Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Касым Тыныстанов Ысык-Көлгө

Касым Тыныстанов "Ысык-Көлгө" деген чыгармасында өзү туулган жерине болгон сагынуусун билдирүү менен бирге өз мекенинин кооздугун, жайкалган алтын кен экендигин ошондой эле калың токоюн, торгоюн, ак куусун, суусун сүрөттөгөн. Акын бул чыгармасын казак жергесинде жүргөндө жазган.

Ысык-Көлгө
Кайдасың кең Ысык-Көл, тууган жерим,
Киндигим кесип, кирим жууган жерим!
Көргөн жан кооздугуңду сагынат ко,
Жайкалган сен Каракол алтын кеним.
Барсыңбы, Түп, Жыргалаң эки өзөн суу!
Үстүнө каздар конуп уя салган кыйкуу.
Жайылган соодагердин койлорундай,
Көл бетин беришпеди үйрөткөн ак куу.
Айланаң ашык эмес, калың тогай.
Ушады тогайыңнан сайрап торгай.
Турады көз алдымда бул күнгидей,
Кетпейсиң көкиректен мына сол жай!
Жылтырап таудан аккан суун кандай?
Балапан конуп, учкан нууң кандай?
Сай-сайдан кечке турум анчыркаган,
Бураң бел арууларың сенин кандай?!
Ах, жерим! Жаңылдырдың мени эсимен,
Таянып түскөн кезде күн бесиннен.
Кең далаң көрүнүүчү эди бейиске оксап,
Макмал жел коңургакпен самал эскен!..

Жайлоо
Күзгүдөй мөлтүрөгөн тунук булак,
Сай-сайдан үн алышып, түшкөн туйлап.
Ыр ырдап, токсон түрдүү күүгө салса,
Үнүнөн танасыңбы турсаң тыңшап.
Токтобой жүрүп турган жели кандай,
Таптаза, каштай тунук, жытгуу атырдай.
Бетиңден сылап, сыйпап эркелетсе,
Көңүлүңдө кайдан калсын чер жазылбай.
Килемдей түрдүү чөптүн гүлү аралаш,
Үстүндө малы жатса адашып баш.
Саргарып сан жылдардай күткөн жыргал,
Көзүңө көрүнбөйбү элес-булас.
Мындагы айран, кымыз кең эмеспи,
Булактай агып жаткан кен эмеспи.
Дүркүрөп төрт түлүгүң өсүп турса,
Кең жайлоо жанга жыргал жер эмеспи.
Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)