Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Педагогикалык таасирлердин психологиясы

Педагогикалык таасир бул тарбиялануучунун психологиялык мүнөзүнүн позитивдүү өзгөрүүсүнө жеткизүү максатта болгон, педагогдун өзгөчө иш-аракети. Педагогикалык эффективдүү таасирлердин технологиясы сөзсүз түрдө психологиялык теорияларга негизделгени оң. Педагогикалык таасирлердин негизинде болгон, психикалык мыйзам ченемдүүлүктөрдү изилдөө актуалдуулугу дайыма белгиленет, анткени баланын психикасына психологиялык сабаттуу таасир берүү, аталган мыйзам ченемдүүлүктөрдүн өзгөчөлүктөрүнө негизделген. Бирок ошентсе да дүйнөлүк психология илиминде психологиялык-педагогикалык таасирлердин маселелерин чечүү жетишсиз. Г. А. Ковалев психологиялык таасир жөнүндө түшүнүк берүү менен аны изилдөө жолдорун белгилөө аракети кызыгууну жаратат. Г. А. Ковалев "психологялык мейкиндик" жана "психологиялык убакыт" категорияларын илимий анализдин бирдиги катары кароону сунуштаган.



Психологиялык мейкиндик бул айрым учурай турган деңгээлдеги, конкреттүү адамга тиешелүү болгон, психикалык элестөө. Психологиялык мейкиндикти түрдүү авторлор түрдүү сүрөттөшөт: дүйнөнүн образы катары, квазимейкиндик, мамилешүүнүн системасы, семантикалык мейкиндик. ГАКовалевдун көз карашы боюнча, психологиялык убакыттын категориясы, илимий иштин эң башкы баскычында турат. Убакыт психологиялык түшүнүк катары, адамдын психикалык уюшкандыгында түрдүү системалардын аракеттенүүсүнө таасир эткен, ошондой эле адамдын өз жашоо жолундагы окуяларды баалоосун аныктаган, психикадагы динамикалык параметрлердин жана мамилелердин системаларын чагылдыруу өзгөчөлүктөрүн баяндоо үчүн керек.



Индивидуалдык-инсандыкмаанидепсихологиялыкубакыт бул, окуяларды актуалдуу кабыл алуунун маанилүүлүк даражасына жана аларга эмоционалдык мамиленин мүнөзүнө таасир этүүчү, субъективдуү маанидеги мейкиндикте белгиленген, индивид үчүн маанилүү болгон, тышкы дүйнө менен окуялык байланыштагы башынан өткөнтажрыйба. Психологиялыкубакыттын категориясы "эмоционалдык абал" түшүнүгү менен ачып көрсөтүүгө болот. Психологиялык таасирлер психологиялык мейкиндиктин жана психологиялык убакыттын функциясы катары аныкталат. Кандай гана психологиялык таасир болбосун анын максаты бул индивиддин субъективдүү барьерлерди жана коргонууларды туруктуулук менен жеңип чыгуу, анын психологиялык мүнөзүн же жүрүм-турум моделдерин туура болгон багытта кайра түзөп чыгуу. Психологиялык таасирлердин үч парадигмасы жана ага тиешелүү болгон таасирлердин үч стратегиясы бар. Биринчи стратегия.



Императивдик таасир берүү стратегиясы. Анын негизги функциялары: адамдын багыттарынын жана жүрүмтурумун контролдоосунун функциясы, аларды бышыктоо жана тиешелүү жолго багыттоо, таасир берүүчү объектиге карай кыстоо. Бул стратегияны педагогикалык практикада пайдалануу көп ыңгайсыздыктарды жаратат. Бул психологиялыктаасир, актуалдуу ал-абалды жана башка адамдын мамилесин эсепке албагандыктан терс натыйжага алып келүүсү мүмкүн. Экинчи стратегия.



Манипулятивдик-психологиялык чагылдыруунун механизмдерине кирүүгө жана таасир берүү максатында билимдерди пайдаланууга негизделип ишке ашат. Мындай стратегияны коомдук ойду калыптандыруу үчүн пайдаланган жакшы натыйжа берет. Үчүнчү стратегия. Өнүктүрүүчү стратегия.



Бул стратегияны ишке ашыруудагы психологиялык шарт диалог болуп эсептелинет. Анын нагиз болгон принциптери баарлашуудагы партнерлордун эмоционалдык жана инсандык ачыктыгы, бири-биринин актуалдуу абалына психологиялык көңүлдөнүү, сезимдерди же абалдарды чын көнүлдөн көрсөтө билүү жана ишенүү. Диалог абалында эки инсан, эки тараптуу чыгармачыл процесс пайда болгон, субъектилердин психологиялык биримдигине орун берүү менен, таасир берүүгө болбогон, кандайдыр бир жалпы психологиялык мейкиндикти жана убакытты жарата баштайт. Баланын өнүгүүсүнө түрткү берүүдө педагогикалык иш-аракетте өнүктүрүүчү стратегияны колдонуу чоң ийгиликтерге алып келет. Педагогикалык таасирдин негизги максаты бул объективдик таасир эмес, псевдотаасирден айырмаланган, толук кандуу педагогикалык таасир берүүчү субъективдик иш-аракет.



Субъективдик бул "мен" образынын аракеттик жана баалуулук аспектилерин ишке ашыруу деңгээли менен көрсөтүлгөн, субъекттин активдүүлүгүн мүнөздөө. Субъективдик, өнүктүрүүчү педагогикалык таасирлер, педагогду таасир этүүгө түрткү болуучу мотивдери менен да айырмаланат. Мында педагог өз кызыкчылыгына таянбастан, баланын психологиялык өсүп-өнүгүүсүнө негизделет.



Баланын керектөөчүлүк-мотивациялык сферасындагы кандайдыр бир өзгөрүүлөргө жетүүсү, анын активдуүлүгүн демилгелеп, татаал учурларда жүрүм-турумдун алгылыктуу ыгын издөөсү белгиленет. Мугалим, керек болгон мезгилдерде, балага жүрүм-турумдун, ишаракеттин ыкмалары жөнүндө маалымат берип жол көрсөтө билүүсү керек. Педагог баланын активдүүлүгүн козгоп, иш-аракеттердин ыкмалары менен камсыз кылып, анын өз алдынча чечим табууга, жоопкерчиликтүүлүккө мүмкүндүк түзөт.



Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)