Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Махмуд Ибн Хусейн

Кы
ш азыгын даярда,
Берекелүү жай келгенде.
Күздүн келээри жазда белгилүү.
Адептин башы - тил.
Кеңешип иш кылса береке,

Кеңешсиз иш кылса кедерги.
Эгер келсе үйүңө карып-мейман,
Бар дүнүйөңдү кой алдына мээрман.
Сараң үй ээси мейманын ууру тутаар
Бергенин милдет кылып, жүзгө ураар.
Күн ордуну түн басаар.
Дүнүйө күнүң төмөндөтөөр,
Эрдин күчүн алсыратаар,
Элден эрди четтетээр.
Бакыт белгиси - билим менен акыл.
Ызаат көрсөт конокко
Даңкыңды жайсын алыска.
Идиште шарап болсун,
Көз жашындай түбү толсун.
Кайгынын жүзү оңсун,
Оюн күлкү үйгө консун.
Бузулду бул замандар,
Күч алды көп жамандар.
Илим, билим жоголду,
Азайды мыкты адамдар.
Куш канаты менен
Эр аты менен.
Алымчы - арыстан,
Беримчи - чычкан.
Дос жолунда турбады
Насаат, акыл сунбады.
Ук, эне-атаны
Сөздөрүн кадырла.
Мансап, дүнүйөң көбөйсө,
Бой көтөрүп кутурба.
Сук адамдар мал-мүлккө умтулаар
Өлүмтүккө талпынгандай кузгундар.
Көрктүү тонуң өзүңдө болсун,
Ширин ашың өзгөгө болсун.
Киши аласы ичинде,
Жылкы аласы сыртында.
Күчтөндү билегим,
Аткарылды тилегим.
Көбөйдү билимим,
Бирок, өмүр түгөнөөр.
Такыр айтпа суук сөз,
Кара ниет, бетпак сараңга.
Багалбастан тоокту,
Куш таптайм деп сүйлөбө.
Куш аңга бийиктен төмөн түшөт
Аалым сөзү элге бүтөөр.
Кеткен малга ачынба,
Ага азыраак күйүнгүн.
Жаралган зат дүйнөдө түбөлүк калбас,
Бир гана аалам, жылдыз, ай, күн дайым чыгаар.
Көрктүү конок - өзүңө,
Таттуу ашың - досуңа.
Тутсаң, конок абийирлүү
Жайсын кабар ааламга.
Баатыр - майданда, аалым - аңгемеде сыналат.
Улук болсоң - сылык бол.
Чырайына караба,
Ырайына кара.
Азыгы бар арыбас.
Эгилбесе - өнбөс,
Тилебесе - бербес.
Безериден ырыс безер.
Ток өскөн, тез картайбас.
Зомбулукка кирсе эшиктен,
Акыйкат чыгат тешиктен.
Күн көзүндө тешик жок,
Бек ишинде кешик жок.
Жоомарт болсоң элден алкыш аласың,
Сараң болсоң, каргышка сен каласың.
Кылгыртса да май жакшы,
Күйдүрсө да күн жакшы.
Жашында тырышкан - Картайганда жыргайт.
Түсүнө караба, ишине кара.
Көп сөздү угуп болбос,
Балбал ташты жыгып болбос.
Атасынан акыл алса,
Тентек уул токтолоор.
Кекти кечир жолуңан,
Адилдикти саяла.
Кишилик менен кичүүлүк -улуулуктун белгиси.
Баатыр - жоодо сыналат,
Жоош - жайда сыналат.
Өзү жебей мал жыйып сараң болсо,
Андан кийин күнү караңгы болот.
Белгиси болсо жолдон жаңылбас,
Билими болсо сөздөн жаңылбас,
Билимдүүнүн сөзүн тыңда,
Айтканын үйрөн, ишке ашыр.
Жайгаштыруу: 2017-08-18, Көрүүлөр: 675, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-08-18
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо