Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Кыргызстан онуккон социализм мезгилинде (1964-1985)

Коомдук саясый турмуш Бул мезгилде жалпы олкодо партиянын устомдугу чындалып, ал коомдук турмуштун бардык жактарына туздон-туз аралаша баштаган. Партия жетекчилери оздору башкарган аймактардын бирден-бир кожоюндарына айланышкан. Кыргыз ССРинде партиялык-мамлекеттик жетекчилик 1961-жылдан Т. Усубалиевге откон. Онуккон социализм мезгилинде КПССтин бюрократтык аппараты чындалып, олкодогу бардык бийлик партиянын жогорку органдарына топтолгон. Республикалардын партиялык ошондой эле Советтик башкармалары гана эмес, обкомдун биринчи катчылары, чон ишканалардын башчылары да Москва аркылуу дайындалып калган. Кыргыз ССРинин Компартиясынын Борбордук Комитетинин, обкомдордун, ал тургай алыскы элеттик райкомдордун экинчи катчылары, айрым учурларда биринчи катчылары орус улутундагылар болуучу. Партиялык бюрократизмдин онугушунун натыйжасында 1960-1980-жылдары Кыргызстандын партиялык аппаратындагы кызматкерлердин саны бир кыйла оскон. Административдик-буйрукчул системанын шартында партиялык-мамлекеттик башкаруудагы кемчиликтер олкодогу коомдук уюмдарга да аралашкан. Партиянын кужурмон резерви аталган комсомолдун тиричилигинде да формалдуулук, шашылыш чечим чыгаруу, курулай шандануу, кичине иш учун тоодой рапорт беруу куч алган.

Бул жылдары комсомолдук органдардын демилгелери очуп, толук бойдон партиянын жетегинде калган. 60-жылдары СССРде, жана анын ичинде Кыргызстанда, мамлекеттик бийлик органы катары Советтердин ролун которуу аракети башталган. Бул иште ошол мезгилдеги Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун торагасы Т. Кулатов коп эмгек синирген. Республиканын чарба планын, мамлекеттик ошондой эле жергиликтуу бюджеттерди ишке ашырууда, республиканын таламдарын жактоодо А. Суйоркулов, Б. Мамбетов, А. Суйумбаев, С. Ибраимов жана башкалар корунуктуу эмгек синиришкен. Онор жайдын онугушу 1965-жылы олкодо эл чарбасын реформалоо иштери башталган.

Бул реформа анын демилгечиси - СССР Министрлер Советинин торагасы А. Н. Косыгиндин тарабынан болгондуктан косыгиндик реформа деп аталып калган. Реформа биринчи жылдары жакшы натыйжаларды берген. Олконун, анын ичинде Кыргызстандын онор жайы тез темп менен онуго баштаган. Реформа экономикалык чойродо ийгиликтуу жургону менен саясий чойродо, идеологияда озгоруулор болгон эмес. Административдик-буйрукчул системанын шартында жургузулгон реформа акырындык менен начарлап, анын баалуулугу томондогон. Онуккон социализмдин шартында Кыргызстандын онор жайы олконун бирдиктуу эл чарба комплексинин органикалык болугу катары онуккон.

1965-1985-жылдары Кыргызстандын жалпы улуттук кирешеси 2,7 эсе, онор жай продукциясы 4,4 эсеге оскон. Бул мезгилде республиканын коомдук дун продукциянын 60 пайызы, улуттук кирешелеринин жарымынан кобу онор жайга туура келген. 150 жаны онор жай ишканалары курулуп, онор жайдын энергетика, тустуу металлургия, машина куруу, электрондук, электр-техникалык, прибор куруу, курулуш индустрия тармактары онуккон. Женил онор жайы, тамак-аш, эт-сут ишканалары реконструкцияланган же жаны курулган. Бул жылдары экономиканы интенсивдуу жол менен остурууго анча конул бурулбай экономика мурдагыдай эле экстенсивдуу муноздо онуккон. Натыйжада ондуруштун осушу жаны объектилерди ишке киргизуунун натыйжасында кобуроок камсыз болгон. 80-жылдардын башында Орто Азияда казылып алынуучу комурдун 40 пайызы Кыргызстандын улушуно туура келген. Кыргызстандын электр энергиясы Нарын дарыясында курулган Учкоргон, Токтогул ГЭС-теринин эсебинен которулуп, жылына 11 млрд кВт саат электр энергиясы иштелип чыгып турган.

