Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Призма жана цилиндр

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Призма жана цилиндр

Үйдөбү же көчөдөбү биз цилиндр түрүндөгү нерселерди көп көрөбүз, бирок аны көп байкабайбыз. Чептин мунарасы, бийик мору, мамы, цистерна, устун, лыжанын таягы, бидон, таразанын ташы (гиря), пробирка, барабан жана тыйын - ушулардын баары цилиндрге аздыр-көптүр окшошот. Ал тургай эркектердин шляпалары да бир мезгилде цилиндр сыяктуу болгон, ошондуктан ал цилиндр деп аталган. Ичинде цилиндрдик поршень ары-бери кыймылдоочу цилиндрдик камера да цилиндр деп аталат. Цилиндрдин формасы жөнүндө толук түшүнүк алуу үчүн чоң же кичине, жалпак же ичке - ар кыл консерва банкаларын карап көрсөк жетиштүү. Ар бир цилиндрдин капталы (боору) жана бири бирине параллель эки түбү (негизи) бар. Эки негизи тең бирдей тегерек болот. Бул тегеректерди дал ортосунан тешип бириктирсе, цилиндрдин өзөгү (огу) пайда болот. Цилиндрдин капталындагы бардык чекиттер өзөктөн бирдей аралыкта жайгашкан: цилиндрдин баш-аягы бирдей. Ал ушунусу менен конустан айырмаланат.

Буга чейин биз тик цилиндр жөнүндө кичине сөз кылдык эле. Анын капталы негиздерине перпендикулярдуу, башкача айтканда тик бурч менен түшөт. Ал эми Италиянын Пиза шаарындагы атактуу жантайыңкы мунара жантык цилиндрге окшош. Жантык цилиндрди өзүңөр жасасаңар болот. Жумуру таякты эки жагын тең жантык таарысаңар эле ал даяр. Болгону эки негизинин параллель болушуна көз салгыла. Цилиндрди оңой эле призмага айландырууга болот. Түз же жантык цилиндрге окшогон кыска устунчанын жумуру капталын өзөгүнө параллель болгудай кылып балта менен чаап түшүргүлө. Үч жолу чапсаңар, үч капталдуу, төрт жолу чапсаңар, төрт капталдуу призма алынат.

Деги эле призманын капталдары өтө көп болушу мүмкүн. Алардын баары параллелограммалар, анткени карама-каршы жактары бири бирине параллель.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 3898, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу