Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Ардуино деген эмне

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Ардуино деген эмне
Arduino — бул жөнөкөй жана татаал автоматтык жана робототехникалык системаларды түзүүчү аппараттык-программдык жабдык маркасы. Программалык жагы аппаратурага программа түзүү жана аны компиляциялоо үчүн акысыз оболочкадан турат (IDE). Аппараттык чөйрөсү официалдуу жана эмес өндүрүүчүлөр тарабынан даярдалуучу печаттык платалардан турат. Системанын толук ачык архитектурасы Arduino өндүрүмдөрүн жана башка колдонуучулар тарабынан жасалган программаларын эркин көчүрүп алууга болот.
Ардуино деген эмне

Платформанын аталышы Иврее шаарындагы проектинин негиздөөчүлөрү көп барган ашкана же эс алуучу жайдын аталышынан келип чыккан. Ал жайдын аталышы болсо Италия королу Ардуин Иврейскийдин атына коюлган. Ардуино автономдук автомат обьектилерин жасоодо да, жана компьютерге да кадимки зым жана зымсыз туташтырылуучу интерфейстери менен кошула алат.

2008-жылы түзүүчүлөр компаниясында бир соода маркасында өзүнчө иш жүрүп, бөлүнүшүп, бирөөсү arduino.cc экинчиси arduino.org сайтында иш алып барган. Кризиске чейинки өндүрүмдөрү эки сайтта тең бирдей аталышта сатылат. Ал эми жаңы өндүрүмдөр айырмаланып турат. Сайттарда башында Arduino IDE эки башка бутак болгон. Ар түрдүү болуп баш айланма жаралган. Бирок 1.08.2000-жылдан тарта эки сайт IDE бутактарын бириктиришкен.

Ардуино деген эмне — бул анча чоң эмес плата, анда жеке процессор жана эс бар. Платада мүмкүн боло турган компоненттер кошулуучу жыйырмадай контактылар бар: лампалап, датчиктер, кыймылдаткычтар, роутер, магниттик кулпулар деги эле электр энергиясы менен иштөөчү бардык нерселер.

Ардуинонун процессоруна иштөө алгоритмин жүктөп койсо, ал бардык түзүлүштөрдү өзү башкара берет. Демек, мындай ыкма менен өз колуңардан жаралган чексиз уникалдуу сонун гаджеттерди жасаса болот. Жакшы түшүнүү үчүн төмөндөгү сүрөттү карап көргүлө:

Arduino

Ардуино татаалбы же оңойбу?

Өзүнүн популярдуулугун жөнөкөйлүгү жана оңой болгондугу менен алган. Программированияда жана схематехникада билими жок адам дагы 1-2 саатта негиздерин үйрөнө алат. Ушул себептен, интернет айдыңында бул жөнүндө миңдеген макалалар, даяр программалар жана схемалар бар.

Ардуиного программалар кадимки С++ программалоо тилинде киргизүү/чыгарууну башкаруу үчүнү жөнөкөй жана түшүнүктүү функциялар менен толукталган. Эгер сиз С++ билсеңиз анда компьютердик программалар сиздин пайдаңызга иштей баштамакчы, эгер үйрөнчүк болсоңуз - көйгөй эмес, оңой эле үйрөнүп аласыз.

Ыңгайлуулук үчүн Ардуинонун акысыз жана официалдуу "Arduino IDE" программалоо чөйрөсү бар, ал Windows, Mac OS жана Linux операциондук системаларында иштейт. Бул программанын жардамы менен Ардуиного жаңы программаларды жүктөө бир баскычтын иши болуп калат десек ашык болбос, болгону Ардуинону компьютерге USB зым аркылуу кошуу керек.

Паяльниктин деле көп кереги тийбейт. Толук кандуу схемаларды атайын макет тактайын (breadboard) колдонуп жасаса болот, перемычкалар, зымдар толук паяльниксиз туташтырылат. Мурда конструкциялоо мындай оңой жана тез эч качан болгон эмес.

Бутерброд негизи

Ардуинонун дагы бир өзгөчөлүгү анын shields деп аталган кеңейтелүүчү платаларынын болушунда. Бул кошумча платалар Ардуинонун үстүнөн бутерброд катмарлары сыяктуу кошулуп, ага жаңы мүмкүнчүлүктөрдү берет. Мисалы, локалдык тармак жана интернетке кошулуу үчүн Ethernet Shield, күчтүү кыймылдаткычтарды башкарууга Motor Shield, координаттарды жана убакытты GPS спутниктеринен алуучу GPS модулу жана көптөгөн башка модулдар.

Кошумча маалымат

Arduino — конструкциянын жүрөгү, анда белгилүү бир чектөөлөр жок. Бардыгы адам фантазиясы менен гана чектелет. Бул жаңы дүйнө, мыкты чечимдер, жаңы мүмкүнчүлүктөр. Миңдеген адамдар муну түшүнүп, өз пайдасына сонун конструкцияларды жасап жаткан убагы.

Ардуино жонундо тушунукту бир нече мисалдар менен эле айта кетели:

Ардуино менен эмне жасаса болот?

Айта берсе аягы жоктой, кыскасы, ардуино менен каалаган автоматташтырылган электрондун түзүлүштү жасап алса болот.

Ардуино жасоо учун эмне керек

  1. Ардуино платасы (ардуино уно, нано ж.б. проектиге жараша)
  2. USB кабель, ардуинону программалоо учун
  3. Программалык жабдык, негизи Arduino IDE башында айтылган arduino.cc сайтынан көчүрүп алса болот.
  4. Бредборд
  5. Проектиге жараша, светодиодтор, резисторлор, сервоприводтор, электр кыймылдаткычтар, датчиктер.
Жайгаштыруу: 2018-10-15, Көрүүлөр: 4888, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2024-02-16, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу