Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Жаштарга (ыр)

Баш барак | Ырдайлы кыргыз ырларын | Жаштарга (ыр)
Жаштарга (ыр), эстрадалык аталышы «Жаштык кез»
АвторБайдылда Сарногоев
ОбонуАсанкалый Керимбаев

Жаштык кез жаңы кийимдей,
Эскирсе калган кийилбей.
Боз улан бойдон турбассың
Болжолу өтөт билинбей.

Кыярса калбас күбүлбөй,
Кырчын кез тоонун гүлүндөй.
Кыз бойдон дайым турбассың,
Кызык кез өтөт билинбей.

Күнүмдүк сени жандаган,
Күлгүн чак келбейт кайрадан.
Элирбей жаштык кезиңди
Эс-акыл менен пайдалан.

«Күүлөнөт күлүк күнүндө,
Туйлайт, –дейт – тулпар тушунда».
Турмушка өчпөс из калтыр
Туягың бүтүн учурда (чагыңда).

Жайгаштыруу: 2024-04-05, Көрүүлөр: 77, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2024-04-05, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу