Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Мас жана канчык (ыр)

Баш барак | Поэзия | Мас жана канчык (ыр)
Мас жана канчык (ыр)
АвторБайдылда Сарногоев

Балдырап мас баратты көзү чакмак,
Баягы өзү тааныш жолду таптап.
Бирөөлөр сүйлөп өтсө аягансып,
Бирөөлөр тилдеп өтөт: алкаш, акмак!

Бир кезде буйга жерге барды дагы,
Сулады, сулаган соң магдырады.
Оозунан окшуп чыккан кусундуга,
Көк канчык көзүн артып жалдырады.

Жалдырап турмак эле кимди карап,
Жаткандын мас экенин билди баалап.
Ачыккан чычкысына чыдай албай,
Аймалап оозу, мурдун кирди жалап.

Мас чочуп кирпиктерин кирбиңдетти,
Аздан соң айтып кирди ширин кепти:
Оой катын тилим сууруп ала көрбө,
Ооздон өбүшкөндү ким үйрөттү.

Кайдагы сөздөрдү айтып тантып эчен,
Караса катыны эмес, канчык экен.
Ордунан туруп жатып балдырады,
Өлгөнүм мындан көрө артык экен!

Жайгаштыруу: 2024-04-05, Көрүүлөр: 46, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2024-04-05, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу