Кайра жаралуу доору

"Кайра жаралуу доору" 14-16-кылымдарда Батыш Европадагы өлкөлөрдө чоң өзгөрүүлөр жүрдү. Табиятты изилдөө - эң башкы милдетибиз деп эсептеген окумуштуулар чыкты. Алардын эмгектери азыркы илимдердин башаты болуп калды. Акындар менен сүрөтчүлөр курчап турган дүйнөнү жана адамды турмушта, чындыкта кандай көрүнсө ошондой кылып өз чыгармаларында чагылдырууга аракеттене башташты. Окумуштуулар, акындар, архитекторлор, скульпторлор мурдагыдай диний китептердин жолун жолдобостон илимге, байыркы элдердин, өзгөчө байыркы гректердин чынчыл, жашоо кубанычын чагылдырган искусствосуна таяна башташты. Мына ошондуктан 14-16-кылымдар Европа тарыхында "Кайра жаралуу доору" деп аталат. Кайра жаралуу дооруна чейинки орто кылымдарда дин адамзаттын ой-пикири менен маданиятынын өнүгүшүнө кедерги болду.

Уламачылык - кудай жөнүндөгү окуу бардыгын түшүндүрүүчү, баарын камтуучу илим деп эсептелген. Чыныгы илим такыр эле өнүкпөй калган десе да болот, ал эми искусство негизинен динге кызмат кылган. Имараттардын эң кооздору, заңгырагандары чиркөөлөр эле. Сүрөтчүлөр менен скульпторлордун чыгармалары адатта динге байланыштуу болгон. Эмнеликтен орто кылымдардагы турмуш, дүйнө тууралуу көз караштар 14-16-кылымдарда адамдарды канааттандырбай калды? Улам жыл өткөн сайын Европада шаарлардын, соода менен өнөр жайдын мааниси жогорулай баштаган. Алгачкы капиталисттик ишканалар - мануфактуралар пайда болгон. Шаарлар байып, чоңоюп жатты. Эми алар башка өлкөлөр менен карым-катышсыз жашай албай калган.

Шаардыктар товарларды гана алмашпастан илим-билимдерин, иш-тажрыйбаларын, техника жаңылыктарын, ойлоп чыгарууларын, идеяларын да бири-бирине таратышкан. Деңиз саякатчылары жаңы жерлерди ачышкан, окумуштуулар аалам сырларына улам тереңдеп кире башташкан. Ушул мезгилде көптөгөн илимий ачылыштар жасалып, ойлоп чыгаруулар пайда болду, жаңы китептер, мыкты искусство чыгармалары жаралды. Ушунун баары адамдарда өз күчүнө, өз акылына ишенгендик сыймыктануу сезимин пайда кылган. Эгер эски, диний көз карашта адам эч нерсеге арзыбаган, күнөөгө баткан бир байкуш катары эсептелсе, эми адам бул турмуштун бардык жакшы нерселерин көрүүгө акылуу деген көз караш калыптанып, улам бекемделип жатты. Мындай жаңы идеяларды өнүктүргөн адамдар өздөрүн гуманист деп аташкан. Бул болсо дайыма адам жөнүндө ойлонгон ойчул дегенди туюндурат (латынча гомо - адам, ал эми гуманус - адамзаттык дегенди билдирет).

Көптөгөн гуманисттердин окуусун (уламачылыкты) жалган илим деп эсептешкен. Гуманисттер табиятты изилдөө менен чектелип калышкан эмес. Алар искусстводо да табиятты жана адамды туура, башкача айтканда, реалдуу сүрөттөөгө умтулушкан. Алар адамдын касиети, кадыр-баркы анын тегине эмес, жеке сапаттарына, коомго сиңирген эмгегине жараша болот деп эсептешкен. Кайра жаралуу доорундагы сүрөтчүлөр адам денесинин сулуулугун даңкташкан, адамдын жүзүнөн анын рухун, акыл-эсин көрсөтүүгө умтулушкан. Мисалы, италиялык сүрөтчүлөр Рафаэль менен Леонардо да Винчи мадонналардын (кудайдын энесин) сүрөтүн тартууда уламыштагы кудайды төрөгөн аялды эмес, эне болуунун улуулугун жана кубанычын, өз заманындагы кадимки эле аялдардын сулуулугун даңкташкан.

Мындай чыгармалар чиркөө үчүн тартылгандыгына карабастан, алар диний сүрөт-икона болуудан кала баштаган. Кайра жаралуу доорундагы улуу сүрөтчү жана скульптор Микеланжело Буонарроти жасаган баатырлардын зыңкыйган кеп-келбеттери сүрөтчүнүн өзүнүн кубаттуу, турмуштун ысык-суугуна бышкан рухун чагылдырган. Таланттуу архитекторлор эми көбүнчө чиркөөлөрдү эмес байлар менен атактуу адамдардын үйлөрүн жана ак сарайларын сала башташты. Италиялык акын Данте Алигьери Ажайып комедия деген атактуу поэма жазган. Ал бул поэмасында адамзаттын эң мыкты өкүлдөрүн даңктаган.

Кайра жаралуу доорундагы башка акындар - Петрарка, Ронсар, Камоэнстин ырлары да көп окулат. Сервантестин романынын каарманы Дон Кихоттун саякаты азыр да окурмандарды толкундантат. Шекспирдин трагедиялары менен комедиялары - кайра жаралуу доорундагы адабияттын улуу жетишкендиги. Фридрих Энгельс "кайра жаралуу доору" жөнүндө мындай деп жазган: Бул - ошол кезге чейинки адамзат башынан өткөргөн прогрессчил төңкөрүштөрдүн эң улуусу, ой жүгүртүү күчү, умтулуусу жана мүнөзү, ар тараптуулугу жана окумуштуулугу жагынан айырмаланган титандарга муктаж болгон жана ошондой титандарды жараткан доор эле...

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)