Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Аңыз

Баш барак | Адабият | Аңыз

Чындыкка такыр коошпогон, бирок философиялык, көркөм эстетикалык касиетке ээ, байыркы адамдардын табият таануудагы наристе (баё) элестетүүсү миф (аңыз) деп аталат. Мифте баштапкы уруучулук коомдо пайда болгон, наристе эл оозеки адабияты эcептелет. Ал эми кыргыз мифтеринин пайда болуу себептерин бардыгы эле адамзатка орток болгон коомдун наристе кезиндеги

адамдардын дүйнөгө, жаратылышка жана анын ар түрдүү кубулуштарына болгон наристе таанымынан улам айтууга болот. Өндүргүч күчтөрү менен өндүргүч байланыштары өнүкпөгөн наристе коомдо кишилер жаратылыштагы түрдүү кубулуштардын сырын, себебин билишпеген. Табияттын күчтөрүнөн жеңилгенде, татаал дүйнөнүн ичинде тиричилик өткөрүүнүн катаал иштерине кабылганда, табиятты өзгөртүүгө мажүрөөлүк кылганда, асмандын, жердин жана башка кубулуштардын сырын, себептерин билүүнү эңсешкен.



Жаратылышты түшүнүүгө умтулушкан. Бирок чыныгы сырын билүү, себебин түшүндүрүүгө да ыраматтары жетпеген да, аны тек көркөм элес менен баяндап, көркөм элес аркылуу түшүндүрүүнүн аракетинде болушуп, адабияттын наристе түрү мифти жаратышкан. Миф чындыктын баяндалышы эмес, бирок ошол наристе доордун адамдары аны чындык деп билишкен, бек ишенишкен. Мифтерди карап тургандай, чындыктай сүрөттөп, наристе элестетип баяндашкан.



Миф чындыкка коошпогон наристе элес болгону менен ал адамзаттын өнүгүшүнө өзүнүн оң таасирин берген. Демек, эл оозеки адабиятынын эң баштапкы түрү болгон миф көркөм элестетүү аркылуу табиятты, ааламды жана анын сырларын чечүүгө, түшүндүрүүгө умтулушу, кийинки адамзаттын ой жүгүртүүсүнө чабыт болуп, ой өрүшүн кеңейткен. Мифтеги наристе элестетүүнүн нугунан барып жаратылыштын чыныгы сырларын издөөгө чабыт болгон, мифтин адамзат өнүгүү тарыхына кошкон үлүшү ошондуктан жогору бааланып отурат. Кыргыз эл оозеки адабиятында элдик мифтердин (аңыздардын) ээлеген орду абдан басымдуу болуп кыргыз мифтерин кыргыз адабиятынын «көрөңгөсү» деп атасак болот. Кыргыз мифтери дүйнөдөгү башка улуттардын мифтерине жалпы система, чоң тематика жагынан окшошуп кеткенине карабай жаратылыштын сырларын баамдоодо өзүнүн жашаган чөйрөсү үрп-адаты, машкулданган (такшалган) чарба тиричилигине жараша, ааламды, жаратылышты наристе элестетүүдө да кашкайган улуттук өзгөчөлүгү чыгып турат.



Кыргыз мифтери кыргыздардын дүйнөгө болгон наристе баамын, таанымын чагылдырып берет. Аңыздардын эң байыркысы - бабалардын Теңирчилик доорундагы айбанаттар, ай, жылдыз, күн, ж.б. жөнүндөгү элестетүүсү. Адамдардын акыл-эс, ой жүгүртүүсү, дүйнө таанымы улам өскөн сайын аңыздык түшүнүктөрүнүн мазмуну тереңдеп, ыйыктары сыйда жана кеңири өзгөрүп, өсүшкө ээ болгон. Байыркы көчмөндөр аалам жаратылышына, табиятына, анын кубулуштарына, жан-жаныбар дүйнөсүнө таң калуу менен карап, теребели жана жашоосу жөнүндө ойлоно баштаган.



Алар өздөрү чыгарган аңыздарынын көбүн чындык катары кабыл алышкан. Ааламдагы табият кубулуштарынын, жаныбарлардын, адамдардын, өсүм-дүктөрдүн, алардын кесиптеринин жана кылык-жоруктарынын өз-өзүнчө атасы, пирлери, колдоочулары, ээси болот жана алар касиеттүү жана ыйык дешкен, аларга сыйынышкан, ылайыктуу ысымдарды ыйгарышкан. Боорукер пирлери көктө жашайт, жерде жер-суунун колдоочулары жана эң алдыңкы катмарда тири укмуштуулар, адамга жамандык кылгандар жана аны жасагандар, өлгөндөр жашайт дешкен. Айрыкча аңыз кыргыз оозеки санжырасын өтө кооздоп, зоболосун көтөрүп, көркөмдөп турат. Аңыздарга элдин кыялы, ой чабыты, акылмандыгы, кудурет-күчү, баскан жолу, дин түшүнүгү, көркөм сөз өнөрү камтылган.



Ал эми элдин бардык көркөм чыгармачылыгында, төрт сап ырдан баштап, жарым миллион сапка жеткен улуу эпосуна чейин аңыздар ширелишип, камтылып турат. Кыргыздардын теңирчилик дүйнөсүндөгү жаратылган алгачкы аңыздары кийин ислам дининин киришинен баштап, араб, иран сөздөрү менен түшүнүктөрүнө ылайыкташа өзгөрүүлөргө кабылды. Окумуштуулар байыркы аңыздык дүйнө-таанымды жогорку жана төмөнкү даражадагы аңызга бөлүшөт. Айрым батышчылар көчмөндөр аңызынын баа-баркын, сөөлөтүн мажирөөлүккө түшүрүшөт. Чыгышка жан тарткандар буга кошула албайт.



Батыштын аңызынын көбү акылдан атайы ойлонуп чыгарылган жана байыртан бери нечен кылымдар бою жасалма түшүндүрмелөр кошулуп, эзелки өңү өчүп, сүрүлүп, түпкү өз ажарын жоготуп койгондой, ажайыпканадагы кооз сөлөкөткө айлангандай. Чындыгында, көчмөндөрдүн аңызы, дээриндеги кооздугун, астейдил мазмунун жана аруу касиетин изилдөөгө гана муктаж болуп турган аянычтуу абалда.

Жайгаштыруу: 2017-08-10, Көрүүлөр: 599, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-08-11, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу