Энесай маданиятынын кол өнөрчүлүгү

Энесайлык кыргыздардын темир устачылыгы, зергердик өнөрү, боз үйү, аялдардын асемдүү жасалгаларын, ат жабдыктардын жасоо өтө өнүккөн. Байыркы тарыхый жазмаларды, тарыхый сүрөттөрдү карап келгенде сак, хун, үйсүн, дөөлөс, түрк тарыхына абай салсак алардын кадимки кооз ээрлери болгон эмес.

Көчмөн уруулардын ичинен улуттук ээрин эң алгачкы чапкан кыргыздар болушкан. Кыргыздардын ажолору (кагандары) кушбаш ээрдин кашын алтындан жасатканын санжырада, элдик оозеки чыгармалардан, "Манас" эпосунан окуйбуз. Эң мыкты усталарды, эң кымбат буюмдарды жасаган чеберлерди каган ордосуна иштеткен. Кыргыздар атам замандан алтынга бай болгон. Жеринен алтынды табууну жана баалуулугун билишкен. Муну байыркы грек тарыхчысы Феофилакт Симокатта (VI-VII к) далилдейт. Элүүгө чукул алтын оюусу менен кооздолгон кемер курларды курчанган байлар болгон.

Байыркы кыргыздар менен кошуна көчмөн уруулардын чабышы алтындан улам башталган учурлары көп. Ошондогу казына-кенч катылган казанактардан кагандын алтын тагы, алтындан уютулган канаттуу тулпар, тоо, куштардын бедиздери жер астынан табылган. Түрк чежиресинде (санжырасында) Энесайдагы кыргыздардын шаарынын жанында күмүш кен болгонун, аны иштеткенин айтат. Кыргыздардын урунган казан-аягы, идиштери, кашыктары жана кутулары бүтүндөй күмүштөн болгон. Кыргыз усталары, зергерлери ат жабдыктарын, ээрлерин, жүгөн, куюшкандарын, жоокер куралдарын, аялдардын шакек-мончокторун, бычактын, камчынын саптарын, оттук таштын каптарын, кемер курларын ж.б. бүтүндөй күмүштөн жасаган. Байыркы кыргыздар, темирди камырдай жуурган мыкты усталар кесиби боюнча зергер, куюучу, уста, кыруучу, бедизчи ж.б. болуп бөлүнгөн.

Байыркы кыргыздардын жана көчмөндөрдүн эң чоң жетишкендиги - темирди дүйнөдөгү башка элдерден эрте таап алгандыгы. Андан ат жабдыктарын жасап, жер айдаганга колдонушкандыгы. Кыргыздар жоокер куралдарын - кылыч, найза, жебени жана зоот кийимдерин жасашкан. Кыргыздардын темир таап, курал жасаганын үйрөнгөн тентек элдер Батышты көздөй чоң казатка аттанып, уктагандарга чуу салганы тарыхта белгилүү эмеспи.

Хакасиянын Уйбат талаа-түзөңү байыркы көчмөн бабалардын кышкы жана жайкы утурумдук конуш жайлары болгон. Тарыхый эстеликтер мында арбын: эски сокмо сепил чептердин урандыларын, хан ордосунун казылган ордун, топ-топ тизилген корукталган төбөсү чыккан, кыйшайган таштардын катарын, ар тарабынан казылган көрүстөндөрдү көрөсүң. Деле Түштүк Сибирде байыркы баба көрүстөндөрү өтө көп. Чет өлкөлөрдүн окумуштуу, археологдору байыркы кыргыздардын тарыхын жана маданиятын көрүстөндөрдөн табылган эстеликтер боюнча изилдеп, илимге жаңылык ачып беришти. Алар байыркы кыргыздардын шаар урандыларынан, көрүстөндөрүнөн өрттөлгөн сөөктүн калдыктарын, карапа буюмдарды, кемер курларды, асыл курал-жарактарды, соко, жаргылчак, соку, соок кетмен, балта, чопо жасаган калыпты таап чыгышты. Байыркы кыргыздар кесе, чыны табак, тамак салар, тамак куяр жалтырак идиштерди мыкты жасаган. Мындай табылгалар Алтайда, Орхондо да, Тувада да эң арбын. "Чаа-тас" маданиятынын кийин IX к. Кыргыз мамлекетинин, согуш өнөрүнүн, маданиятынын гүлдөп өскөн, жетилген мезгили болгон: кагандыкта рун жазмасы жана дүйнөлүк диндер тарайт; кыргыз кагандары мамлекетке акча киргизүүгө аракет кылат; шаар куруу жана дыйканчылыгы өсөт; кыргыз маданиятынын эстеликтери Борбордук Азияга кеңири тарайт.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)