Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Эчки

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Эчки

Бакма эчкилер бизге үлпүлдөгөн жеңил ичке жана жылуу тыбыт, мындан башка абдан баалуу жана дарылык касиети бар сүт берет. Силер көк жайыкта улактардын так секире оюн салып жүргөндөрүн көрдүңөр беле? Алар шамдагай жана кыйын секиришет, дарактардын ылдыйыраак бутактарына, ал гана эмес тамдын кырына да чыгып кетишет. Чоң эчкилер да шамдагай жана чыйрак келишет. Бакма эчкилердин теги - безоар (чоң сакал) жана бурама мүйүз эчкилери. Булар да чыйрак келип, Безоар жапайы эчкилери Афганистан, Иран, Закавказье, Кичи Азияда бар. Ал эми бурама мүйүз жапайы эчкилер Гималайда, Түркмөнстандын түштүгүндө жашайт. Безоар жана бурама мүйүз эчкилери тоолордо жашап, аска-зоолордо таштан-ташка оңой эле секирип жүрүшөт. Алар бакма эчкилердей эле чөп, жалбырак, дарак жана бадалдардын жаш бүчүрлөрү менен азыктанышат.

Безоар жана бурама мүйүз эчкилер өтө аз, ошондуктан коргоого алынып, аларга аңчылык жасоого тыюу салынган. Ал эми бакма эчкилер бизде абдан көп. Алардан сүт, жүн, тыбыт алынат. Ушуга карата эчкилердин породалары да жүн, тыбыт жана сүт берүүчү болуп бөлүнөт. Эчки - чөп-чарды тандабай жей берет жана өтө чыдамкай келет. Аларды амалкөй жана эстүү деп да айтышат. Бакма эчкилерге байкоо жүргүзүп көргүлөчү, чынында эле ошондой бекен?

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 616, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу