Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Лиана осумдугу

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Лиана осумдугу

"Лиана осумдугу" - тропик токойлордо мүмкүн болушунча азыраак күч жумшап, күн тийген жерден көбүрөөк орун ээлоого умтулган өсүмдүктөр бар. Дарактарга оролуп, же чырмалып өсүүчү бул өсүмдүк лиана деп аталат. Лианалар Закавказьеде кеңири таралган. Лиана - тропик токоюна мүнөздүү өсүмдүк. Ал өтө тез өсүп, эң бийик дарактардын чокусуна оңой эле жетет. Солкулдак өркүндөрү менен дарактан даракка жармашып лианалар ондогон дарактарды чырмап алат. Төмөн жактан лиананын зор жыландай ийреңдеген сөңгөктөрү гана көрүнөт, ал эми жал бырактары дарактардын жогорку бутактарына аралашып көрүнбөйт. "Лиана осумдугу" бутактардын жогорку бөлүгүндө жайылып өскөн лиана жарыкты тосуп, дарактардын өсүшүнө кыйла зыян келтирет. Дарактардын сөңгөгүнө бекем оролуп, алардын жооноюшуна тоскоолдук кылуучу лианалар андан да коркунучтуу. Мындай лианалар муунткуч лианалар деп аталат.

Дарактын сөңгөгү жоонойгон сайын лиана анын кабыгына улам терең батып, акырында аны биротоло кыркып таштайт да дарак куурап калат. "Лиана осумдугу" жөнүндө силер эмне билесиңер?

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 924, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2018-03-27, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу