Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Балдар психологиясынындагы эмбрионалдык мезгил

Эмбрионалдык учур, бойго бүткөн күндөн 2- жуманын аягынан, 2-чи айдын аягына чейинки убакытты камтыйт. Бул учурда бир убакытта 2 негизги процесстер жүрөт. Клеткалардын сырткы катмарынан, эмбрионду азыктандыруучу, коргоочу ткандар жана структуралар пайда болот. Түйүлдүк дискасынан эмбриондун өзүнө мүнөздүү болгон бардык органдар өнүгөт. Бул мезгил ичинде түйүлдүктүн негизги органдары өсүп чыгат: колу, буту, бети, мээси, өпкөсү, сого баштаган жүрөгу ж. б. Демек, эмбрионалдык мезгилдин аягында түйүлдүктө адамга гана тиешелүү болгон өзгөчөлүктөр байкалып калат.



Эмбрион, коргоочу кабыкча менен капталган амниона кабында өнүгүп өсөт. Түйүлдүктүн өсүүсү, атайын өнүгүп калыптанган плацента деп аталган органдын жардамы менен азыктанат. Плацента имплантация болгондон баштап жети айга чейин өнүгүп өсөт.



Ал эмбрион менен киндик канаты аркылуу байланышта болот. Плацента жат заттарды кармап алып, азыктандыруучу заттарды өткөрүү менен эне менен эмбриондун организмдеринде заттардын алмашуусун камсыз кылып турат. Демек, эмбрион эне аркылуу тиешелүү заттар менен камсыз болот. Алты жуманын ичинде түйүлдүк тез аранын ичинде өсөт, ал гана эмес күн сайын айрым өзгөрүүлөр болуп турат. Эмбриондун имплантациясынан кийин клеткалар өз алдынча үч кабатка дифференциация болушат.



Сырткы кабыгынан, б. а. эктодермалардан – бара-бара тери, сезүү органдары, нерв системалары пайда болот. Ортозку кабатынан, же болбосо мезодермалардан – булчуз ткандары, кан жана бөлүп чыгаруу системалары өнүгөт. Ички кабаттан, б. а. энтодермалардан – өпкө, тимус, ашказан системалары ж. б. органдары пайда болот. Алар менен тез тайлаш нерв түтүкчөлөрү, жүрөк өнүгө башташат. Бойго бүтүүнүн 4-жумасында түйүлдүктүн нерв системасы примитивдүү болгону менен жүрөк сого баштайт.



Жүрөктүн жана нерв системасынын иштөөсү эмбрионду бүтүндөй организм катары өнүгүүсүн камсыз кыла баштайт. Бул мезгилде (6-8 жумада) түйүлдүктө адамдын сырткы белгилери, бети, кулагы, көзү, мурду көрүнө баштайт, бут-колдун аяктарында бөлүктөргө бөлүнүп белги салу, сүзүүчү жаргакчадай туташат, анан манжалар пайда болот.

Жайгаштыруу: 2017-06-05, Көрүүлөр: 1449, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-06-05
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо