Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Партизандар

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Партизандар

Партизандар - элдик өч алуучулар, душман аскеринин терең тылында (оорукта) Мекендин эркиндиги жана көз карандысыздыгы үчүн куралдуу күрөш жүргүзгөн адамдар. 1812-жылы Француз императору Наполеон Бонапарт зор армия топтоп, Россияга бет алган. Орус аскерлери фельдмаршал Михаил Илларионович Кутузовдун башчылыгында баскынчыларга каршы баатырдык менен салгылашкан. Душманга каршы күрөшкө элдик партизан отряддары да кошулушту. Алар душмандан туткундарды бошотушкан, азык-түлүк, курал-жарак жүктөлгөн арабаларды тартып алышкан. Француз аскерлери тууралуу маалыматтарды жыйнашкан, душмандарды жок кылып, калкты талап-тоноодон коргошкон. Дыйкандардын арасынан өздөрүнүн кол башчылары чыккан. Москванын жанындагы бир кыштактагы дыйкан. Герасим Куриндин отряды ийгиликтүү салгылашкан.

Анын отряддарында 5 миң жөө жана 500 атчан жоокери болгон. Смоленскидеги кыштактардын биринин старостасынын зайыбы Василиса Кожина эр жүрөктүүлүгү менен эл ичинде даңкка ээ болду. Анын аялдар менен өспүрүмдөрдөн куралган отряды айры, балта, чалгы менен куралданып, кыштакты коргоп, колго түшкөн туткундарды айдап жеткирди. Партизандардын аракети душманды талкалоодо орус аскерлерине жардам берди. 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарында бүткүл элибиз фашисттик баскынчыларга каршы күрөшкө көтөрүлдү. Душман басып алган бардык аймактарда жан аянбаган партизандык согуш жүрдү. Партизандар көпүрөлөрдү жардырышып, фашисттик кампанияларды өрттөшкөн, чыккынчыларды өлтүрүп, душмандын аскерлерин, танкаларын, замбиректерин ташыган поезддердин таш-талканын чыгарган. 1943-жылы жайында Курск догосунда гитлерчилер менен зор салгылашуу жүрдү. Партизандар жоокерлерге жардам берүү үчүн рельс согушун башташты.

Алар темир-жолдорду жардырышып, фашисттердин толуктоочу күчтөрүн ташуусуна тоскоолдук кылышты. Ошондо партизандар 440 поездди кулатышкан эле. Ал эми согуштун бардык мезгилинде алар 1 миллиондой баскынчыны катардан чыгарышкан. Бул бүтүндөй бир армия болот! 4 миңдей танканы жана брондолгон машинаны, 2 миңдей замбиректи, 800дөй аскер учакты жок кылышты. Партизан отрядынын эң белгилүү командирлери Сидор Ковпак, Алексей Фёдоров, Сергей Руднев, Пётр Вершигора, Дмитрий Медведев, Константин Заслонов ж. б. болгон. Элдик өч алуучулардын арасында Жаш гвардиянын баатырлары, Зоя Космодемьянская, Лиза Чайкина, эр жүрөк партизан чалгынчы Николай Кузнецов, литва элинин даңктуу кызы Мария Мельникайте, жаш партизан Саша Чекалин, фашисттик отрядды киши өтө алгыс сазга баштап барган сексен жаштагы псковдук дыйкан Матвей Кузьмин жана башкалар бар. Бул жылдарда Белоруссия, Украинанын аймактары партизандык аймак деп аталган.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 1312, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу