Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Бозүй

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Бозүй

Элибиз эзелтеден ыйык тутуп, ата - бабадан калган мурас катары ардактап тигип келген бозүйдү силер, албетте билесиңер. Бозүй жалпы эле көчмөн элдердин негизги ысыкта саябандоочу, сууктан калкалоочу, жашоо турмушу өтүүчү турак-жайы болгон. Бозүй - көркөм, тигип-чечүүгө жана көчүп-конууга ыңгайлуу жөнөкөй жана жеңил. Аны чечип, жыйнап койсо, бир төөлүк гана жүк болот, тигип койсо, адам жашай турган үйгө айланат. Бозүй кыргыз элинин кол өнөрчүлүгүнүн эң мыкты үлгүсү. Бозүйдүн эң мыктысы өргөө деп аталат. Ага от жагылбайт, чыгдан тартылбайт.

Бозүй негизинен жыгач, кийиз, чий, боо - чуудан турат. Бозүйдүн жыгачына түндүк, уук, кереге, босого, каалга, бакан кирет. Бозүйдүн төбөсүндөгү жарык кирүүчү жана түтүн чыгуучу тегерек жыгачы түндүк деп аталат. Түндүк менен керегени бириктирүүчү чабак жыгачтар уук. Бозүйдүн уук бекитилүүчү таяныч жыгач жасалгасы кереге. Кереге бири-бирине кайчылаштыра көзөлүп көктөлгөн таякчалардан жасалат.

Керегенин санына жараша үй канатка бөлүнөт. Мисалы үй төрт керегеден тигилсе төрт канат үй, алты керегеден турса алты канат үй делет. Бозүйдүн көркү менен көлөмү керегенин жайылышына жараша болот. Бозүйдүн эшигинин эки жан жагына босого бекитилет. Алардын төмөнкү учу жер босого, жогорку учтары баш босогого ашталат. Босогого чакан каалга жасаса да болот.

Сырты кийиз менен капталган чий эшик менен жабылат. Бозүйдүн түндүгүн көтөрүүдө жана кийиздерин көтөрүп салууда колдонулуучу бир учу ача жыгач - бакан же түндүк бакан деп аталат. Бозүйдүн кийизине үзүк, туурдук, түндүк жабуу кирет. Үзүктөр ууктун үстүнөн жабылат, туурдуктар керегенин сыртынан каланат. Түндүк жабуу түндүктүн үстүнө жабылат. Бозүйдүн чийине канат чий, чыгдан, эшик чий кирет. Канат чий чырмалып же чырмалбай актай эле согулат да, кереге менен туурдуктун ортосуна каланат.

Чыгдан чий көбүнчө оюм түшүрүлүп чырмалат. Ал тамак-аш, казан-аяк коюу үчүн бозүйдүн эпчи жаккы бөлүгүнө калканчы катары коюлат. Боо-чууга баш чалгыч, уук тизгич, кереге чалгыч, эшик боо, туурдук боо, үзүк боо, желбоолор, жабык баш боо, канат боо, түндүк жабуунун боосу, кырчоо кирет. Ал ар оюу салынып, түрлөнтүп да өрүлөт. Эми ушул бөлүктөр кандайча жайгаштырылып, бозүй тигилет? Адегенде шамалдан ыктоо, түз, сууга жакын таза жер тандалат. Тор керегеси жайылып, ага улай канат керегелер тегерек тарта коюлат да, алар бириккен жерлер саканактары аркылуу ашталып бекем таңылат. Керегенин учтарына босого таяктар бекитилип, кереге чалгыч салынат. Анан түндүк көтөрүлүп, анын көзчөлөрүнө уук сайылып, экинчи учу (ууктун алаканы) керегенин башына байланат.

Уукка уук тизгич чалынат. Андан кийин жабык баш менен тегирич жабылат. Андан соң канат (чий) кереге курчалып, сыртынан туурдуктар каланат. Ууктун үстүнө үзүктөр салынып, акырында түндүк жабуу жабылат. Үй тигилип бүткөн соң анын ички жасалгасын да орду менен жайгаштыруу ага көрк кошот. Бозүйдүн так ортосу коломто, эшиктин бет маңдайы төр, эшиктин жаны улага, киргендеги сол тарап эр жагы (ыпча деп да аталат), оң тарап эпчи жагы деп бөлүнөт. Бозүйдүн эшигин ачып, босогосун аттап кирер менен эле төрдөгү жыйылган жүккө көз түшөт.

Керегедеги не бир түрлөнүп сайылган туш кийиз, түркүн ою түшүрүлүп жасалган жердеги шырдак, ала кийиз, көлдөлөңдөр көз жоосун алат. Эпчи жагында алабакан, чыгдан жайгашкан, кереге баштарына аяк кап, чыны кап илинген. Сабада шырылдап кымыз ачып турат. Анын жанында көөкөр, көнөк, көнөчөктөр койкоёт. Эр жагына эркек кишинин кийими, куралы, ат жабдыктары илинип коюлган. Улаганын бир тарабында ээр токум, эгин салынган кап, экинчи жагында отун турат.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 970, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу