Куш тумоосу

Куш тумоосу – куштардын дем алуу жана тамак сиңирүү органдарын жабыркатып, шишитип, септицемияга дуушарлантып өтүүчү өтө жугуштуу вирустук ылаң. Куш тумоосу көптөгөн жапайы жана үй куштарынын түрлөрүндө кездешет. Тооктон, күрптөн жана көгүчкөндөн бөлүп алынган сасык тумоонун А типчесиндеги вирус чычкан, коён жана деңиз донуздарына патогендүү. Кээде куштардын сасык тумоосунда бөлүнгөн вирустун штамынын суперкапсиддик челинде адамдын жана жылкынын сасык тумоосунда гана кездешүүчү нейраминидазасы болот. Табигый шарттарда ылаң негизинен аэрогендик алиментардык жолдор менен жугат. Эксперименттик шартта респиратордук, алиментардык, теринин астына жана булчуңга куюп вирусту жуктурууга болот.

Туруктуулугу. Сасык тумоонун вирусу 65-70 градуста 2-5 мүнөттө жугушсузданат. Минус 70 градуска чейин тоңдурулган этте вирус вируленттүүлүгүн 300 күнгө чейин жоготпойт.

Инфекциянын козгогучунун булагы: ылаңдуу жана ылаңдап айыккан куштар (вирустуулук 2 айга созулат). Ылаңдуу куштун организминен вирус сыртка экскременттер, секреттер жана жумуртка менен бөлүнүп чыгат. Ылаңдын козгогучун актоочу факторлорго кемирүүчүлөр, мышыктар, өзгөчө жапайы куштар кирет. Сасык тумоодо ылаңдуулук 80-100 %, өлүмдүүлүк 10-90%га жетип, вирустун вирулеттүүлүгү жана куштардын багуу шарттары менен тыгыз байланышта.

Клиникалык белгилери: Букма мезгили 3-5 күн. Ылаң курчуп, жетилип жана улаарып өтөт. Сасык тумоо жаңыдан башталганда куштардын канаттары үрпөйүп, жумуртка туушу начарлайт, ылаңдуу тооктор башын жерге салып, көзүн жуумп турат, көзгө көрүнгөн былжыр челдери гиперемияланган жана шишиген. Көпчүлүк учурларда бир аз ачылган куш тумшугунан илээшкек былжыр куюлат, мурдунун тешиктери сезгенгендиктен пайда болгон экссудат менен бүтөлгөн. Кээ бир тооктордун желбирөөчүсүнүн алдыңкы бети шишийт. Организмде болуп жаткан кубулуштардын жана интоксикацинын натыйжаында таажысы жана желбирөөчүсү кара түстө болот. Киркиреп тез дем алат, денесинин температурасы 44 градуска чейин жогорулойт, ал эми өлөөр алдында денесинин температурасы 30градуска чейин төмөндөйт. Куш тумоосунда респиратордук белгилер менен катар ич өткөк башталат, ылаңдуу куштун заңы суюк, күрөң жашыл түскө боёлгон. Мындан тышкары невроз, темтеңдөө, карышуу, бир жагын көздөй тегерене бермей кубулуштар кездешет, өлөөр алдында моюн жана канаттарынын булчуңдары катуу тырышат. Бирок ылаң кээде жеңил өтүп клиникалык белгилери байкалбайт.

Патанатомиялык өзгөрүүлөр: түрдүү болуп, ылаңдын узактыгына байланыштуу. Ылаңга көбүнчө шуушундуу жана кулкундун, коконун тушундагы жана моюндун, көкүрөктүн, буттун терисинин астындагы шишиктер мүнөздүү. Теринин астынан, булчуңдан, жүрөктөн, паренхималуу органдардан жана башка былжыр челдерден массалык жана бирин-серин канширөөлөр табылат. Өлгөн куштардын 45%га жакынынан ринит, фарингит жана конъюктивит байкалат, ал эми 50%га жакынынын бөтөгөсүндө жана ичегисинде кан ширөөлөр кездешет. Так кесе диагноз коюу үчүн лабораторияда ылаңдын курч стадиясында өлгөн куштардан алынган патматериалдарды (өпкө, боор, баш мээ ж. б.) изилдөө жүргүзөт. Куштун өлүгү бузулбаган, жаны же төмөнкү температурада – 60 градус сакталган же 50%ду глицеринге салынган болууга тийиш. Тирүүлөй оорулуу канаттуулардан ооздун жана клоаканын былжыр челдеринен терилденген кебез менен 2мл Хенкстын аралашмасына же физиологиялык антибиотик кошулган (пенициллин, стрептомицин, 50- 1000 ед/мл) аралашмасына алып жиберүү керек.

Алдын алуу жана күрөшүү чаралары: Ылаң чыккан чарбага карантин коюлат. Эгерде сасык тумоо бир эле канаттуулар короосунан чыкса, анда бардык ылаңдаган жана шектүү куштарды канын чыгарбай өлтүрүп жок кылат, калган соолорун этке соёт. Короолорду кылдаттык менен дезинфекциялайт. Сасык тумоо куштардын бир нече короосунан чыкканда күнүгө ылаңдууларын жана начарларын бөлүп алып соёт. Куш короолорду дезинфекциялоо үчүн жегич натрийдин 3%дуу активдүү хлору болгон хлордуу акиташтын эритмеси колдонулат. Короолорду, тараларды дезинфекциялоо максатында 38–40%ду формальдегиддин эритмеси аэрозоль түрүндө пайдаланылат. Кургатуучу орнотмо болбогон жагдайда аларды атайын идиштерге салып 3%дуу формальдегиддин (70-80 градус) эритмеси менен 30 мүнөт бою дезинфекциялайт, андан соң кургатат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)