Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp *** Таанышуу боюнча жарнамалар 1 жумага 50 сом

Билим берүү процессинин субъектилери. Субъектин категориясы

Субъекттин категориясы философиянын борборунда болуу ченен, психологиялык шшмдин терең көнүл буруусуна түрткү болду. СЛ. Рубинштейн белгилегендей, философиянын негизги маселеси бул түрдүү формадагы субъектилерди, жашоонун ыкмаларын, кыймылдын түрдүү формаларын ачуу болот. Ошону менен бирге аракеттин негизги формасы катары иш-аракеттин субъектилерин аныктоо жана ачуу маселеси кирет. Билим берүү субъектилерин анализдөө философиялык маселе гана болбостон, педагогикалык часеле болуп да саналат. С. Л. Рубинштейндин көз карашы боюнча субъекттин категориясына төмөңдөгүдөй мүнөздөмө берүүгө болот.

Биринчиден, субъектинин категориясы дайыма объектинин категориясы менен тең коюлат. С. Л. Рубинштейн тең байланышта болгон эки багытты белгилейт: 1) жашоо-тиричилик объективдүү реалдуулук катары, адамдын аң-сезимдүүлүгүн пайда кылдыруучу объект катары. 2) адам субъект катары, жашоотиричиликти ачуучу, таанып-билүүчү катары, өзүнүн аң-сезимдүүлүгүн ишке ашыруучу катары.

Экинчиден, таанып-билүүчү субъект, же болбосо илимий тааныпбилүүчү субъект дайыма коомдук субъект, жашоо-тиричиликти коомдук-тарыхый түзүлүштөгү формаларда аңсезимдуү таануу. Үчүнчүдөн, коомдук субъект иш-аракетте да, конкреттүү индивиддин жашоо-тиричилигинде да бар болуп, активдүүлүгүн көрсөтө алат. Төртүнчүдөн, "Мен" жана башка адам мамилесиндеги проблеманы кароо менен, С. Л. Рубинштейн, "Мен" кандайдыр бир иш-аракетти болжолдойт жана, тетирисинче, эрктүү, башкарууга мүмкүн болгон, аң-сезимдүү регулировкаланган иш-аракет, ошол ишаракеттин кыймыл-аракеттеги адамды болжолдойт, же болбосо аталган "мен" индивидди белгилейт. Мындай жобо бир гана субъектти мүнөздөөчү сапатта берилбестен, иш-аракетти да камтыйт. Бешинчиден, субъект аң-сезимдүү аракеттеги адам, анын өзүн өзү андап билүүсү бул өзүн өзү жандуу нерсе катары андап билүүсү, дүйнөнү жана аны, субъект катары өзгөртүүчү чөйрөнү аң-сезимдүү таануучу, практикалык жана теориялык иш-аракет процессиндеги, кыймыл-аракеттеги адам, же болбосо аң-сезимдүү аныкталган ишаракеттин субъектиси.

Мындай аныктама С. Л. Рубинштейндин теориясында афоризм формасында "Адам жашоонун субъектиси катары" белгиленет. Алтынчыдан, ар бир субъект башкага болгон өзүнүн мамилеси аркылуу аныкталат. Жетинчиден, ар бир "Мен", жеке адамды да, жалпы адамды да аныктоо менен, коллективдик субъект.

"Мен" бул коллективдик субъект, субъекттердин биримдиги, инсандардын биримдиги; "мен" бул "биз". Субъекттин сегизинчи мүнөздөмөсү, иш-аракеттин субъектиси өзү ошол иш-аракетте калыптанат жана жаралат, анын предметтелиши субъекттин өзүн белгилейт жана аныктайт.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)