Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Рентген нуру

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Рентген нуру

"Рентген нуру" 1895-жылы немец окумуштуусу В. Рентген (1845-1923) тарабынан ачылган. Жаратылышы белгилүү болгонго чейин алар Х-нуру деп аталчу. Рентген нуру рентген түтүкчөсүндө алынат. Рентген түтүкчөсү ичинен абасы сордурулган айнек баллонунан турат.

Түтүкчөнүн ичинде спираль түрүндөгү кызытма катод жана анын каршысында кыйгач беттүү анод жайгашат. Катод менен аноддун ортосуна бир нече киловольт чыналуу берилет. Ток менен кызытылган катоддон (спираль) бөлүнүп чыккан электрондор чон ылдамдык менен аноддго тартылып барып урунушу менен, башкача айтканда кескин тормоздолушу менен, электр-магниттик нурланууну пайда кылат.

Ал рентген нуру деп аталат. Рентген нуру ультракызгылт-көк нурларга караганда кыска толкундуу нурлар болушат. Рентген нурунун толкун узундуктары 108-1010 см интервалында жатат. Тормоздук рентген нуру деп аталган бул нурдун толкун узундугу берилген чыналууга көз каранды. Мүмкүн болгон төмөнкү чыналууларда алынган рентген нуру жумшак рентген нуру деп аталат.

Медицинада ушундай жумшак рентген нуру пайдаланылат. "Рентген нуру" да фотондук түзүлүштө болот. Рентген нуру көзгө көрүнбөгөн кыска толкундуу нур болгондуктан, анын кадимки нурлардан көп айырмачылыгы бар. Рентген нуру заттын бөлүкчөлөрүн иондоштурат, фотопластинкага таасир этип, аны карартат. Анча калын эмес жыгач тактайдан жана темир пластинкасынан өтүп кете алат.

Тирүү организмдерге зыяндуу таасир этип, клеткалардын бузулушуна алып келет. Ушул себептен денебизди рентген нуру менен көрүү кыска убакытка гана созулат. Жылына мүмкүн болушунча аз көрүнүү сунуш кылынат. Рентген нуру үчүн биздин денебиздин жумшак эти дээрлик тоскоол боло албайт. Бирок ал сөөктөр аркылуу жакшы өтө албагандыктан негативде сөөктөрдүн орду карарып көрүнөт. Мындай сүрөттөр аркылуу сыныктарды же муундардагы жылышууларды байкоого болот.

Рентген нурун кристаллдык катуу нерсенин ички түзүлүштөрүн изилдөөгө колдонуу менен көп баалуу маалыматтарды алууга болот. Мындай изилдөөлөр кристаллдардын ички атомдук түзүлүшүн аныктоо менен алардын бир катар механикалык касиеттерин да билүүгө көмөк берет. Вилгельм Рентгендин Германиянын Вюрзбург шаарындагы музейинде адепки рентген нуру алынган биринчи түтүкчөсү сакталып турат.

"Рентген нуру" жөнүндө болгон макалабыз аз да болсо пайдалуу маалымат алып келди деген ойдобуз. Пикирлер же кошумчалар болсо тартынбай жазгыла. Сөзсүз жооп беребиз.

Жайгаштыруу: 2017-11-16, Көрүүлөр: 9991, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2018-04-19, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу