Нияз уламышы

Бир айылда бир кемпир небереси менен эптеп эл катары кун кечирчу экен. Кемпирдин багына небереси тын чыгып, таянесинин оорун колдон, женилин жерден алып, кол арага жарап калат. Буга таянеси жетине албай ыраазы болуп, кунуно он маал омурун тилейт. Уулу ансайын аракет кылып, кемпирди суйунтот. Баланын мындай тирикарактыгы элге да жагып, тез эле эл оозуна алынат. Кундордун бир кунундо калк чогулуп, жаныдан кан шайлайлы деп ойлойт. Калк ичинде кан болууну каалагандар коп болот. Шылуундар шыпырылып жугурот, элди экчеп, калкты чайкашат. Калк кагылышып, ары сур, бери сур болуп журуп, акыйкаттык таят.

Ортодон ондой берди болуп, ойчулдар элди экчебейли деп, ооматты Ниязга оодарышат. Ошентип, Нияз кандыкка шайланат. Эмдиги учур аны ак кийизге салып, ак боз бээ эмес адам союп, канын ак кийизге чачыратып, кан которуу калат. Шылуундар шыпырылат. Калайык калктан: - Канга мен курман болом, - деген эр журок адам табылбайт. Ошондо айтар - коеру жок, баягы ач-жыланач кемпирдин небересине барышат. Ары дешет, бери дешет, акыры кемпирдин коз жашын кол кылып, баланы чогулган элдин алдына алып келет.

Калк кадырмандары коп соз кылышат. Ары ойлонушат, бери ойлонушат, адаттан айрылып, салттан чыга алышпайт. Акыр аягында шылуундар алып келген кемпирдин небересин Ниязга курмандык кылууга токтолушат. Кемпир боздойт: «Жалгызым, олгондон калган белегим, каралдым», - деп какшайт. Какшаган менен кемпирдин созун эч ким укпайт. Куран окулуп, салабат айтылат. Шылуундар баланы Нияз олтурган ак кийиздин четине алып келип жыгат.

Ниязга курмандык чалынып, бей куноо баланы олтурушот. Наристенин кызыл нуру заматта очуп, кызыл кан ак кийизге сапырылып, Ниязды кан кылат. Кан кийиз бетин гулдойт гул астында сыр бутот. Сыр астында калайык калкка мун бутот. Муну эл билбейт же аны Нияз тушунбойт. Калайык калк кыжырданат. Адам союп, кан которгон кадимки салтка наалат кылат. Ак кийиз которулот, баланын башы алынып, денеси жерде калат.

Кошоматчылар баланын денесин тебелеп отуп, Ниязга куттук болсун айтышат. Кундор отот. Ниязга муноз пайда болот. Баягы эл багам деген Нияздан кыял качат. Ачуусу артат, мерездиги кучойт.

Аз отот, коп отот, озун-озу Тенирдин тегимин деп сезет. Айтса соз укпайт, калайык калкка каалаганын жасайт. Бир нерсе десе канмын деп бакырып, шыбанкорлордун шыбыры менен шыктанат. Чындык чынырат, жалган семирип нык болот, Нияз семирип бук болот. Калайык-калк тунжурайт. Нияздан элди кутултууга бир жан чыкпайт.

Аз отот, коп отот, копкон Нияз ан уулоого чыгат. Шылуундар ой кийигин тоого, тоо кийигин ойго айдашат, оздору атпай кан атсын кылышат, Нияздын коонун жайлашат. Нияз ит агытып, куш салат, жаа тартып, жебе ызгытат. Аткан oгy абага толот, бейкуноо кайберендерди кырып жоет, Кайберендин каары Тенирге жетет. Тенир Ниязды ок кайыды кылып, озунун огунан озун олтурот. Нияз олгон жерге коюлат. Мазары ден болот.

Нияздын мазарынын устуно Тенирдин буйругу менен белгисиз бир чоп осуп чыгат. Белгисиз чоп бул чолкомдогу чопторго окшобойт, же гулдобойт. Акыры чоптун учуна гул бутот, тубуно туп байлайт. Куз келет, эл белгисиз чоптун эмне болуп буторун кутот. Эл молдо чакырышат.

Ниязга куран окутушуп, жанагы белгисиз чоптун сабагынан кармап, мазардан жулушат. Уругун алышат, тубун кармап коруп, катуулугун сезишип, тоголоктугун байкашат, кесип корушот. Ачуулугун билишет, коздорунон жаш агат. Бул «Нияз экен» деп коркушат. Уругун уйлоруно алып барбай, тоо-ташка чачып качышат. Нияздан кутулууга шашышат. Белгисиз чоптун уругу уланат, бул чоп «Нияз, Нияз» болуп журуп, кийин ал «Пияз» атыгат.

Тенирдин буйругу турмушка ашат. Тируусундо каардуу, залим жургон Нияз олгондон кийин оболку мудоосу аткарылып, кеч болсо да керегим элге тийсин деп Тенирден тилегендиктен пияз болуп калган экен.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)