Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Бадыраңдын зыянкечтери

Баш барак | Бадыраң өстүрүү | Бадыраңдын зыянкечтери

Бакча өсүмдүк бити канаттуу жана канатсыз ургаачылардан болот. Канатсыз ургаачылары жана личинкалардын анча-мынчасы отоо чөптө жана түшүм жыйноодон кийин калган калдыктарда кыштайт. Эрте жазда алар жанданып, отоо чөптөрдө өсүмдүк биттеринин колониясын түзүп, көбөйө башташат. Жайында канаттуу өсүмдүк биттери пайда болушат, алар жашылча өсүмдүктөргө учуп келишип, алардын ширесин сорушат. Натыйжада, жаш бутактары, гүлдөрү, мөмө байлагычтары жана жалбырактардын төмөнкү жактарынын формасы бузулуп, кургап калат. Күзүндө бит отоо чөпкө көчүп кетип, ошол жакта кыштайт. Бир сезондо өсүмдүк бити 14 муунга чейин өнүгөт.

Көк калемче чымыны (Ростковая муха) Ал көп чоң эмес, боз түстөгү чымын. Чымындын өзү эмес, анын личинкалары коркунучтуу. Куурчакчалары топуракта кыштайт. Жазында чымындын учуу мезгили ак кайыңдын гүлдөө мезгилине туш келет. Чымындын ургаачысы жакшы айдатылбаган кыгы менен нымдуураак топуракты артык көрүп, жумурткаларын топурактын кесектеринин алдына таштайт. 20 күндөн кийин личинкалар пайда болот. Личинка бадыраңдын урук үлүшүнүн муунунун алдын тешип, сабактын ичине кирип, өсүмдүктү өлүмгө алып келет. Азыктанып бүткөндөн кийин ал топурактын ичинде куурчакчага айланат. 12-16 күндөн кийин кийинки муундун чымындары учуп чыгат. Бир жылда көк калемче чымындын 4 муунуна чейин өнүгөт.

Желе кенеси чоң эмес, денеси башка, көкүрөккө жана курсакка бөлүнбөйт, 4 жуп буттуу, жашыл сары түстүү курт. Кышында желе кенесинин ургаачысы өсүмдүктүн калдыктарында, топурактын кесектеринини астында, курулуштартын жылчыктарында, маталарда, күнөскана рамаларында кыштайт. Жазында желе кенеси ээн жерлердеги отоо чөптөрдө, жолдун жана арыктын четтеринде, жөөктөрдүн катар аралыгында өөрчүйт. Кийинчерээк өсүмдүктөрдүн төмөн жагына көчүп, жумурткалайт. 5-7 күндөн кийин жумурткадан личинка пайда болот. Азыктанып бүткөндөн кийин алар нимфага, андан кийин чоң желе куртуна айланат.

Бир жылдын ичинде желе кенесинин 12-15 мууну өөрчүйт.Бадыраң зыянкечтеринин табигый душмандары: Эл кайда көчөт, алтын көз, габробракоБадыраңдын илдеттери, зыянкечтери менен биологиялык. агротехникалык жана элдик ыкма менен күрөшүү

Зыянкечтердин жана илдеттердин аталышыЧара көрүү жана препараттардын аталышыДаярдооЧачуу мөөнөтүКайталооЭскертүү
Грибок илдеттери, бактериоз, уруктарда сакталган илдеттерБиолигнин менен үрөндү нымдоо40-50мл биолигнинди 2-3 литр суу менен 1 кг үрөндүСебээрден 1 күн мурун1 жолу
Триходермин12-15 литр 500-800 литр суу мененВегетация маалында2 жолу
Уруктарды алоэ ширеси менен тазалооӨсүмдүктү колдонуудан мурда 5-6 күнө 20 градус температурадагы караңгы жерде кармап турат. Андан кийин алоэнин ширесин сыгып алып, суюлтулбаган бойдон ширеге уруктарды 24 саатка чейин салып коет да, аларды жуубай туруп кургатат
Уйдун кыгы1 бөлүк уйдун кыгына 6 бөлүк сууну кошот. Уруктарды ошол эритмеде 6 саатка чейин кармайт, андай кийин жууп туруп, кургатат.1
Ак кеберТриходермин12-15 литр 600 литр суу менен 1 гектаргаВегетация маалында2 жолу керек болгон учурда
Чириген чөп1 кг чириген чөптү 3 күн 3 литр сууда кармашат. Андай кийин аны чыпкалап, 3 эсе көбүрөөк суу менен суюлтуп, өсүмдүктөргө чачат.Илдеттин биринчи белгилериндеКечинде чачат
Фузариоз, тамыр чиригиТриходермин12-15 литр 500-600 литр суу мененВегетация маалында2 жолу
Календула (дары ноготкиси)Жөөктөрдүн арасына тигүү
Өсүмдүк битиАлтын көз, Калемпир150 - 200 шт 1 өсүмдүккө 100 г кызыл калемпирди 10 литр сууда 2 саатка чейин кармайт.Биттер пайда боло баштаганда өсүмдүк биттеринин колониясы пайда болгондоКерек болгон учурда
Чеснок150-200 гр чеснокту эт туурагычтан өткөрүп, 10 л суу менен аралаштырат.Өсүмдүк биттеринин колониясы пайда болгондоКерек болгон учурда
Кальцийленген сода1 чоң кашык соданы 1 л сууда эритип, аны ошол замат өсүмдүккө чачат.Өсүмдүк биттеринин колониясы пайда болгондоКерек болгон учурда
Картошканын жалбырактары менен сабагы1.2 кг жашыл же 600 - 800 гр кургатылган жалбырактарды сабагы менен 10 литр жылуу сууга 3-4 саат кармайт.Өсүмдүк биттеринин колониясы пайда болгондоКерек болгон учурда
Төө жалбырагыЧаканын 1/З бөлүгүнө майда кесилген төө жалбырагын салып, калганын суу менен толтурат. 3 күндөн кийин, чыпкалап, колдонот.Өсүмдүк биттеринин колониясы пайда болгондоКерек болгон учурда
Желе кенесиАмблисейус200 шт бир өсүмдүкө 1 кгКене пайда боло баштаганда
Кызгылт горчакМайда кесилген сабакты 10 литр суу менен толтуруп, 30 мүнөт кайнатат, муздатып, чыпкалайт, 30 грамм самын кошот.Өсүмдүк биттеринин колониясы пайда болгондоКерек болгон учурдаКенеге каршы бардык препаратт арды, өсүмдүк битине да каршы колдонсо болот
Картошканын жалбырактары менен сабагы1.2 кг жашыл же 600 - 800 гр кургатылган жалбырактарды сабагы менен 10 литр жылуу сууга 3-4 саат кармайт.Өсүмдүк биттеринин колониясы пайда болгондоКерек болгон учурда
Чеснок150 - 200 гр чеснокту мясорубкадан өткөрүп, 10 л суу менен аралаштырат, ошол замат колдонот.Өсүмдүк биттеринин колониясы пайда болгондоКерек болгон учурда
Эскертүү: Жашылчаларды экологиялык таза өстүрүүдө, зыянкечтерге, илдеттерге жана отоо чөптөргө каршы уу - химикаттарды пайдалануу айласыз болгондо гана аз өлчөмдө колдонуу сунушталат.

Жайгаштыруу: 2016-05-29, Көрүүлөр: 1123, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-29, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу