Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Чалкандын колдонулушу (мал чарбада)

Баш барак | Ветеринария | Чалкандын колдонулушу (мал чарбада)

Чалканды билбеген адам деле жок болуш керек, бирок анын дарылык касиетин көчүлүк адамдар биле беришпейт.

Чалканды дарылыкка даярдоо: Дарылыкка чалкандын жалбырактары колдонулат. Аларды чалкан гүлдөп турган убакта үзүп алып көлөкө жерлерге кургатыш керек. Күндүн нуру түз тийсе жалбырактагы витаминдердин көбү зыян тартып калат. Кургатылган жалбырактардын арасынан карарып калгандарын, сабактарын, гүлдөрүн алып салыш керек. Кургатылган чалканды эки жыл сактаса болот.

Химиялык составы: Чалкандын жалбырагында аскорбин кислотасы, каротин (провитамин А) витамин К, кант, крахмал ж. б.

Колдонулушу: Чалкан жаңы өсүп келе жатканда малга жана канаттууларга берсе болот. Тоют баалуулугу боюнча ал буурчактарга жакындайт жана көптөгөн витаминдери бар. Чалканда каротин сабизге караганда эки эсе көп, аскорбин кислотасы болсо карагаттагыдан көп болот. Чалкандын канды коюлтуп, агышын токтоткон касиети бар, ошондуктан өпкөдөн жана ичегиден кан акканда колдонулат. Ошондой эле организмде кан аз болгондо, витаминдер жетишпегенде колдонсо болот. Ал кандагы гемоглобиндин көбөйүшүнө жана эритроциттердин санынын көбөйүшүнө көмөк көрсөтөт. Музоолорго ичи өтүп чычкактаганда жана авитаминоз болуп ооруганда дарылыкка чалкандын кургатылган жалбырактарынын тундурмасы берилет. Кургатылган жалбырактын дозасы:- жылкы менен уйга 25-50 гр, койго - 10-15 гр, чочко - 10-12 гр, канаттууларга 3-10 гр. бир күндө 2-3 жолу берилет. Чалкандын жалбырактарынын тундурмасы 1:20 катнашында даярдалат (1гр кургак жалбыракка 20гр кайнатылган суу) Музоолорго тоюттандыраарга 30-40 минута калганда 1 стакандан ар 3-4 саатта бериш керек.

Жайгаштыруу: 2016-08-18, Көрүүлөр: 1483, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-08-18, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу