Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Чиркей

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Чиркей

Кээде чиркейдин тынымсыз ызылдап, кулак-мээни тажатканынан жана чакканынан (өзгөчө ал ач кезде) артыңды карабай качкың келет. Чиркей анча деле оорутуп чакпайт. Бирок ал чакканда чыгарган шилекейинен дене дүүлүгүп, кычыша баштайт. Ал эми безгек чиркейи чакса анын шилекейи менен кошо эң оор дарт - безгек оорусунун козгогучтары канга кирип кетиши мүмкүн. Безгек чиркейин кантип айрып билүүгө болот? Безгек чиркейи конуп турганда анын курсагы арткы эки буту менен кошо бурчтанып көтөрүңкү абалда болот. Ал эми курсагын ылдый түшүрүп бүкүрөйүп отурган чиркейлер коркунучтуу эмес.

Чиркейдин ургаачылары гана кан сорот. Ал эми эркектери өсүмдүктөрдүн ширеси менен азыктанат. Күндүзү алар көңдөйлөргө, бадалдардын көлөкөсүнө чогулушат. Ургаачылары көбүнчө өзүнө азык табыла турган жердин - сарайдын, бөлмөлөрдүн шыбында отурат. Канга тойгон ургаачы чиркей обочороок жердеги бурчка учуп кетет. Ал соргон канды сиңирмейинче ошол жерден учуп чыкпайт. Бул учурда ургаачы чиркейдин курсагында жүз миңдеген жумуртка өөрчүй берет.

Алар акырындык менен чиркейдин курсагына толуп чыгат. Ошол мезгилде ургаачы чиркей учуп чыгып, жумурткасын сууга жакын жерге таштайт. Чиркейдин личинкалары сууда - көлчүктө да, көлмөдө да ал тургай өтүктүн, туяктын суу болуп калган чуңкур изинде да жашайт. Личинкалар акырындык менен куурчакчаларга айланат, алар да сууда жашайт. Куурчакчалардан жетилген чиркейлер чыгып бир азга отуруп, андан кийин учуп кетишет. Чиркейлердин тиричилигин адамдар бекеринен изилдешкен жок. Чиркейлер безгек оорусун тарата турганын так билишкенден кийин, аларга каршы согуш жарыялашты. Адамдар саздарды кургатып, чиркейлердин личинкаларын жей турган балыктарды өстүрө баштады, аларды жок кылуучу ар түрдүү заттарды колдонушту. Токойдо, айрыкча тайгада, чиркейден коргонуу үчүн бетке атайын тор кийип жүрүүгө, түнкүсүн даки сыяктуу кездеме жамынып уктоого же дененин ачык бөлүктөрүнө чиркейлер жолобой качуучу атайын аралашмаларды же дары майларды сыйпанып жүрүүгө туура келет.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 2231, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу