Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Кыргызстан 1953-1964-жылдарда

Кыргызстандын коомдук саясый турмушу Кыргызстандын тарыхында, буткул олко сыяктуу эле 50-жылдар озгочо орунду ээлейт. 1953-жылы мартта И. В. Сталиндин дуйнодон отушу менен «сталиндик социалисттик онугуу доору» аяктап, социалисттик демократияны онуктуруу учун аракет байкалган. 1953-жылы сентябрда Н. С. Хрущев КПСС БКнын биринчи секрстарлыгына шайланып, олкодо Сталиндин керт башына сыйынуунун кесепеттерин жоюу, коомдун экономикалык, саясий жана маданий чойролорун реформалоо иши башталган. Кыргызстанда партиялык башкаруунун демократиялык принциптерин ишке ашырууда 1950-1961-жылдары Кыргызстандын Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетин жетектеген Исхак Раззаков чон салым кошкон. И. Раззаков союздук директиваларга таянып, Кыргызстандын оз алдынчалыгын онуктуруу, экономикалык жана саясий чойродогу укуктарынын кенейиши учун коп иштерди аткарган. Натыйжада, республиканын аймагындагы 225 онор жай ишканалары, жогорку, атайын орто жана кесиптик-техникалык окуу жайлары жалпы союздук башкаруудан республикалык башкарууга откон.

Мындан тышкары республикада жергиликтуу башкаруу органдарынын сот бийлигинин козомолдоочу укуктары да бир кыйла кенейтилген. 50-жылдары жургузулгон реформалардын натыйжасында башкаруунун борбордоштуруу жана демократиялаштыруу принциптерин айкалыштыруу аракети жасалган. Кайра куруулардын натыйжасында борбордук бийлик начарлабастан, бир аз ийкемдуу болуп калган. Социалдык-экономикалык жана маданий чойрону башкарууда союздук республикалардын укуктары бир кыйла кенейтилген. Бирок админинистративдик-буйрукчул системанын шарттарында борбордук бийлик менен республикалык бийлик органдарынын ортосунда карама-каршылыктар пайда боло баштаган.

1959-жылы КПСС БКнын Пленумунда Кыргызстандын, Озбекстандын, Казакстандын жана Латвиянын жетекчиликтери оз укуктарынан одоно пайдалангандыктары жалпы мамлекеттик кызыкчылыктарга келтирген залалдары, жердешчилдиктери учун катуу сынга алынып айыпталган. 1961-жылы майда И. Раззаков менен Кыргыз ССР Министрлер советинин торагасы К. Дыйкамбаев республиканын оз алдынчалыгын кенейтуудогу жигердуу аракеттери учун кызматтарынан бошотулган. 1963-жылы Орто Азиянын Эл Чарба Совети тузулгон. Ага бул аймактын экономикасына жетекчилик кылуу милдети жуктолгон. Эл Чарба Советинин тузулушу менен улуттук республикалардын 50-жылдардагы реформа учурунда алган укуктары жокко чыгарылган. Кыргызстандын экономикасы 50-жылдары жургузулгон реформалар Кыргызстандын экономикасына он таасирин тийгизген. 1951-1955-жылдары республиканын эл чарбасын онуктурууго 3,6 млрд сом, анын ичинде онор жайына 2,5 млрд сом капиталдык салымдар жумшалган. Бешинчи беш жылдыкта Кыргызстандын оор онор жайында тоо кен, металл иштетуучу, энергетика ондуруу, женил жана тамак-аш онор жайын онуктуруу милдеттери белгиленген. Натыйжада 48 жаны онор жай ишканалары ишке киргизилген.

Алтынчы беш жылдык (1956-1960-жылдары) план боюнча да Кыргызстанда ири онор жай ишканаларын куруу пландалган. Республиканын эл чарбасына 7 млрд сом капиталдык салым болунгон. Республиканын онор жайына жана курулушуна жетекчиликти жакшыртуу учун 1957-жылы июнда Кыргыз ССРинин Эл чарба Совети тузулуп, карамагына республиканын онор жай продукцияларынын 74 пайызын ондургон 225 ишкана откорулгон. Башкаруунун бул ыкмасы республиканын ичинде тармактар аралык адистештирууну жана кооперациялаштырууну жакшырткан. Бирок союздун экономикалык региондору менен ишканалардын ондуруштук байланыштарынын онугушуно тоскоолдук кылган. Ушуга байланыштуу 1965-жылы Эл Чарба Совети жоюлуп, министрликтер тузулгон. Онор жайы кайрадан тармактык башкарууга откорулгон. Кыргызстанда бардыгы болуп 59 онор жай ишканалары, 46 цех жана болумдор ишке киргизилген.

Олконун, анын ичинде Кыргызстандын айыл чарбасынын онугушуно КПСС БКнын сентябрь (1953-жылы) Пленуму маанилуу роль ойногон. Анын чечимдерине ылайык айыл чарба продукцияларынын мамлекеттик сатып алуу баасы жогорулатылып, колхоздор мамлекетке болгон карыздарынан бошотулган жана айыл чарба салыгынын олчому азайтылган. Мындан тышкары, колхозчулардын оздук комокчу чарбаларын чектоо, андан алынган продукцияларды мамлекетке милдеттуу турдо токтуруу эрежелери алынып ташталган. Колхозчулар оз продукцияларын базарда эркин сатуу мумкунчулугуно ээ болушкан. Колхозчулардын эмгегин ай сайын же квартал сайын авансалоо, колхоздогу эмгеги учун аларга кошумча акы толоо тартиби киргизилген. Кыргызстандын айыл чарбасындагы жетишкендиктер СССРдин окмоту тарабынан жогору бааланып, Кыргыз ССРи 1957-жылы Ленин ордени менен сыйланган. Республиканын айыл чарбасынын алдынкы 52 эмгекчисине Социалисттик Эмгектин Баатыры деген наам ыйгарылып, 2986 адам орден, медалдар менен сыйланышып, анын ичинде 3. Кайназарова, X. Таширов экинчи жолу Социалисттик Эмгектин Баатыры болушкан.

Жетишилген ийгиликтерге карабастан 60-жылдардын башында Кыргызстандын айыл чарбасы жалпы экономикалык осуштон артта калган. Административдик-буйрукчул ыкма менен колхоздорду ирилештируу, кыштактарды зордук менен кочуруу, оздук комокчу чарбаларды ыксыз чектоо, жергиликтуу шарттарды эске албастан жугору остурууну бардык чарбаларга тануулоо, кошуп жазуу, коз боёмочулук айыл чарбанын начарлашына алып келген.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)