Кыргызстан сурьма, сымап, сейрек кездешуучу тустуу металлдарды ондуруудо союзда маанилуу роль ойногон. Кадамжай сурьма комбинатында ондурулгон сурьма, Хайдаркан сымап комбинатынын продукциясы дуйнолук рынокто жогору бааланган. Айыл чарба машиналарын чыгаруучу Фрунзе атындагы жана оор машина чыгаруучу Ленин атындагы заводдор техникалык жактан реконструкцияланып, ендуруштук кубаттуулуктары бир кыйла жогорулаган. Алсак, ага чейин машиналарын чыгаруучу заводдо 1985-жылы 32 мин чоп тангактоочу машина чыгарылган. Ал продукцияны дуйнонун 50дон ашык мамлекеттери сатып алып турган. Онор жайдын онугушу менен жумушчу табынын катары осуп, эл чарбасынын бардык тармактарында эмгектенген жумушчулар 1960-жылы 310 мин адамды тузсо, 1985-жылы алар 866 мин адамга же 6,3 эсеге кобойгон. Натыйжада 70-жылдардан жумушчулар (уй-булосу менен бирге эсептегенде) республика калкынын 58 пайызын тузуп, анын ичинде онор жайда иштегендери 31 пайызды тузуп, калгандары курулушта, транспортто, байланыш жана тейлоо тармактарында эмгектенишкен.

Онор жайдын индустриялуу тармактарында негизинен СССРдин борбордук региондорунан келген жумушчулар иштеген. Жергиликтуу калктан жумушчу адистерди даярдоонун ордуна бул мезгилде сырттан адистерди чакыруу, аларга жашоо ошондой эле иштоо учун шарттарды тузуу тенденциясы куч алган. Бул жергиликтуу калктын жумушчу табынын осушуно тоскоолдук кылган. Айыл чарба ондурушу КПСС БКнын март (1965-жылы) Пленумунда «СССРдин айыл чарбасын андан ары онуктуруунун кечиктирилгис чаралары жонундо» токтом кабыл алынган. Айыл чарбасын которуунун комплекстуу программасын турмушка ашыруу учун бул жылдары айыл чарба ондурушуно улуттук кирешеден акча каражаттар кобуроок болунуп, 1966-1975-жылдары 2 млрд 586 млн сом, 1976-1985-жылдары 4 млрд 33 млн сом суммасындагы акча каражаты салым катары жумшалган. 1985-жылы Кыргызстанда бир чарбага орточо 72 трактор, 36 жук ташуучу автомобиль, 20 комбайн туура келуучу, айыл чарбанын энергия кубаттуулугу 1965-жылга салыштырганда 5 эсеге оскон. Колхоз-совхоздор техника менен жабдылып, МТСтер жаныланган.

Жаны сугат системалары, суу сактоого, уномдуу пайдалануу шарттары ылайыкташтырылган чон курулуштар ишке киргизилген. 224 мин га айдоо жерге, 1789 мин га жайыт жерлерине суу чыгарылган. Сугат жерлеринин аянты 1 млн гадан ашкан. Сугат ишинде сууну болуштуруу боюнча автоматтык система ишке киргизилген. 8-беш жылдыкта колхозчуларга гарантияланган эмгек акы толоо тартиби, 9-беш жылдыкта республиканын айыл чарбасында, чарба жургузуунун жаны формасы - чарбалык эсептин киргизилиши да маанилуу роль ойногон. Мындай ийгиликтерге карабастан, ондурушту уюштурууда жаны экономикалык ыкмалардын административдик-буйрукчул бийлик жагынан чектелиши айыл чарба ондурушун сонку он жылдыкта солгундатып, айыл чарба продуктуларынын оздук наркы жогору болгон.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)