Намыс, ар

Эрегишкен жоо менен баатырлар "намыс" үчүн жерим, элим деп өткөндөгүнүн кегин кууп, кашык каны калганча салгылашкан. Кыргыз жоокерлери бет алдынан жарадар болгонду эрдик дешкен, артынан жарадар болгонду кордошкон, «коркок качып баратып ок жеди» дешкен.

Өлүмгө намыс, эрдик менен жалтанбай барганды сыймык көрүшкөн. Кызыл кыргын түшкөн майдан талаасын “Манас” эпосунда таасын сүрөттөйт.

Эпосто каңгайлар (кытайлар) кыргыз жоокерлеринин жоо кийимдерине жана аттарына абдан көз арткан. Каза тапкан же колго түшкөн көчмөн жоокердин ат-тонун адеп тоногонго шашышкан. Жоону жеңген кыргыздар талаадагы эрлердин сөөгүн жерге жашырган.

Жоокерлерди көмгөн жер кийин мазар болгон. Энесай кыргыздарынын каганы майданда эрдик көрсөткөн кошуун башчыларына, жалтанбас баатырларына, атуулдарына «Ишбара» (баатыр), «Билге» (акылман), «Алп», «Эркин», «Кылыч», «Арстан», «Бөрү», «Чагыр» (бүркүт) деген атактуу наамдарды берген. Ошого жараша энчи, олжо болгон. Мындай атак-наамды алгандардын коомдогу жашоосунда көп азаттыктар берилген. Алардын эрдиги ыр, дастан, күү болуп элге тараган.

Жоокер "намыс".Жоокердик өнөр бейпил жыргал замандын шарапатынан улам өнүгүп-өскөн жорук-жосун эмес, ал бейпай, күрдөөл күндүн кесепетинен өөрчүгөн. Көчмөн заманда жоокер бабаларыбыз жаш-карысы дебей оор мүшкүлдө кара жанын ала качпай, азаптан да, өлүмдөн да коркпогонго тарбияланган. Алар баштарына түшкөн каргашалуу күндөрдү чабыш, сапырык, күрөш, чабуул, жапырык, салгылаш, майкан, уруш, казат, согуш, майдан ж.б. деп ар түрдүү атай беришкен.

Жоокердик заманда кыргыздар мындай азап-тозоктун баардыгына чыдады. Эзелтеден хун, жужаң, түрк, уйгур, кидан, кытайлар менен далай ирет келме-кезек салгылашты. Алсызын жеңди, күчтүүсүнө багынды.

Теңиримдин бешенеге жазганы ушу экен деп кайгысын ичине жутуп, тирүүлүккө тобо кылды. Акыры бабалар бир жорукка чыдабаган: жерин таштай качканды, эң оор күнөө, кайгы, өлүмгө тете көрүшкөн.Келишим.

Зили кыргыздар согуштун болбой калышын каалаган жоосун жактырган. Эгерде өчөшкөн жоо акыл токтотуп, эсине келип, ат, бүркүт, кыз тартууласа, жоого эрегишкен эмес. Мындай жарашуулар байыркы көчмөн доордо көп болгон.

Бейпилдик келишимин кыргыздар алгач жазмасы жок доордо, кан чыгарып, канжар мизин жалашып, талды кыйып антташкан. Кат жазышып мөөр басышып, айланасына ак чачып, касам ичишип, Теңирге тайынышкан же ат, бүркүт, кыз жана баалуу буюмдарды тартуулашкан... "Намыс" деген ушундайбы? Энесай жазмаларында кыргыздардын 27 жолу казатка киргенин, анын 14 жолу кыргыздардын жеңиши менен аяктаганын айтат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)