Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Чикит

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Чикит

Чикит оюнун чикилдек, же чикеле деп да аташат. Чикитти мектеп жашындагы эркек балдар команда түзүп же эки киши болуп да ойношот. Чикит үчүн эки учу карандаш сыяктуу учталган жоондугу эки сантиметр, узундугу 15-20 сантиметр келген жыгач керек. Ушунусу чикит деп аталат. Чикитти чабыш үчүн узундугу бир метрдей, жоондугу камчынын сабындай болгон таяк керек. Бул таякты кайсы бир жерлерде эне чикит деп да аташат. Чикит чабыш үчүн, диаметри 1-2 м алкак сызылып, анын ортосуна таяктын учу баткандай чуңкурча казылып, чуңкурчанын үстүнө туурасынан чикит коюлат. Оюндун алдында эки тарап таяк кармашат да, таяктын учуна биринчи чыккан команда чикит чабууну биринчи баштайт. Оюндун тартиби: чуңкурчанын үстүндө туурасынан коюлган чикитти астынан таяк менен көтөрүп, жогору ыргытат да, аны жерге түшүп келе жатканда таяк менен катуу чабат.

Экинчи команда чикит учкан тарапты жайыла карап турушат. Алыс учуп барып түшкөн чикитти алар кайра ыргытат. Эгерде ыргытылган чикит алкактын ичине түшсө, анда чикит чаап жаткан бала кезегин өнөгүнө берет. Эгер ыргытылган чикит алкактын чегине жетпей, сыртына түшсө же алкактан ашып барып түшсө, чикит чапкан бала чикит түшкөн жерге барып, аны бир учунан таяк менен көтөрө чаап, чикиттин учуп барып түшкөн жеринен алкакка чейинки аралыкты таягы менен өлчөйт да, аны өздөрүнүн эсебине жазат. Бир жолку оюнда ар бир оюнчу чикитти үч ирет урууга акылуу, эгер оюнчу чикитти урганда, чикитке тийгизе албай калса, ал үчүнчү жолкусу болсо, таякты кезек күтүп турган өнөгүнө берет. Канча таякка чейин ойноорду жана канча ирет ойноорду мелдешкен тараптар өздөрү белгилешет. Белгиленген сандагы упайларга ээ болгондо, жеңилген тарапка жаза буйрулат.

Жеңген тараптын бирөө үч жолу чикит чабат. Мисалы, биринчи чапканда - 15 м, экинчи чапканда 20 м, үчүнчү чапканда 10 м учту дейлик. Бардыгы 45 м болот. Ошол 45 м аралыкты жеңилген командадан бирөө: Ак бай, ток бай, уяттары жок бай. Катуу жорго кашка тай, кадик болгон Башка тай, катуу чапса, чарчаба, жеткирбегин башкага, чабалекей чым-м, чум-м-м... деп, дем албастан жүгүрүп келиш керек. Эгер жүгүргөн бала дем алып койсо, жеңилген тараптын капитаны жеңген тараптын капитанын аркасына көтөрүп алып, ошол аралыкты чуркап өтөт. Чикит чабуунун ыкмалары өтө көп: 1)Таякты бутунун ортосунан сууруп алып чабуу, 2)Аркасынан сууруп алып чабуу, 3)Чикитти жерден жогору ыргытып жиберип, тегеренип келип чабуу жана башкалары бар.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 499, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу