Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Балдар психологиясынындагы феталдык мезгил

Үчүнчү айдын башынан төрөлгөнгө чейинки учурду камтыйт. Ушул учурда көптөгөн органдар жана организмдин системасында иштей баштайт. 4-5 айында манжаларда тырмак пайда болуп, денеси түзөлөт, мойну белгиленет. Төртүнчү айдын башында түйүлдүктүн бети адамдыкына окшошот. Бул учурда түйүлдүктүн денеси өсүп салмагы артат. Беш айлык түйүлдүктүн узундугу 230 мм-ге, салмагы 500 граммга жетет.



Түйүлдүк кыймылдап, башын бурат, андан кийин бүтүндөй денесин бура баштайт. Көздөрүн кыймылдатканга аракет кылат, эриндерин кыймылдатып, оозун ачат, дем алуу көнүгүүлөрүн пайдаланат, соруу кыймыл аракеттери байкалат. Беш айда кыймыл-аракеттин күчү жана көлөмү жогорулагандыктан эне түйүлдүктүн тизелерин чыканактарын, башын айырмалап сезүүгө мүмкүндүк алат. Алты-жети айында түйүлдүктүн узундугу 300-350мм, салмагы 800-1300 грамм болот. Анын бетинде каштын, кирпиктин белгилери пайда болот, сөөк системалары өнүгөт, чачтары өсөт.



7-айда түйүлүлдүктүн баш мээсинин бардык структурасы жетилип, организмдин бардык системасынын иштөөгө даярдыгы чөйрөгө активдүү адаптацияланышын байкоого болот. Түйүлдүк 28 жумадан кийин өз алдынча жашоого жөндөмдүүлүгү байкалат, ошондуктан жети айлык төрөлгөн ымыркайдын жашоосунда коркунучтуу абал пайда болбойт. Сегиз айында түйүлдүк бир жумада 200 граммга чейин салмак кошуу менен, организми сырткы чөйрө менен таанышууга даярдык көрө баштайт, түйүлдүктүн салмагы 2 кг-га, денесинин узундугу 42 см ге жетет. Тогуз айында түйүлдүк өсө берет жана дүйнөгө келүүгө даярданат, башын төмөн көздөй буруп жатат.



Түйүлдүк 1-2 жума калганда түйүлдүк «старттык позициясын» ээлеп, аны менен бирдикте эненин денеси даярдык көрө баштайт. Е. Е.Сапогованын окуу куралында (58,156) белгиленгендей бала төрөлгөнгө чейин ата-энеси менен «сүйлөшө» алат. Ассошэйтед Пресс агенствосу билдиргендей АКШда 1986-жылы 700 ата жана энени бала төрөлгөнгө чейин атайын программанын негизинде окуткан. Окутуу кош бойлуу эненин беш айлык мезгилинен башталат. Адегенде күнүнө эки жолу эненин курсагын чапкылашкан, эки айдан кийин бул сигналга карата түйүлдүктө реакция пайда болот, ал мурунку сигнал берилгенде кыймылдай баштайт.



Жөнөкөй сөздөрдү айтуу ушундай сигналдар менен бекемделген. Экинчи учурда окуучулардын бири кош бойлуу аялынын курсагына жаагын жөлөп «Бөбөк мен сенин атазмын»,- деп даана айткан. Бала төрөлгөндөн кийин атасы ошол фразасын балага кайталап айтканда бала сөзгө болгон реакциянын негизинде ыйлаганы басылып, атасынын үнү чыккан жакка башын бурууга аракеттенет. Мындай ата-энени окутуунун натыйжасында төрөлгөн баланын тили эрте чыккан, ата-энесин ынтаа коюп угушкан.



Демек борбордук нерв системасы эненин организминде эрте пайда болуп кызмат кылат. Пренаталдык мезгил – түйүлдүктөн төрөлгөнгө чейинки учурду камтыйт. Баланын төрөлүшү жазы төрөлгөн ымыркай жана энеде күчтүү стресс абалында өтөт.



Жайгаштыруу: 2017-06-05, Көрүүлөр: 627, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-06-05
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо