Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Пирамида жана конус

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Пирамида жана конус

Айланта дубал менен курчалган орто кылым сепилин элестетип көргүлөчү. Сепилди калың дубал курчап, анын ар кайсы жеринде жумуру мунаралар сороёт. Мунаралардын конус сымал чатыры көмкөрүлгөн куйгучка окшойт. Мына төрт кырдуу мунара, анын чатыры төрт капталдуу пирамида сыяктанат. Алыстан чиркөөнүн чокулары көрүнөт. Бири жумуру конус формасында, экинчиси алты кыры болгондуктан - алты капталдуу пирамида түрүндө. Эми сепилдин дубалындагы күзөтчү жоокерлерди элестеткиле. Алар төрт кырдуу рапира, үч кырдуу шпага менен куралданган (булар кылычтын түрлөрү).

Алардын мизи чоюлган пирамидага окшойт. Сепилге жакын токой четинде конус сымал балатылар өсүп турат. Ошол жерде сепилди камалаган аскерлердин лагери жайгашкан. Мына бул конуска окшогон сүйрү алачыктар жоокерлердики. Токой жакта чоң чатырлар тигилген: ортосу узун мамыга бекитилип, төрт тарабы төрт казыкка кере тартылган. Алар айтылуу Египет пирамидаларынын ондогон эсе кичирейтилген көчүрмөсү сыяктанат. Сепилге жакын камалоо мунараларынын пирамидалары турат, алар кичирейтилген азыркы телемунарага окшойт.

Лагердин ортосунда байкоо мунарасынын үч капталдуу пирамидасы турат. Уруштун башталышын күтпөй эле коёлу. Бизди пирамидалар менен конустар гана кызыктырат. Ошондуктан баарынан жакшысы - кагаз, кайчы, желим алалы да, бир нече конус, пирамида жасайлы. Конусту жасоо абдан оңой. Кагазга айлана, эки радиус сызгыла. Айлананы кесип алгандан кийин андагы радиустардын ортосун кыркып салгыла.

Калган бөлүгүн кайрып ороп калпакча жасагыла. Анын ачык жагына өлчөп тегерек кагаз чаптагыла. Ошентип конус даяр! Пирамиданы да калпакчадан жасоого болот. Калпакчаны жабыштыруудан мурун айланага дагы төрт радиус сызгыла. Калпакчаны желимдеп жабыштырып, ошол радиус сызыктары боюнча бүктөп кыр чыгаргыла. Эми калпакчанын капталы жумуру болбостон төрт үч бурчтук болуп калат. Ачык жагына төрт бурчтук кагаз чаптагыла.

Ушундан кийин төрт капталдуу пирамида даяр болот. Ал эми үч же беш, капталдуу пирамиданы кантип жасоону өзүңөр ойлонгула.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 1016, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу