Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Курчатов Игорь Васильевич

Игорь Курчатовдун балалык кези Крымда, Симфереполдо өттү. Ал китепти көп окучу, музыканы жакшы көрүп, футболду жан-дили менен ойночу. Игордун окуусу да эң мыкты эле. Ал гимназияны алтын медаль менен бүтүргөн. Крым университетине өткөндөн баштап эле Курчатов физиканы аябай берилип окуган. Ленинграддагы Физика-техникалык институттун директору академик А. Ф. Иоффе бул таланттуу жаш жигитти өзүнүн институтуна чакырат. Мында Курчатов өзүнүн ядролук физика жагындагы алгачкы илимий ачууларын жасайт, ошентип анын аты илимий коомчулукка кеңири белгилүү боло баштайт. 1939-жылы окумуштуулар атом ядросунда энергиянын өтө зор запастары катылып жаткандыгын ачышат.

Алар бул энергияны адамдарга кызмат кылууга пайдалануунун жолдорун жана ыкмаларын алдынала айтышты. Бирок ядронун энергиясын шумдуктуудай кыйраткыч күчү бар курал жасоо үчүн пайдаланууга да мүмкүн эле. Улуу Ата Мекендик согуш башталгандан кийин мындай коркунуч чындап пайда болду. Фашисттик Германияда атом бомбасын жасоо үчүн жанталашып аракеттенип жатышты. Дүйнөнү фашисттик кулчулуктун коркунучунан сактап калуу үчүн мындай куралды фашисттерден мурда, мүмкүн болушунча тезирээк чыгаруу зарыл эле. Ошондуктан 1942-жылы эле Совет өкмөтү Курчатовго ушул багыттагы иштерге жетекчилик кылууну тапшырган. 1949-жылы советтик алгачкы атом бомбасы, дагы бир нече жылдан кийин суутек (водород) бомбасы жасалды. Курчатов атом энергиясын адамдардын эмгегине пайдаланууга, мисалы, электр тогун иштеп чыгууга мажбурлоо милдетин чечүү үчүн көп күчүн жана талантын сарптаган. Ал дүйнөдөгү алгачкы атом электр станциясын куруу ишине жетекчилик кылат. 1954-жылы станция ток бере баштады.

Бул болсо адам акыл-эсинин эң сонун жеңиши эле. Бирок Курчатов токтолуп калбастан мындан кубаттуураак электр станцияларын түзүүнүн аракетинде болду. Курчатов өмүрүнүн акыркы күндөрүнө чейин бардык күчүн илимге арнаган. Химиялык элементтердин Д. И. Менделеев түзгөн мезгилдик системасындагы 104-номерде курчатовий деген элемент бар, Аны Курчатовдун окуучулары - советтик физиктер ачып, анын урматына ушундайча аташкан. Бул атактуу окумуштууга коюлган эң мыкты эстелик.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)