Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Аракечтин аялынын кошогу (ыр)

Баш барак | Поэзия | Аракечтин аялынын кошогу (ыр)
Аракечтин аялынын кошогу (ыр)
АвторБайдылда Сарногоев

Бүркүтүм, өлбөйт деп сени жүргөмүн,
Бүркүтүм, өлөөрүңдү билбедим.
Арак ичип сен келсең,
Мен бейбак адыраңдап тилдедим.

Бүркүтүм, мас деле болсоң жакшы элең,
Бапестеп мени бакчу элең...
Козголуп койбой жанымда,
Бүркүтүм, коңурук тартып жатчу элең.

Бүркүтүм, жетиштүү ичте арманым
Жесир калды алганың.
Мөлт этип жашым, сени эстейм,
Мен бейбак бөтөлкө көрсөм ар дайым.

Бүркүтүм, жалгыз жан жапа чегет бейм,
Бир түндү миң жол элестейм.
Бүркүтүм, өзүң менен бир жүргөн,
Мен бейбак мастарды көрсөм сени эстейм.

Бүркүтүм, эрдүүгө өзүм теңесем,
Эри жок аял кем экен.
Кайгыртып кара жердин койнунда,
Кантейин, калдыңбы уктап берекем.

Бүркүтүм, кайратың кимден кем эле,
Мен үчүн карааның тоодой бел эле.
Бүркүтүм, мас болсоң дагы жанымда,
Балдырап басканын канча дем эле.

Бүркүтүм, ажырап сенден калдымбы...
Бул жактан жаткан жериң жайлуубу?
Тирүүңдө кулаалым деп айтчу элем,
Мен бейбак күйкөгө жетпей калдымбы...

Жайгаштыруу: 2024-04-05, Көрүүлөр: 44, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2024-04-05, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу