Мониезиоз - ичеги курт

Мониезиоз - цестод классындагы тасма сымал мите курттар козгоочу ылаң. Бул ылаң менен негизи козу улактар, эң эле чанда музоолор ылаңдайт. Чоң кой эчкинин ичинде мите болгону менен анча залалы жок болот. Ылаңдаткычы жана анын биологиясы. Бул ылаңды Мониезиа эксанза жана Мониезиа бенедени деген тасма курттар козгойт. Экөө тең кой эчкинин ичке ичегисинде мителик кылат. Баардык цестоддор сыяктуу эле алардын формасы лента сымал, баш (сколекс), моюн жана агыш майда шакекчелерден турат, узундугу бир метрден бир нече метрге чейин жетет. Башында малдын ичегисине жабышуу ыңгайланган 4 органы бар. Башынан кийин кыска моюну, андан кийин бири-бири менен илинишип, турган шакекчелер болот. Бул курт моюнунан өсөт, ошондуктан моюнуна кийинки шакекчелер эң жаштары, учундагы шакекчелер өсүп өнүккөндөрү болуп эсептелет да, алардын туурасы 1,5 см жетет. Ар бир шакекчеде эркектик жана ургаачылык жыныс органдары жайгашкан. Жыныстык жагынан жетилген курттун ар бир шакекчесине майда жумурткаларга (20 миңге чейин) толгон жатыны болот. Жатындын ичиндеги жумурткалар жетилип, түйүлдүктөргө (онкосферага) айланат. Өсүп жетилген шакекчелер койдун богу менен сыртка бөлүнөт да, андагы онкосфераларды орибатит тобундагы жер кенелер жеп, алардын ичеги кардында 3-4 ай бою өсүп-өнүгүүнүн стадиясын өткөндөн кийин гана кайра кой эчкилерди дарттандырууга жөндөмдүү стадиясына жетет. Кой эчкилер инвазиялык стадияга жеткен түйүлдүгү бар жер кенени чөп менен жеп дарттанат. Чөп менен кошо ичине кирген кенелер ашказанды маңызы менен эрип, мениезийдин түйүлдүгү болсо ичегинин капталдарына атайын органдары менен жабышат да, 35-40 күндөн кийин жыныстык жактан толук жетилген митеге айланып, өнүгүү процесси кайра уланат. Мониезия түйүлдүгү жер кененин организминде 2 жылга чейин сакталышы мүмкүн. Ошондуктан монизиоз менен ооруган койлор жайылган жайыт 2 жылга чейин коркунучтуу болот.

Клиникасы - Малдын ичегисинде курт аз болсо, клиникалык өзгөрүүлөр анчалык мүнөздүү болбойт. Ал эми митенин саны көп болуп, мал арык болсо, өлүмгө дуушар болушу мүмкүн. Мониезиоз менен көбүнчө 1,5-8 айлык козулар көп ооруп , чыгаша көп болот. Биринчи ылаң малды жугуштуу жайытка чыгаргандан 35-50 күндөн кийин байкалат. Мониезиозго чалдыккан козу улактын табити начарлап , арыктай баштайт, чычкактайт. Абайлап караганда богунан мониезиоздун ак шакекчелерин көрүүгө болот. Илдеттүү төл көпчүлүк учурда жатат, күч менен араң турат, дайыма артта калат. Кээ бир учурда айланбаштанган, кежеңдеген кубулуштар байкалат. Мындай белги бергенден 1-3 күндөн кийин өлүмгө дуушар болушу мүмкүн.

Патанатомиялык өзгөрүүлөр. Сырткы былжыр кабыкчалары бозомук, өтө арыктаган, көөдөнү жана ичи сары сууга толгон, ичегинин былжыр кабыкчалары сезгенип , канталаган. Ичке ичегиси мониезийге толгон болот. Кебир убактарда мониезиялар ичегини толук бүтөп калган же ошондой жери жарылган болот.

Диагнозу. Дарттуу малдын богунан мониезия шакекчелерин таап, диагноздоого болот. Ошондой эле алардын богун атайын ыкма менен изилдеп, алардын жумурткаларын да таап далилдейт. Жаны башталган мониезиозду аныктоо үчүн диагностикалык гельминтсиздөөнү жүргүзүү болот.

Дарылоо. Мониезиозго каршы дарылоо гельминтсиздөөнү жүргүзүү үчүн 1% көк таштын эритмеси 1-3 айлык козуларга 15-30 мл, 3-6 айлыктарына 30-50 мл, 6-10 айлыктарына 50-80 мл, чоң койлорго 80-100мл ичирилет. Эгерде койдун организминде мониезийлердин көп экендиги байкалса, көк таштын эритмесинен кийин ич өткөрүүчү түз эритмелери берилет. Кучала кычкылдуу калай (мышьяково кислое олово) таблетка түрүндө 1-3 айлык козуларга 0,4 гр, 4-6 айлыктарга 0,6 гр, 6-8 айлыктарга 0,8 гр, 8 айдан жогоруларына жана чоң койго 1 гр берилет. Бул дарыны берээрдин алдында 14 -16 саат ачка кармалып дары бергенден кийин малды сугарууга болбойт. Ошондой эле бул ылаңга каршы дихлорофен, феналидон, фенбендазол, битионол, оксид, цетовекс, филиксан, феносал атту препараттарды колдонууга болот.

Сактануу чаралары. Мониезиоздон сактануу негизинен преимагиналдык гельминтсиздөөгө негизделиши керек. Башкача айтканда гельминттерди малдын организминен алар жыныстык жактан өсүп жетиле электе сүрүп чыгаруу керек. Мониезиоз дайыма кездешүүчү чарбаларда бир айдан жогорку бардык жаш мал гельминсизделет. Преимагиналдык гельминтсиздөөнүү кучала кычкылдуу калай жана көк таштын эритмеси менен, жогорудагы көргөзүлгөн дозада козулардын биринчи сапар жайытка чыгарганда 30-35 күндөн кийин, экинчи сапар биринчи гельминсиздөөдөн 1 ай өткөндөн кийин жүргүзүүгө талапка ылайык.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)