликке тиешелүү десек ашык болбос.

Ишке орношуп иштөө
Кандай гана баналдуу болбосун ишке орношуп иштөө бул акча табуунун белгилүү ыкмасы. Ал үчүн диплом болуш керек, жок, калп айтабыз, ишти жакшы билсеңиз дипломдун кереги жок. Демек, акча табуунун биринчи ыкмасы ишке орношуу. Ишке орношуу үчүн эмне кылыш керек? албетте, резюме жазып мекеме-ишканаларга таштап коюйуу керек. Бирок, бир гана резэмеге ишенип жата берүү дагы болбойт. Эмнеси болсо дагы ишке орношууга аракет кылыныз, ошондо акча табуу маселеси жоюлат.

Кызмат сунуштоо
Эгер колуңуздан кайсы бир ишти жакшы жасасаңыз же деги эле бир нерсе жасаганды билсеңиз, анда өз кызматыңызды элге, ишканаларга же жеке ишкерлерген сунуштасаңыз болот. Кызмат сунуштоонун түрлөрү көп, бир нерсе жасап берүү, бир нерсени жеткирип берүү, бир нерсени карап берүү, ырдап берүү, сүйлөп берүү дегендей. Бул жаатта Сиздин колунуздан келе турган иш-менен гана чектелет.

Товар же продукт өндүрүү
Бул тармак баарына белгилүү болсо керек. Сиз бир нерсе жасайсыз жана аны сатасыз. Мисалы: жакшы торт жасайсыз, аны сатасыз же жакшы чокой жасайсыз аны сатасыз. Көп өлчөмдө жана сапаттуу жасасаңыз Сиздин товарларды сатуучулар өзүлөрү эле алып кетишет. Албетте товар же проддукт өндүрүүдө ар кандай сертификат алып, жеке ишкер катары катталуу зарыл. Бирок бул башка тема, бул макалада биз акча табуунун жолдорун гана карап жатабыз.

Карызга же кредит алуу
Аябай акча зарыл болуп жатса бирөөнөн карызга же кредитке акча алсаңыз болот. Карызга акча алгандын жакшы жагы анын пайызы жок. Жаман жери карыз берген адам каалаган убакта акчасын сурай берет. Анын үстүнө алган акчаны барыбир кайтарып берүү керек. Кредит болсо кичине башкачараак кредит алсаныз үстүнө кошумча акча кошуп бересиз, башкача айтканда пайыздык үстөк, кээ бир убакта бул пайыз алган акчаныздан 2-3 эсе чоң болуп кетиши мүмкүн, анын үстүнө өз убагында төлөбөсөңүз пайызы өсөт, үй же машинаңыздан айрылып калууңуз мүмкүн. "Кантип акча тапса болот" деген суроого бул жакшы жооп боло бербейт.

Бир күндүк жумуш
Бул тез акча табуунун эң жакшы жолу, бирок мунун дагы өзүнүн жаман жактары бар. Бул кандай жумуш, бирөөнүн жерине барып иштеп берүү, бирөөнүн үйүнө барып иштеп берүү жана башка ушул сыяктуу иштер. Жаман жагы жумуш туруксуз, бир күнү болот, бир күнү болбойт. Биржа труда дегендей.

Кайыр суроо
Таптакыр эле акчага муктаж болсонор кайыр суроого туура келет, бирок эми кудай андайды бербесин. Ошондой болсо бул ыкманы акча табуунун бирден-бир жолу деп жазып койдук.

Жакшы көргөн ишти табуу
Эң майлуу-сүттүүсүн аягына калтырдык. Бул ыкма эң пайдалуу, эң натыйжалуу ыкмалардын бири. Бир караганда андай сезилбеши мүмкүн бирок бул чындыгында эң жакшы ыкма. Эгер акчаны көп жана ден-соолукка зыян келтирбестен табууну кааласаныз жакшы көргөн ишинизди жасаныз, акча болсо өзү эле келет. Албетте, жакшы көргөн ишинизди бекер жасабай иштесениз, бирок бекер жасасаныз деле келет. Бул аныкталган, көп жылдык адамдардын тажрыйбасынан алынган чындык

Интернеттен акча табуу
Эми бул тема менен бардыгыбыз болбосо дагы көпчүлүгүбүз тааныш болсок керек. Ооба, интернеттен акча тапса болот, бирок ал үчүн жок дегенде бир жылдык кылдат анализ жана билим алуу зарыл. Ал эми интернетте кантип акча табуу керек деген суроого жакынкы арада макала жазууга аракет кылабыз.

Кортунду
Бул макалада биз "кантип акча тапса болот" деген темада акча табуунун бир нече жолдорун гана жазып өттүк. Кичине болсо дагы сизге пайдалуу маалымат бердик деген үмүттөбүз. Кошумча: Кыргыз сому, Акча деген эмне
Жайгаштыруу: 2017-09-04, Көрүүлөр: 5888, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-09-19
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо