Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Афганистан согушу (1979-1989)

Афганистан согушу (1979-1989)Совет аскерлерин Афганистандын аймагына киргизүү чечими. 1979-жылдын март айындагы Герат шаарындагы козголоңдо совет аскер күчтөрүнүн кийлигишүүсүнө афган бийлигинин биринчи суранычтары болгон (мындай суранычтардын бардыгы 20дай болгон). Бирок 1978-жылы эле түзүлгөн Афганистан боюнча ЦК КПССтин комиссиясы Политбюронун ЦК КПССине Афганистандын ишине түз кийлигишүүнүн негативдүү натыйжалары болоорун билдирип, сураныч четке кагылган. Бирок Герат козголоңу совет бийлигинин Афганистан менен чектелген чек арасын күчөтүлгөн режимде кайтарууга муктаж кылган жана ал убактагы коргоо министри Д. Ф. Устиновтун приказы менен мүмкүн боло турчу Афганистанга аскерлерди десанттоого даярдык башталган. Афганистандагы кенешчилердин саны тез арада көбөйтүлгөн (анын ичинде аскер кызматкерлери): Январь айында 409 адам болсо, июндун аягында ал адамдардын саны 4500 жеткен. Андан аркы Афганистандагы кырдаалдын өрчүшү - куралдуу ислам оппозициясынын чыгып сөз сүйлөөлөрү, аскердеги козголоңдору, партия ичиндеги күрөштөр жана 1979-жылдын сентябрь айындагы НДПАнын (Народно Демократическая Партия Афганистана) лидери Нур Мухаммедти камакка алып, аны бийликтен кетирген Хафизулла Аминдин приказы тарабынан өлтүрүү окуялары совет бийлигинин олуттуу тынчсыздандырууларын жаратты. Совет бийлиги Афганистанды башкарган Хафизулла Аминдин амбициясын жана анын жеке максаттарына жетүүдөгү ырайымсыздыгын билип, анын иш-аракеттерине этияттык менен көз салып турду. Аминдин убагында өлкөдө исламисттерге жана НПДАнын өкүлдөрүнө терроризм кулачын жайып турду. НДПАнын негизги жөлөк-таягы болгон Афган аскерине да репрессиялар тийип, бул НДПАнын кулашына алып келген жана ансыз деле аран турган Афган аскерлеринин массалык дезертирлиги жана козголоңдору менен коштолгон.

Ал эми Совет бийлиги болсо андан аркы кырдаалдын курчушу Афганистандагы НДПА режиминин кулашына алып келип, бийликке СССРге каршы болгон душман бийликтен корккон. Ал гана эмес, КГБ тараптан Аминдин 1960-жылдары ЦРУ менен байланышы бар экени жана Таракини (Нур Мухаммад Тараки - Афган элинин саясый, коомдук жана мамлекеттик ишмери) өлтүргөндөн кийин анын эмиссарлары американын официалдуу өкүлдөрү менен байланышта болгону жөнүндө маалыматтар келип турган. Натыйжада Хафизулла Аминди бийликтен кетирип, анын ордуна лоялдуу СССР лидери менен алмаштыруу чечими кабыл алынган. Андай адам катары жана анын кандидатурасын КГБнын төр агасы Ю. В. Андропов колдогон Бабрак Кармаль каралып жаткан. Хафизулла Аминди бийликтен түшүрүү операциясын түзүп жатканда Аминдин өзүнүн советтер союзунун аскер күчтөрүнүн жардамын сураган суранычын колдонуу чечими кабыл алынган. 1979-жылдын сентябрь айынан декабрь айына чейин мындай суранычтар 7 жолу болгон.

1979-жылдын декабрь айынын башында Баграмга 'мусулман батальону' аталган ГРУнун (Главное Разведовательное Управление) атайын отряды жиберилген. Бул отряд 1979-жылдын жай мезгилинде Таракини кайтаруу жана Афганистандагы өзгөчө тапшырмаларды аткаруу максатында атайын түзүлгөн советтик орто азия аскерлеринен турган аскерлер болгон. 1979-жылдын декабрь айынын башында СССРдин коргоо министри Д. Ф.Устинов аскер бийлигинин саналуу адамдарына гана жакынкы убакта Афганистанда совет аскер күчтөрүн колдонуу чечими жөнүндө айткан. 10-декабрда Д. Ф. Устиновдун жеке буйругу менен Туркестан жана Орто Азия аскер бирикмелеринин мобилизациялоосу башталган. Бирок буга Генералдык Штабтын Начальниги Н. В. Огарков каршы болгон. Ал эми аскерлерди Афганистанга киргизуу чечими 1979-жылдын 12-декабрында Политбюронун талкуусунда кабыл алынган.

'А' абалына Ю. В. Андроповдун, Д. Ф.Устиновдун, А. А. Громыконун айткан ой-толгоолорун жана иш-чараларын колдоо. Ал иш-чараларды ишке ашырууда принципиалдуу эмес өзгөртүүлөрдү киргизүү макулдугу. ЦКнын чечимин талап кылуучу маселелерди өз убагында Политбюрого билдирүү. Бул иш-чараларды ишке ашыруу Ю. В. Андроповго, Д. Ф. Устиновго, А. А.Громыкого жүктөлсүн. Ю. В. Андроповго, Д. Ф. Устиновго, А. А.Громыкого белгиленген иш-чаралардын ишке ашыруу убагында өз учурунда Политбюрого маалымат берип туруусу жүктөлсүн. В. И.Варенниковдун күбөсү боюнча 1979-жылы совет аскерлерин Афганистанга киргизүү чечимин колдобогон Политбюронун жападан жалгыз өкүлү А. Н. Косыгин болгон, ошол убактан тарта Косыгиндин Брежнев жана анын айланасындагылары менен болгон байланышы үзүлгөн. 1979-жылдын 13-декабрында Туркестан аскер аймагында ишке киришкен, Генералдык штабтын биринчи орун басары, аскер генералы С. Ф. Ахромеев башында турган Афганистан боюнча Коргоо Министринин Оперативдүү группасы негизделген. 1979-жылдын 14-декабрында Баграмга 345-гвардиялык өзүнчө парашют-десант полку 105-гвардия аба-десант дивизиясынын 111-гвардия парашют-десант батальонун күчөтүү же колдоо максатында жиберилип, 1979-жылдын 7-июнунан тартып Баграмдагы советтик аскер транспортун, учактарын жана тик учактарын кайтарган.

Бир убакта Кармаль жана анын бир нече жактоочулары Афганистанга 1979-жылдын 14-декабрында жашыруун алынып келинип, Баграмдагы совет аскерлеринин арасында болгон. 1979-жылдын 16-декабрында Х. Аминди өлтүрүү аракети жасалган, бирок Амин тирүү калып, Кармальды тез арада СССРге жөнөтүшкөн. 1979-жылдын 20-декабрында Баграмдан Кабулга 'мусулман батальону' жеткирилип, алар Аминдин хан сарайын кайтаруучу бригадага кошулуп алган, бул иш хан-сарайдын пландаштырылган чабуулун кыйла жеңилдеткен. Бул операция үчүн декабрдын ортосунда КГБ СССРдин дагы 2 атайын группасы келген. 1979-жылдын 25-декабрына чейин Туркестан аскер аймагында Афганистанга киргизүү үчүн 40-жалпы аскерлиги, 2 мото аткычтар дивизиясы, аскер артилерия бригадасы, зениттик-ракета бригадасы, десант-чабуул бригадасы, согуш жана тылды камсыздандыруу бөлүмдөрү дайындалган, ал эми Орто Азия аскер аймагынан - 2 мото аткычтар полку, аралаш аба корпусунун башкармалыгы, 2 истребительдер жана бомбалоо аба полку, 1 истребилтель аба полку, 2 тик учак полку, аба-техникалык жана аэродром камсыздандыруу бөлүмү дайындалган. Резерв катары эки аймактан дагы 3 дивизия мобилизацияланган. Бөлүмдөрдү комплектөөгө чейинкиге запастан 50миңден ашык адам орто азия республикаларынан мобилизацияланган, анын ичинде Кыргызстан дагы бар, ал эми эл чарбасынан 8миңдей авто унаа жана башка техникалар берилген.

Бул Совет Аскер Күчтөрүнүн 1945-жылдан кийинки эң ири мобилизация иш-аракети болгон. Андан тышкары Афганистанга аскерлерди киргизүү боюнча Белорусиянын 103-гвардия аба-десант дивизиясы дайындалып, 14-декабрда Түркестан аскер аймагынын аэродромдоруна жеткизилген. 1979-жылдын 23-декабрынын кечинде аскерлердин Афганистанга киргизилүүсүнө даярдыгы жөнүндө билдирилген. 24-декабрда Д. Ф. Устинов №312/12/001 директивасына кол койгон, ал директивада мындай деп айтылган: 'Достук Афган элине жардам кылуу максатында, ошондой эле мүмкүн боло турган чектеш өлкөлөрдүн антиафган акцияларын чектөөгө ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында Совет аскерлеринин өлкөнүн түштүк аймактарында жайгашкан бир нече контингентинин ДРАнын (Демократическая Республика Афганистан) аймагына киргизүү чечими кабыл алынды'. Совет аскерлеринин Афганистан аймагында аскер согушуна катышуу директива аркылуу каралган эмес жана курал колдонуунун белгиленген бир тартиби жок болгон. Бирок, 27-декабрда Д. Ф.Устиновдун кол салуу учурунда козголончулардын каршылыгын басандатуу буйругу чыккан. Совет аскерлери горнизон болуп, маанилүү өнөр жай жана башка объектилерди кайтарып, ошону менен афган аскерлеринин колун бошотуп, оппозициянын отрядтарына каршы иш-аракеттерин жасайт деген ойдо болчу, ошондой эле мүмкүн болгон тышкы кийлигишүүлөрдөн.

Афганистандын чек арасын 1979-жылы 27-декабрь күнү Москва убактысы менен саат 15.00дө өтүүгө буйрук берилген. Бирок 25-декабрь күнү эртең менен сууда калкып туруучу көпүрө аркылуу Амударыядан Афганистанды көздөй 56-гвардия десант-чабуул бригадасынын 4-батальону кирип келген. Ал жоокерлерге совет аскерлери оорчулуксуз Афганистанга өтүү максатында Кабулдагы Термез жолундагы Саланг бийик тоолу ашуусун басып алуу буйругу берилген. 103-гвардия аба-десант дивизиясы 27-декабрь күнү Кабулда десанттоону конуу ыкмасы менен аяктап, Афган авиациясын жана ПВО батареяларынын жолун бууп, өз башкармалыгына аэропортту алган. Ушул эле дивизиянын башка бөлүктөрү Кабулдун белгиленген райондорунда чогулуп, ал жерден негизги бийлик мекемелерин, афган аскер бөлүктөрүн жана штабтарын, шаардагы жана айланасындагы башка маанилүү объектилерин блокадалоого буйрук алган. Баграм аэродромун башкарууну афган аскерлери менен салгылашуудан кийин 103-дивизиянын 357-гвардия парашют-десанттык полку жана 345-гвардия парашют-десанттык полку алган.

Ошондой эле алар Б. Кармальдын коопсуздугун камсыз кылып турган, жана анын жакынкы жактоочулары менен бирге кайра Афганистанга 23-декабрда алып келген. КГБ СССРдин легалсыз чалгындоо Башкармалыгынын мурдагы начальниги, генерал-майор Ю. И. Дроздовдун айтуусунда совет аскер күчтөрүнүн Афганистанга киргизилиши объективдүү зарылдык болгон, анткени өлкөдө АКШнын иш-аракеттери активдештириле баштаган (алар Кытай менен Афганистан аркылуу келишимге кол коюп, өзүнүн техникалык байкоо постторун СССРдин түштүк чек арасына жакындата баштаган). Андан тышкары, СССР дагы мурда бир нече жолу өзүнүн аскерлерин Афганистанга айтып өткөн сыяктуу миссиялар менен киргизип турган, бирок ал жакта көпкө турууга пландары жок болуучу. Анын айтуусу боюнча Афганистандагы аскер күчтөрүн чыгаруу боюнча 1980-жылы жеке өзү тарабынан генерал С. Ф. Ахромеев менен иштеп чыккан дайындалган планы болгон. Бул документ кийинчирээк КГБ СССРдин төр агасы А. Крючковтун буйругу менен жокко чыгарылган. Амин хан сарайынын чабуулу.

27-декабрдын кечинде совет атайын бөлүмдөрү Аминдин хан сарайын чабуул менен басып алышкан, чабуул 40 мүнөткө созулуп, чабуул учурунда Амин өлтүрүлгөн. Кабулдагы Мамлекеттик мекемелерди советтик десанттар басып алышты. 27-декабрдан 28-декабрга караган түндө Б. Кармаль Баграмдан Кабулга келип, Кабулдун радиосу анын элге болгон кайрылуусун эфирден берип, ал кайрылууда 'революциянын экинчи баскычы' жарыяланган. Негизги окуялар СССР коргоо министринин офицерлер тобу Афганистандагы аскер иш-аракеттерин жалпылоо ишин жүргүзүп, совет аскерлеринин Афганистандагы болгон бардык мезгилин төмөнкү төрт баскычка бөлүшкөн: -1979-жылдын декабрь айынан 1980-жылдын февраль айына чейин - советтик аскерлердин Афганистанга киргизилиши, гарнизондорго жайгаштырылышы. -1980-жылдын март айынан 1985-жылдын апрель айына чейин - активдүү согуш иштерин жүргүзүү, анын ичинде кең масштабтуулар, ДРАнын куралдуу күчтөрүн реорганизация жана бекемдөө иштери. -1985-жылдын апрель айынан 1987-жылдын январь айына чейин - активдүү иш-аракеттерден афган аскерлерин совет аба күчтөрү, артилерия жана сапердук бөлүмдөр менен колдоого өтүү, бирок ошону менен бирге атайын дайындалган бөлүмдөр чет өлкөлөрдөн курал жана ок-дары алып келүүлөрү менен күрөшүн уланта берген. Бул мезгилде Афганистандан совет аскерлеринин анча-мынчасы чыгарылган.

-1987-жылдын январ айынан 1989-жылдын февраль айына чейин - афган аскерлерин согуш иштеринде колдоо менен советтик аскерлердин элдик ынтымакка келүү саясатына катышуусу. Совет аскерлеринин Афганистанда чыгарылышына даярдык көрүү жана толук чыгарылышы. 1979-жыл Июль айында Баграмга 105-аба-десант дивизиясынын 111-парашют-десанттык полку, ошондой эле Кабулга 103-аба-десант дивизиясы келген, бул 1979-жылы 345-өзүнчө батальондун штаттык кайра калыптануусунан кийин болгон. Булар Афганистандагы эң биринчи советтик аскер бөлүмдөрү болгон. 27-ноябрда Афганистанга Кабулдагы афган дивизиясы кол астындагы аскер кенешчилери менен келечектеги советтик аскер күчтөрүнүн башкармалыгын байланышын уюштуруу максатыда жеке составтын 120 адамы келген. Ал адамдарды жеткизүү иштери менен ГШ МО СССРдин 10 башкармалыгы иштеп, жеткизүүлөр Гостомель аэродромунан Ан-22 'Антей' учагы менен ишке ашырылган. Учакка түшкөнгө чейин аскерлердин жеке составы каяка жиберилип жатканын билген эмес. Жеке составдын бардыгы жарандык, жөнөкөй, советтик эмес кийимдерге кийгизилген (костюм, ак көйнөк, галстук, шляпа жана туфли).

Гостомель аэродромунан жеткизүү иштери жүрүп жатканда Киевдин кызыл туу аскер аймагынын башкаруучусу, аскер генералы Герасимов да болгон, тизүү учурунда 'Ата-мекен силерге оңой эмес тапшырма берет, жана силер өзүңөрдүн аскер милдетиңерди аягына чейин аткарууңар керек.' - деп аскерлерге кайрылган экен. Учакка отурарда ар бир аскерге Афганистандын 1,5 жылга визасы СССР жаранынын чет өлкөлүк паспорту берилген. Афганистанга келгенде андагы 10 провинцияда 12 адамдан турган байланыш түйүндөрү уюшулган. Байланыш түйүнү, түйүндүн начальнигинен (пропорщик же офицер), 2 адам ЗАС (офицер же прапорщик) жана 9 срочный кызматтагы аскерлерден турган. Ар бир байланыш түйүндөрүнө үч ГАЗ-66 аскер автоунаасы берилген, анын экөөсүндө аппараттык бөлүм жайгашып (Радиостанция жана ЗАС - засекречивающая аппаратура связи), бир автоунаа ары-бери жүрүп туруу үчүн колдонгон.

Мындагы бардык аскерлер Афганистандагы кызматында жарандык кийимдерде болушкан. Байланыш түйүндөрүнүн дислокациясы: - Кабул провинциясы, Кабул шаары, башкы түйүн, - Нангархар провинциясы, Жалал-абад шаары, факты боюнча афган 25-тоо-жөө аскер дивизиясынын Самархель поселогу, - Кундуз провинциясы, Кундуз шаары, - Бадахшан провинциясы, Файзабад шаары, - Балх провинциясы, Мазари-Шариф шаары, - Газни провинциясы, Газни шаары, - Баглан провинциясы, Пули-Хумри шаары, 9-12-декабрда Афганистанган биринчи келе баштагандар 'мусулман батальону' болгон. 14-декабрда Баграмга дагы бир 345 опдп батальону келген. 25-декабрда Туркестан аскер аймагынын 40-аскер колоннасы Амударыянын сууда калкып туруучу көпүрөсүнөн афган чек арасынан өтүп, афганга кирип келген. Х. Амин совет башкармалыгына ыраазычылыгын билдирип, ДРАнын куралдуу күчтөр штабынын генералына аскерлердин Афганистанга киргизилишине жардам көрсөтүү буйругун берет. 27-декабрда, кечинде, Аминдин хан сарайынын чабуулу боюнча 'Шторм' операциясы өтөт. 1980 7-январь күнү КГБ СССРдин Пяндж аскер отряды (204 адам жана 6 БТР) тик учак аркылуу жана сүзүүчү транспорт менен Пяндж дарыясынан өтүп, горнизон менен афгандагы Нусай кишлагында орун алып, советтик райондук борбору Калай-Хумб жана Душанбе - Хорог чек ара жолун тороп алган. Андан кийин алар афгандагы Шерхан суу портунун аймагына десантталып, анын козголоңчулар тарабынан басып алуусун алдын алган.

Көп өтпөй эле Афганистандын аймагына өз базаларын башка чек ара аскерлеринин биртууган согуштук отрядтар (БСО, орусчасы 'сводный боевой отряд - СГО') орноткон. Ар бир совет - афган чек арасынын аймагында саны 100-120 адамдан турган БСОнун үчкө чейин отрядтары тургузулган. 9-11-январда 186-мото аткычтар полкунунун бөлүмчөлөрү (2-батальон, күчөтүлгөн танк ротасы, 1-батальондун 2-ротасы танк взводу менен, миномет батареясы менен жана артилериялык дивизион, тик учактардын колдоосу менен) Баглан провинциясындагы Нахрин айылын алган, ал жактан 4-афган артилериялык полку каршылык көрсөткөн. Каршылык көрсөтүү учурунда ал жактагы бардык советтик кеңешчилер каза тапкан. Каршылык көрсөткөн тараптын жоготуулары 100 адамды, 7 куралды жана 5 авто унааны түзгөн. Совет аскери каршылык көрсөтүүнү басаңдатууда 2 адам жоготуп, 2 адам жарадар жана 1 БМП-1 бронетехникасы жарактан чыккан.

10-11-январь - Кабулдагы артиллериялык полктун 20-афган дивизиясынын бийликке каршы козголоңу. Кармашуу учурунда 100гө жакын козголоңчу каза таап, совет аскерлеринен 2 адам каза таап жана 2 адам жарадар болгон. Ошол убакта коргоо министри Д. Устиновдун согуш кыймылын пландоо жана баштоо директивасы чыгып, Афганистандын түндүк аймагы, совет чек арасынын айланасында козголоңчуларга күчөтүлгөн батальондун жана аскер аткычтар күчтөрүн колдонуу менен кошумча ВВСти колдонуу менен каршылык көрсөтүүлөрдү басаңдатуу максматында рейд өткөрүлгөн. 20-24-февраль - Кабулдагы бийликке каршы көтөрүлүш (эң активдүү фазасы 22-23-февраль). Көтөрүлүш учурунда советтик элчилик аткыланып, бир нече совет адамдары каза тапкан. 23-февраль - Саланг ашуусундагы тоннельдеги трагедия. 186-мото аткычтар полкунун жана 2зрбрдин коменданттык кызматынын толук жоктугунан жана тоннельдеги жол кырсыктан улам тоннельдин ортосунда жол тыгымы пайда болот. Натыйжада 2зрбрдин 16 совет жоокери түтүнгө ууланып, абанын жетишсиздигинен каза тапкан. Февраль-март - куралчан козголоңчулардын каршылыгын басаңдатуу боюнча Асмарадагы тоо-жөө жүргүн полкунун биринчи ири операциясы - Кунар провинциясы, ОКСВ бөлүмчөлөрүнүн моджехедтерге каршы чабуулу - Кунар чабуулу.

28-29-февралда 103-гвардия аба-десант дивизиясынын 317-гвардия парашют-десанттык полкунун бөлүмчөлөрү душмандар тарабынан Асмар капчыгайында 3-парашют-десант батальонун курчап алуунун натыйжасында Асмаранын аймагында оор, кан төгүлгөн кармашка катышууга аргасыз болгон. Кармашта 33 адам каза таап, 40 адам ар кандай денгээлдеги жаракат алып, бир жоокер дайынсыз жоголуп кеткен. Апрель - АКШнын конгреси афган оппозициясына 'түз жана ачык жардам' үчүн 15 000 000 долларга санкция салат. Панджер капчыгайындагы 1-аскер операциясы. 20-24-апрель - массалык бийликке каршы Кабулдагы митингтер реактивдүү учактардын абдан төмөн учуусу менен элди таркаткан. Май - Кунар провинциясындагы 2-операция 11- май - Кунар провинциясынын Хара кишлагында 66-омсбрдин 1-мотоаткычтар ротасынын кыйроосуу. 19-июнь - ЦК КПСС политбюросунун кээ бир танкалык, ракеталык жана зениттик-ракеталык бөлүмдөрүн Афганистандан чыгаруу чечими.

3-август - Шаеста кишлагындагы салгылашуу. Файзабад шаарынын жанындагы Машхад капчыгайындагы Кишим аймагында 201-МСДнын 783-өзүнчө чалгындоо батальону буктурмага кабылып 48 адам каза таап, 49 адам жарадар болгон. Бул окуя Афган согушунунун тарыхындагы бирден-бир кандуу окуя болгон. 12-август - Афганистанга КГБ СССРдин 'Карпаты' аттуу атайын бөлүмчөлөрүнүн келиши. 23-сентябрь - 40-аскер күчтөрүнүн башчысы болуп генерал-лейтенант Борис Ткач дайындалат.

14-ноябрдан - 5-декабрга чейин - 'Центр' зонасында (Кабул провинциясы, Парван жана Бамиан) атайын 'Удар' ('Удар-1') аталышындагы операциясы өтөт. Бул операцияда советтик жана афган аскерлеринен 16 миңге чейин адам, 600 танк жана брондуу ташыгыч, 300дөн ашуун курал-жарак жана миномет, 100гө жакын учак жана тик учак катышкан. Советтердин маалыматы боюнча моджехедтердин 500дөн ашык адамы каза таап, 736 адам туткунга алынган. Операциянын жүрүшүндө 861 даана атуучу курал-жарак жана 25 миң ок-даары басып алынган. 1981 Апрель - 3-Панджшер операциясы Май - Кабулдун айланасындагы кырдаал Ахмад Шах Масудтун отрядтарынын иш-аракетинен курчуй баштайт.

18-19-июнь - Нангархар провинциясынын Джалал-абадтан 85 чакырым түштүктөгү афган-пакистан чек арасынын аймагында советтик 66-мото атчкычтар бригадасы жана афгандык 11-джалал-абад жөө жүрүүчү дивизиялары моджехедтердин күчөтүлгөн Тора-Бора аттуу аймагын чабуул менен алышат. Сентябрь - Фарах провинциясындагы Луркох тоо массивиндеги кармаш, генерал-майор Хахаловдун өлүмү. 29-октябрь - Майор Керимбаевдин башчылыгы алдында экинчи 'мусулман батальонунун' (177ооспн) киргизилиши. декабрь - генерал-майор Н. Г. Тер-Григоряндын башкаруусундагы совет жана афган аскерлери менен Дарзаб (Джаузджан провинциясы) капчыгайындагы оппозициянын базалык пунктунун кыйратылышы. 1982 Январь-февраль - Кандагар, Парван, Каписа провинциясындагы активдүү аскер иш-аракеттери. Өзгөчө оор кармашуу Парван провинциясындагы, Панджшерск капчыгайына киребериш жагына жакын жайгашкан Джабаль-ус-Сирадж калк жашаган пунтунда болгон. 10-февраль - Гераттагы губернатордун резинденциясын жардыруу: жардырууда бир нече советтик 'жарандык адистер' каза тапкан. 5-апрель - Афганистандын батышындагы жүрүп жаткан аскер операциясында советтик аскерлер жаңылыштык менен Ирандын аймагына кирип кетүүсү. Иран өлкөсүнүн аба учактары менен эки советтик тик учак жок кылынган.

Апрель - Нимроз провинциясындагы аскер операциясы. Май-июнь - 5-Паджшерск операциясы, бул операциянын жүрүшүндө Афганистанда массалык десанттардын түшүрүүсү болгон: биринчи үч күндүн ичинде эле ВДВ СССРдин жеке составындагы 4 миңден ашык аскер-десанттар десантталган. Ал эми бардыгы болуп бул операцияда советтик жоокерлердин ар түркүн 12миңге жакын аскерлери катышкан. Бир убакта эле операция Паджшер капчыгайына 120 чакырым терендикке кирүү менен өткөн. Натыйжада Панджшер басып алынып, бирок 3 жумадан кийин советтик аскерлерге аны таштап кетүүгө аргасыз болушкан, анткени капчыгайдын толук көзөмөлдөө үчүн бул аймакта көптөгөн аскер күчтөрүн кармап туруу керек болчу, ал эми Афганистандагы кырдаал чоң-чоң операцияларды Афганистандын бардык аймагында өткөрүүнү талап кылган, жана афган бийлигинин аскер күчтөрүнүн мындай стратегиялык аймакты кармап турууга күчү жеткен эмес. Август-сентябрь - 6-Панджшерск операциясы: совет аскерлери кайрадан капчыгайды өз көзөмөлүнө алган, бирок кайра эле жеткен ийгиликтерин кармап тура алган эмес, жана декабрь айында кайра ал аймакты таштап кеткен. 3-ноябрь - Саланг ашуусундагы трагедия. Тоннелден тышкары пайда болгон тыгымдын жыйынтыгында 176дан ашык адам каза тапкан.

15-ноябрь - Ю. Андропов менен Зия уль-Хаканын Москвадагы кезигүүсү. Генералдык катчы пакистандын президенти менен жеке талкуулоо өткөрүп, анда 'совет бийлигинин жаңы ийкемдүү саясатын жана кризистин тез арада чечүү керектигин түшүнүүсүн' маалымдаган. Ошондой эле бул кезигүүдө советтик аскерлердин Афганистанда болуусунун максатка ылайыктуулугу жана согуштагы советтер союзунун кийлигишүүсүнүн жакшы жактары жөнүндөгү маселелер талкууланган. Аскерлердин чыгарылышына Пакистандан козголоңчуларга жардам көрсөтүүнү токтотуу талап кылынган. (Белгисиз маалымат булагы) Афган бийлигинин официалдуу айтуусунда 1981-жылга салыштырмалуу 1982-жылдын ичинде душмандар тарабынан коюлган мина жана фугастардын саны 8 эсеге көбөйгөн. Жыл ичиндеги душмандардын калыптануусунда интенсивдүүлүк менен америкалык, пакистандык жана египедтик өндүрүштөгү миналар колдонгон.

1983 1-январь - Афганистан боюнча ТАССтын (Телеграфное Агентство Советского Союза) айтуусунда 'Советтик аскерлер контингенти тышкы кийлигишүү токтогондо гана чыгарылат' деп дагы бир жолу айтылат, ошондой эле презиндет Р. Рейгандын СССР тарабынан Афганистандагы химиялык куралдын колдонуу жөнүндөгү ырастоосу төгүнгө чыгарылат. 2-январь - Мазари-Шарифте моджехедтер тарабынан советтик 'жарандык адистеринин' 16 адамдан турган тайпасын уурдап кетүүсү. 2-февраль - Мазари-Шарифте барымтага алынып, Вахшак кишлагында (Мазари-Шарифтен 98 чакырым түштүккө карай, Балх провинциясы) кармалып турган уурдалган адамдар бошотулуп, бирок ошону менен бирге алардын алтоосу каза тапкан. Вахшак кишлагын чабуул учурунда 10 советтик жана 22 афган жоокери каза болуп, 3 тик учак жана 4 бронетранспортер кыйратылган. Барымтага алынган адамдардын жана советтик жоокерлердин каза болуусуна жооп катары Вахшак кишлагы көлөмдүү жардыруу бомбалары менен жок кылынган.

28-март - Ю. В. Андроповдун ООНдун делегатары Перес де Куэльяр жана Д. Кордовес менен болгон кездешүүсү, жана бул кездешүүдө Андропов ООНду 'маселени түшүнгөнүнө' ыраазычылыгын билдирип, аларга 'такталган кадамдарды' жасаарына ынандырган, бирок Пакистан менен АКШнын ООНдун конфликтке кийлигишпөө сунушунун колдоосунан шек санаган. (Белгисиз булак) Апрель - Нимроз провинциясындагы ири наркотик базасы болгон, моджехедтердин Рабати-Джали күчөтүлгөн аймагын советтик аскерлер тарабынан кыйратылышы жана басып алуусу. - Капис провинциясындагы Ниджраб капчыгайындагы оппозиция отрядтарын кыйратуу операциясы. Советтик аскер бөлүмчөлөрү 77 адам жоготуусуна учураган, анын ичинен каза тапканы 17 жана жарадар болгон 63. 16-май - Ганджагал капчыгайындагы кармаш (Кунар провинциясы, Сирканай аймагы): моджахедтер 66-мото аткычтар бригадасынын Кунар батальонунун 7-ротасынын 2-взводун курчап алып жок кылган, кармашта 17 адамдын 16сы каза тапкан, анын ичинде взводтун башчысы лейтенант Г. В. Демченко жана 7-ротанын замполити лейтенанта С. А. Амосова. 19-май - Пакистандагы советтик элчи В. Смирнов официалдуу түрдө СССРдин Афганистандан 'советтик аскер контингентинин чыгаруу убактысын белгилөөсүнө' умтулуусун тастыктаган. Июль - Моджехедтердин Хост шаарына чабуулу. Шаарды блоктоо же бууп салуу аракети ийликтүү болбой калган.

Август - Д. Кордовестин Афган меселесин тынчтык жолу менен жолго салуу макулдашуу миссиясынын аягына жетип калган учуру: совет аскерлеринин өлкөдөн чыгаруу боюнча 8 айлык программасы түзүлүп, бирок Андроповдун ооруп калуусунан конликт боюнча маселе Политбюронун кенешмесинен алынып салынган. Эми сөз 'ООН менен талкулоо' жөнүндө гана болуп калган. 2-октябрь - Кабулдун чыгышындагы кичи аймактагы жардыруу: советтик адистердин 13 каза таап, 12 адис жарадар болгон. Кыш - Джалал-абад өрөөнүндөгү Сароби аймагында аскер иш-аракеттеринин күчөшү (кортундуларда көп учурда Лагман провинциясы айтылат). Куралданган оппозиция отрядтары Афганистандын аймагында биринчи жолу кыш бүткөнгө чейин калуусу. Өлкөдө күчөтүлгөн аймактар жана каршылык көрсөтүү базаларынын түзүлүшү башталган. 1984 16-январь - моджехедтер ПЗРК 'Стрела-2м' куралы менен СУ-25 учагын атып түшүрүүсү.

Бул Афганистандагы ПЗРК куралын ийгиликтүү колдонуунун биринчи учуру болгон. 16-январь - Кабул, Парван, Лагман жана Капис провинцияларындагы операциялар. 21-март - Кабулдагы жыйын болуучу мечиттин жарылышы: жөнөкөй жарандар курмандыкка учурап, жардыруу учурунда мечитте аскерлер болгон эмес. 11-апрель - бийликке каршы чалгындоо ишин жүргүзүү боюнча жашыруун жайдын ачыкка чыгуусунан кийин, кылмыш үстүндө кармалып, 'нон грата' персонасы катары жарыяланып, Кабулдагы АКШнын элчилигинин окулу Ричард С. Вандайвер 12-апрелде өлдкөдөн чыгарылган. 19-апрелден - 5-майга чейин - 7-Панджшерск операциясы 30-апрель - Панджшерск капчыгайындагы ири масштабтагы аскер операциясы өтүп жаткан учурда Хазара капчыгайында 682-мото аткычтар полкунун 1-батальону буктурмага кабылып, оор жоготууларга учураган. 3-июнь - Кабулдун борборунда жүргүнчүлөрү менен автобус жардырылган. 31-август - Моджехедтердин Кабул аэродромуна кол салуусу.

17-сентябрь - Регистан чөлүндө 173- ГРУнун атайын бөлүмүнүн отрядындагы чалгындоо тайпасы Пакистан аймагынан Афганистан аймагына өтүп кетүү аракетин жасаган эки 'Datsun' жол тандабас автоунаасынан турган автоколоннаны жок кылган, атышуудан кийин 3 аскер адамы жарадар болуп, автоунаанын ичинен Франциянын жараны Жак-Мишель Абушар кармалган (Jaques Abouchar), маалыматка ылайык ал Antenne 2 телеканалынын журналисти болгон. Афган соту ал адамга 18 жыл эркинен ажыратуу макамын чыгарып, бирок 25-октябрда Француз башкармалыгынын СССР алдында ходатайствосунан (өтүнүч) кийин, ал адам бошотулган. 27-октябрь - Кабулдун үстүнөн учуп бараткан транспорттук ИЛ-76 учагын моджехедтер ПЗРК 'Стрела-2м' куралы менен атып түшүрөт. Декабрь - 5-гвардиялык мото аткычтар дивизиясы генерал-майор Г. П. Касперовичтин башкачылыгында моджехедтердин Фарах провинциясындагы Луркох тоо массивинде жайгашкан күчөтүлгөн аймагын кыйратышы. 1985 Март - 15 жана 22-ГРУ ГШ МО СССРдин атайын дайындалган бригадасын (Джалал-абад, Лашкаргах), жана ага баш ийүүчү атайын отрядтардын кербен жолдоруна карай каршы жана душмандардын базалык аймактарынын жайгашкан жерлерине башкача айтканда Пакистан жана Иран чек арасынан узатасынан карай тизип киргизүүсү. 21-апрель - Маравар ротасынын өлүмү 26-апрель - Пакистанда жайгашкан Бадабера түрмөсүндөгү Советтик жана Афган аскер туткундарынын көтөрүлүшү. 25-май - Кунар операциясы. Кунар провинциясындагы Печдара капчыгайынын Коньяк кишлагындагы 149- гвардия мото аткычтар полкунун 4-ротасынын кармашуусу.

Моджехедтердин жана пакистандык наемниктердин курчап алган айланпасында калган 'Кара Аисттер' аталган 4-ротанын гвардиячылары жана ага кошумча болгон 2-батальондун аскерлери болуп 23 адам каза болуп, 28 адам жарадар болуу жоготууларына учураган. Июнь - Панджшерскдеги аскердик операция 13-июнь - Герат провинциясындагы Шинданде авиабазасындагы жарылуу: ДРАнын (Демократическая Республика Афганистан) ААК (Аскер Аба Кучтору) 19 учагы (13 МиГ-21 жана 6 Су-17) кыйратылып жана 13 учагы зыянга учураган. 13-июлдан - 29-августка чейин - Хост алдындагы кармашуу (Хост операциясы). ВС ДРАнын генералдык штабынын маалыматына ылайык, операциянын жүрүшүндө 2400гө жакын моджехедтер жок кылынган. Жай - ЦК КПСС Политбюросунун 'Афган маселесин' саясый жол менен чечүүдөгү жаңы багыт. 16-17-октябрь - Шутуль трагедиясы: 16-октябрда Панджшер капчыгайындагы Руха кишлагына баруучу жолдо 108-мото аткычтар дивизиясынын 682-полкунун группасы буктурмага кабылат.

Тез өткөн атышууда 3 адам каза болуп, 10 адам жарадар болгон, ошондой эле 5 БМП жана 6 жүк ташуучу автоунаа өрттөлгөн. Ошол күндүн кечинде эле 682-полктун башка группасы Шутуль капчыгайындагы мөңгүгө жетет да, бир күндүк жолдун жарымына да жетпей, түнөп калууга аргасыз болушат. Натыйжада 17 адам тоңуп өлүп, 30дан ашык адам ар кандай денгээлдеги ушук алууга кабылат. 40-аскердиктин негизги милдети катары СССР чек арасынын түштүк аймагын коргоо болуп калат, ушуга байланыштуу жаңы мото аткычтар бөлүмчөлөрү ал жакка тартылат. Өлкөнүн жетүүгө кыйынчылыкты жаратуучу аймактарында таяныч-күчөтүлгөн пунктарын түзүү башталат. 1985-жылдын 22-ноябрында аскер милдетин аткаруу учурунда КГБ СССРдин Чыгыш чек ара аймагынын Панфилов чек ара отрядындагы Мото-ийкемдүү группасынын завтавасы буктурмага кабылат. Бадахшан провинциясына караштуу Зардевск капчыгайына таандык Афридж кишлагындагы атышууда 19 чек арачы каза болот. Бул 1979-1989-жылдар ичиндеги Афган согушундагы чек арачылардын эң ири жоготуусу болгон. 1986 Февраль - КПССтин 27-съездинде Михаил Горбачев совет аскерлеринин чыгаруу боюнча бир нече баскычтуу планын түзүү иштеринин башталгандыгы жөнүндө билдирет.

29-март - ГРУнун 15-атайын бригадасынын аскер иш-аракеттеринин учурунда, 334-Асадабад батальонунун колдоосу менен 154-Джалал-абад батальону моджехедтердин Карера ири базасын кыйраткан (Кунар провинциясы, Асадабадан түштүктү карай 20 чакырым). Апрель - Гераттын айланасындагы 'коопсуздук зонасын' жырып өтүү боюнча Исмаил-хандын ийгиликсиз аракеттери. Кундуз жана Балх провинцияларындагы КГБ СССРдин чек ара аскер кызматтарынын пландуу операциялары. 4-20-апрель - Джавардын базасын кыйратуу боюнча операция: моджехедтердин ири жеңилүүсү. 15-апрель - артка чегинген душмандардын группасын бууп салуу максатында аларды көздөй жөнөгөн 117-Москва чек ара отрядынын 4-мото-ийкемдүү группасынын БТРи Рустак аймагында топтолгон фугаска жарылган. 8 чек арачы каза тапкан. 4-май - ЦК НДПАнын 18-пленумунда генералдык секретарь Б. Кармальдын ордуна мурда ХАД афган контрчалгындоосунун башында турган М. Наджибулла шайланган.

Пленум Афганистан маселесин саясый ыкма менен чечүүнү орнотуу макамын жарыялаган. 10-20-май - Пактия провинциясындагы Даджи аймагындагы операция. 16-июнь - Тахар провинциясындагы 'Маневр' аскер операциясы. Джарав капчыгайындагы Яфсадж тоосундагы узакка созулган 201-МСДнин 783-ОРБсынын атышуусунда 18 чалгынчы каза таап, 22си жарадар болот. Бул Кундуз чалгындоо батальонунун экинчи трагедиясы болгон. 28-мюль - Владивосток шаарында М. Горбачев аз убакта Афганистандан 40-аскерчиликтин 6 полкунун чыгарылышы жөнүндө эл алдында айткан (7000ге жакын адам). Кийинчирээк чыгаруу күнү белгисиз күнгө которулат.

Москва шаарында болсо 'аскер күчтөрүн толук чыгаруу керекби?' деген суроо боюнча уруш-талаштар өтөт. Август - Масуд, Тахар провинциясындагы Фарзадта бийлик аскерлеринин базасын талкалайт. 18-26-август - Генерал-майор В. И. Варенниковдун башчылыгында 'Западня' операциясы. Герат провинциясындагы Кокари-Шаршари күчөтүлгөн аймагын чабуулга алуу. 25-сентябрь - 'Стингер' ПЗРКсын биринчи колдонуусу (переносной зенитно-ракетный комплекс). Джалал-абад аймагында 2 (россиянын маалыматы боюнча Ми-8 жана Ми-24) же 3 (моджехедтердин маалыматы боюнча) советтик тик учак атып түшүрүлгөн. Күз - Майор Беловдун 22-обрСпНдин 173-ооСпН чалгындоо группасы биринчи ПЗРК 'Стингердин' 3 даанада болгон партиясын Кандагар аймагында колго түшүрөт.

15-31-октябрь - Шиндандан танкалык, мото аткычтык жана зениттик полктор, Кундуздан мото аткычтык жана зениттик, ал эми Кабулдан зениттик полк чыгарылат. 13-ноябрь - ЦК КПСС Политбюросунун отурумунда М. Горбачев 'Биз Афганистанда алты жылдан бери согушуп келе жатабыз. Эгер согушка болгон стратегияны өзгөртпөсөк дагы 20-30 жыл согушабыз' деп белгилеген. Генштабтын начальниги С. Ф. Ахромеев болсо мындай деген - 'Бир дагы чечилбеген аскер маселе болбойт, бирок натыйжа жок... Биз Кабулду жана провинциалдык борборлорду көзөмөлдөп турабыз, бирок алынган аймактарда бийлик орното албай жатабыз. Афган эли үчүн болгон күрөшүүдө биз утулуп калдык.'. Ушул эле отурумда совет аскерлерин Афганистандан эки жыл ичинде чыгаруу боюнча маселе коюлган. 30-31-декабрь - ЦК НДПАнын атайын 21-кеңейтилген пленумунда элдик ынтымак саясатына багыт жарыяланып, жайсыз ансыз деле бири-бирин өлтүрүүнү каалабаган элдин андай иштерин токтотууну айтып чыгуулары. 1987 2-январь - ВС СССРдин Генштабынын начальнигинин биринчи орун басары В. И. Варенников баш болуп Кабулга СССР коргоо министринин оперативдүү группасы жөнөтүлөт. 4-февралдан - 11-мартка чейин - Кандагар провинциясындагы 'Шквал' операциясы.

16-21-февраль - Кундуз провинциясындагы 'Удар' ('Удар-2') операциясы. 26-27-февраль - Афганистандын аскер аба күчтөрүнүн (ААК) учактары бир нече жолу Пакистандын аба мейкиндигине кирип, качкындардын 2 айылын жана 2 лагерин бомбалап кеткен. Натыйжада 66 адам каза таап, 250гө жакын адам жаракат алган. Жаз - советтик аскер күчтөрү чыгыш жана түштүк-чыгыш мамлекеттик чек ара аймагын калкалоо үчүн 'Барьер' системасын колдоно баштайт. 2-12-март - Газни провинциясындагы 'Гроза' операциясы. 8-март - Таджик ССРинин Пяндж шаарынын моджехедтер тарабынан аткыланышы. 8-21-март - Кабул жана Логар провинцияларындагы 'Круг' операциясы. 8-9-апрелдин түнү - 'Инженер Баширанын' кол башчылыгы алдында 50-60 адамдан турган душмандардын отряды 117-чек ара отрядынын чек ара завставасын курчап жана ага кол салууга аракет жасашат.

Советтердин аймагына Мир Ахмад жана Нур Алинин башкаруусунда эки группадан турган боевиктер отуп кетет, боевиктердин үчүнчү группасы биринчи эки группага колдо көрсөтүү максатында пулеметтер менен дарыянын ортосундагы аралчаны ээлеп алышат. Эки саатка созулган атышууда душмандар Афган аймагына сүрүлүп чыгарылат, атышта 20 боевик каза таап, дагы бироо (Мохаммад Айюз) туткунга алынат. Советтер тарабынан рядовой А. С. Артамонов жана А. П. Куркин каза болот. 12-21-апрель - Герат провинциясындагы операция. 12-апрель - Нангархар провинциясындагы Милова козголоңчулар базасынын кыйратылышы. 12-24-апрель - Кабул провинциясындагы 'Весна' операциясы. 20-майдан августка чейин - Логар, Пактия жана Кабул провинциясындагы 'Залп' операциясы. 21-майдан сентябрга чейин - Кандагар провинциясындагы 'Юг-87' операциясы.

23-ноябрь - Хост шаарынын деблокировкалоо боюнча Магистраль операциясынын башталышы. 1988 7-8-январь - 3234 бийиктигиндеги атышуу. 14-апрель - ООНдун ортомчулугу менен Швейцарияда Афганистандын жана Пакистандын тышкы иштер министрлери ДРАдагы кырдаалдын айланасындагы абалды саясый жөнгө салуу жөнүндөгү Женева келишимине кол коюшат. Келишимдин гаранты катары СССР жана АКШ болот. Советтик союз аскер контингентин 9 айлык убакта чыгарып кетүү макулдугун берип, 15-майдан тартып АКШ жана Пакистан өз тарабынан моджехедтерди колдоону токтотуу керек болчу.

24-оппозиция отрядтары Вардак провинциясынын борборун басып алат - Майданшехр шаары. Сентябрь айында советтик аскерлер Майданшехр шаарынын жанында Хуркабуль базалык аймагын жок кылуу операциясын жүргүзөт. 10-август - моджехедтер Кундузду басып алышат. 1989 Совет аскер күчтөрүнүн Афганистандан чыгарылышы Советтик аскер күчтөрүнүн Афганистан чыгаруусу 1988-жылдын 15-майында эле башталган. Женева макулдашуусуна ылайык советтик союз аскерлерин 1989-жылдын 15-февралына чейин чыгарып кетүүсү керек болчу. Маалыматтарга таянсак биринчи үч айлыкта Афганистандан 50183 аскер кызматкерлери чыгарылган.

Дагы 50100 адам СССРге 1988-жылдын 15-августунан тарта 1989-жылдын 15-февралына чейин кайткан. Аскерлерди чыгаруу операциясы дайыма душмандар тарабынан атакаланып турган. 'Вашинктон пост' газетасынын маалыматы боюнча, бул убакта бардыгы болуп совет аскерлерден 523 адам өлтүрүлгөн. 1989-жылдын 15-февралында генерал-лейтенант Борис Громов, официалдуу версияга таянсак, Достук Көпүрөсүн эң акыркы аскер болуп өткөн. Чындыгында болсо Афганистандын аймагында пленге түшкөн советтик жоокерлер, жана аскерлердин чыгарылышын корголоп турган чек ара аскерлери болгон, акыркылары күндүн экинчи жарымында гана СССРдин аймагына келишкен. КГБ СССРдин чек ара аскер күчтөрү совет-афган чек арасын кайтаруу иштерин Афганистандын аймагында башка бөлүмчөлөр менен 1989-жылдын апрель айына чейин жүргүзгөн. Афганистандын жоготуулары Албетте Афганистандагы оппозиция күчтөрүнүн жана Афган бийлигинин жоготууларын, анын ичинде жарандардын жоготууларын так айтуу мүмкүн эмес. Бирок кээ бир маалыматтарга таянсак, мисалы, USAID маалыматы боюнча Афганистанда 875 миң адам каза болгон, 'Гэллап' изилдөөсүнүн маалыматы боюнча 1,2миллион адам.

Советтик союздун жоготуулары Афганистандагы аскер кызматын өтөгөн адамдардын бардык саны 620000 аскер кызматкерлери, анын ичинде 525500 Советтик аскер күчтөрүнүн катардагы жоокерлери жана офицерлери, 21000 жарандык кызматкерлер, 95000 КГБнын (чек ара кызматкерлерин кошкондо) өкүлдөрү, ички аскер күчтөрү жана милициялар. Тогуз жылдан ашуун Афганистанда болуу убактысында бардыгы болуп 15051 адам каза тапкан, анын ичинен 14427 жоокер атышууларда жана кармаштарда жаракат алуудан, күтүлбөгөн кырсыктан жана оорудан улам каза тапкан. Калгандары демобилизация болгондон кийин, мурдагы жаракатынын кайра күчөшүнөн, кантузиянын себебинен каза тапкандар болгон. Албетте так статистика дайыма өзгөрүп турат, жана жыл өткөн сайын 1979-1989-жылкы Афган согушунуна катышкан аскерлердин жоготуулары аздан болсо да өсө берет. Кыргызстандын жоготуулары 1979-1989-жылкы Афган согушуна Кыргызстандан 7000ден ашык кыргыз аскерлери мобилизацияланып, алардын 252 адамы каза тапкан жана 1500гө жакын кыргыз аскерлери жаракат алышкан, 600гө жакын жоокер майып болуп мекенге кайткан.

'Эстегиле, эгер эстей алсаңар...”Биз өлгөнбүз Кандагарда, Кабулда, Ок атышта, чегингенде, чабуулда. А чындыгы мурун эле өлгөнбүз, Чакырык кат үйүбүзгө барганда. Сезген ата, сезген эне, ыйлаган...Сезип туруп бизди ажалга кыйбаган.

Ичибизде 'чоң' уулунан бирге жок, Бизди бүтүн 'Чор колдуудан' жыйнаган...Келдик түндө жашиктерге салынып, Күнөөкөрдөй кыска дарек жазылып. Эне сүйгөн түссүз, түстүү сүрөттө, Эми ыйлайбыз тирүүлүктү сагынып. Эстегиле эгер эстей алсанар, Чыгышмак деп быйыл мынча жашка алар...Шейит-набыт өлбөсүн эч уулунар, Жер талашып азбаса экен башкалар.

Эстеликке койгон гүлгө жаш таматКөздөрүнөн аккан жашы бет чайып, Эстекликте жоокер турат муңайып. Эске түшүп тээ Ооганда кан согуш,'Шуравинин” окко учканы суналып. Ким күнөөлүү мына ушунун баарына? Калган беле жараткандын каарына? Канчалаган күлгүн курак жоокерлер, Жетпей калды максатына, жарына...Түн бир оокум түштөн чочуп ойгонот, Өрт арасы качат, кыргын башталат. Согуш деген болбосо дейт эч убак, Эстеликке койгон гүлгө жаш тамат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)