Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Кыргызстандагы адаптацияланган уйлардын породалары

Дүйнө жүзүндө 900дөн ашык уйлардын породалары өстүрүлөт, анын теңи сүт жана сүт-эт багытындагы уйлар, алардын ичинен Кыргызстанда 3 түрдүү породалар өстүрүлөт. Биринчиси, эн эле көбү Ала-Тоо породасындагы күрөң уйлар. Бул порода Кыргызстандын жана Казакстандын чарбаларында жергиликтүү уйларды швиц породасындагы (Түбү Швейцарияда чыгарылган) букалар менен аргындаштырылып чыгарылган. Жакшы тоюттандырылып багылганда бул породанын уйлары жылына 4-5 мин литр сүт берет орточо салмагы 530-550кг, сүтүнүн майлуулугу – 3,8-3,9%. Ала-Тоо породасындагы уйлар сүт-эт багытындагы болуп, сүттүүлүгү менен катар эттүүлүгү дагы жакшы. Уйларды сойгондо этинин салмагы 280-300 кгга чейин жетип, тирүү салмагынын 52-55% (кээде 65% жетет) түзөт.

Жаш малдын суткалык өсүү салмагы 800-900 граммга жетет. Бул уйлар жергиликтүү шартка абдан ыңгайлуу, чыдамдуу болуп Кыргызстандын бардык чарбаларында ийгиликтүү өстүрүлүп жатат жана бардык уйлардын 88% Ала-Тоо породасына кирет. Акыркы 30-35 жылдан бери окумуштуулар жана селекционерлер Ала-Тоо породасындагы уйлар Америкалык сүт багытындагы швиц породасынын букалары менен аргындаштырылып, алардын сүттүүлүк сапатын бир кыйла жогорулатты. Натыйжада, 1996-жылы Ала-Тоо породасынын жаңы сүттүү тиби (тобу) чыгарылды. Бул сүттүү уйлардын жаңы тиби Чуй өрөөнүнүн Ысык-Ата, Сокулук, Аламүдүн жана Москва райондорунун чарбаларында ийгиликтүү өстүрүлүп, бир миллион калкы бар Бишкек шаарын сүт азыктары менен камсыз кылып жатат.

Кыргызстанда өстүрүлүп жаткан уйлардын экинчи породасы – бул Таластагы Олуя Ата уйлары Булар карала түстөгү Остфриз породасынын букаларынын жана жергиликтүү уйлардын аргындарынан сүт багытында Талас облусунда чыгарылган. Бул уйлар Ала-Тоо породасына салыштырмалуу майдараак. Салмагы 450-500кг, сүтү азыраак 3500-4000кг, сүтүнүн майлуулугу 3,6-3,7%. Кийинки жылдарда бул уйлардын сапаты Америкалык Гольштин-фриз сүттүү породасындагы букалар менен аргындаштырылып бир кыйла жакшырып калды. Олуя-Ата породасындагы уйлардан жакшы багылып жана жакшы тоюттандырылса бир жылда 5000-6000 килограммдан сүт саап алууга болот. Талас областынын жашоочуларынын көпчүлүгү бул породаны жергиликтүү шартка конгон мал катары өстүрүп жатышат.

Үчүнчү породадагы уйлар карала түстө болуп Бишкектин айланасында, кийинки жылдарда таза сүт багытында өстүрүлө баштады. Булар Гольштин-Фриз букалары менен Ала-Тоо породасындагы уйлардын аргындары. Биринчи муундагысы капкара, экинчи жана андан кийинки муундары карала күрөн жана карала болуп туулат. Мындай уйларды 80-жылдарда 40 тан ашык чарбаларда бага башташкан. Бирок, тоюттун жетишсиздигинен, бул уйлардын тоютка болгон талабы жогору болгондуктан, жана дагы назигирээк болуп, бат эле арыктап, төлү азая баштагандыктан, чарбалардын көпчүлүгү бул карала уйларды күтүүдөн айнышып, кайра эле Ала-Тоо породасындагы уйларды чыдамдуурак экен деп өстүрүп калышкан. Азыр бул уйлар айрым гана 3-4 чарбаларда Кант районундагы Кырг МИС, «Заветы Ленина», Аламүдүн районундагы «Ветка» жана «Пригородный» өстүрүлүп жатат, бул чарбаларда тоют менен толугураак камсыздандырылат, эгер тоюту жетишээрлик жана сапаттуу болсо, бул уйлар албетте сүттүү, 5-6 мин кг чейин, бирок багылышы кыйыныраак. Кайсы породадагы уйларды өстүрүүнү ар бир фермер, тоют базасынын жана жергиликтүү климаттык шартына жараша өзү чечиш керек.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)