Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Нөл

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Нөл

Нөл - сан, эсепте нөлдөн төмөн сан болушу мүмкүн эместиги түшүнүктүү. Эми абанын температурасын өлчөөчү приборго - термометрге көз салалы. Анда нөл муз эриген температураны көрсөтөт. Андан жогору жылуулукту көрсөтүүчү градустар: андан төмөн суукту көрсөтүүчү градустар белгиленген. 10 градус жылуу температура 0 градустан жогору (же чоң), ал эми 0 градус температура 10 градус суук температурадан жогору (же чоң) экендиги түшүнүктүү. Демек, сандарды чен-өлчөм үчүн пайдаланганда нөл эң кичине сан болбой калышы мүмкүн экен, нөлдөн кичине сандар да болушу ыктымал. Нөл латынча - нуллюс - эч кандай деген сөздөн чыккан.

Илгери нөлдү цифра деп аташкан, ал арабча сыфр (көңдөй, бош) деген сөздү билдирет. Азыр цифра деп санды билдирүүчү он белгини айтабыз. Алар: 0, 1, 2, 3, 4, 5, 6, 7, 8, 9. Албетте, бирден ашык белгиден турган сандарды жазууда 0 цифрасынын мааниси калган 9 цифрадан кем эмес экендиги түшүнүктүү. Мына ушундай биздин нөл, а силер нөл жөнүндө дагы эмне билесиңер?

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 546, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу