Амалым канша

"Амалым канша" же Амалым канча? деген суроого жооп жазууга аракет кылалы. Адатта кыргыздар эки "жоо" беттешерде байыртадан жоокерчиликтин наркы болуп келген эрөөлгө чыгууну аздектеп келишкен. Эрөөлгө эри чыкпаса, бул эл жоокердик наркты билишпейт экен дешкен кыргыздар. Эгерде эки эр сайышта, жеңилген жак ат тартуулап, айыбын тартып, алдыга түшсө, жеңилгендигин моюнга алышса, анда кошундар тынчтык жол менен тарашкан.

Добул бас, сырдоол кагылып, керней тартылып, ышкырган кош жебе белги берип, ураан чакырып, майкан башталган.

Уламада кыргыз колу экиге: оң канат жана сол канат болуп бөлүнгөн. Майданга аттанганда жана согушканда көбүнчө уруу-уруу болуп согушкан. Жоо амалы.Жоонун түрүнө карап, кыргыз колу ар түрдүү айла-амалды колдоно билишкен.

Адегенде жоонун санын билиш үчүн «качырткы» ыкманы колдонушкан. Эгерде "жоо" арбын болсо, «буктурма» ыкмасын жасашкан. Жоон топ жоокерди буктурмага коюп, жарым-жартылай кармашка кирген, күч кайтканда артка качымыш болгон, бөтөн жоо куугунга алганда баягы буктурмадагы кол качыргандарды капталдан соккон. Мында достор "Амалым канша" деген суроо казакча жазып койдук, бирок кыргызча деле мааниси окшош.

Мындай согуш амалдары кыйла. Санжырада жана тарыхый даректерде адегенде жаачан, найзачан, калканчан жеңил атчандар чапкылап келип, асмандагы күн бетин көрсөтпөгөн жебе огун жаадырышкан. Саадакчандардын аркасынан найзакерлер каптаган.

Олпок ичинен чопкут тон кийген, карууга темир калкан, колго кыргагы темир сыр найза алган найзакерлер негизги соккуну урушкан. Байыркы көчмөн доордо атчан жүрүп урушкандар артыкча жеңишке жетишкен. Сактардын, хундардын, кыргыздардын, түрктөрдүн, уйгурлардын ат жалында жүрүп, Батышка жаңжал салганы, улуу Кытай сыяктуу өлкө менен майкандашып турганы жана алардын сансыз күчтүү колуна туруштук бергени - атчан жоокерлердин кудуретинен болсо керек. Байыркы кыргыздар б.з.ч. II кылымда эле 30 миң чоро (жоокер) күткөн. Алар узак согушта качкан, чагылгандай тез чабуулдарды, ат араба үстүндөгү урушту, тезинен жеңишке жетишти эңсешкен.

Түз жерлердеги урушта жеңил жана оор арабаларды колдонушкан. Оор арабаларды өгүздөргө, төөлөргө сүйрөтүп, ага тамак-аштарын, жоо жарактарын жүктөшкөн. Анын тегерегинде бир нече арабакечтер, "жоо" куралдарын кайтарган сакчылар, ашпозчулар, кайгуулчулар, жоокерлер жүргөн.

Байкоодо кыргыздар хун доорунда б.з.ч. эле араба күткөн. "Амалым канша" деген суроого эми силер Кыргыздын амалдары кандай экенине жооп алдыңыз деген үмүттөбүз

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)