Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Кубат бий

Кубат мырза (туулган жана каза болгону белгисиз) - 18чи кылымдын 2-жарымында Фергана ороонундо жашаган кыргыз урууларынын тоболу, кол башчы, саясий адам, кушчу атту уруусунан чыккан бий. Кокон жетектоосу Абд-ал-Каримдин убагында жунгарлардын баскынчылыгына каршы биригип сокку согуу учун Кокон бийликтери Кубат бий жетектеген кыргыздар менен союз тузуп, алардын биргелешкен кучу баскынчыларды Ферганадан суруп чыгарган. Кокон хандыгын Эрдене бий жетектей баштаган убакта, Оротобого ээ кылуу максатында ал кыргыз бийлери менен оноктошууго аракеттенип, ушул учурда да Кубат бий башкы ролду ойногон. Тарыхый маалыматтарга кайрылсак, Кубат бий «кыргыздын падышасы» деп айтылып, «оз алдынча жетекчи катары жеке пайдасы учун бул же тигил жетекчи менен озу каалагандай достошуп, оноктошуп же ажырашып турган». Кокон хандары ошондой эле Кытай императору Кубат бийдин пикири менен эсептешкен. 1855-жылы Кубат бий Цин империясына каршы боштондук кыймылын жургузуп аткан кашкардык Жусуп Кожонун чакырыгы менен аскерлерин алып Чыгыш Туркстанга кеткен. Бул окуядан кийин, ушул убакка чейин Кубат бийдин тагдыры белгисиз. Ал аймакта каза болгонун уккан карындашы Аксуусардын «Кубат бий олбой кут олду, кушчу, мундуз журт олду» деп кошкондугу эл оозунда айтылып калган.

Жайгаштыруу: 2016-05-20, Көрүүлөр: 4400, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-20
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо