Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

туулган жерди сагынуу

Баш барак | Ырдайлы кыргыз ырларын | туулган жерди сагынуу

Созу жана обону К. Тураповдуку

Кылымдардан кылым карыган,

Кыялымда кундо жанырам.

Бал жыттанган таттуу кымыздай,

Туулган жердин суусун сагынам.

Журсом дагы алыс аранан,

Атажуртум кетпей санааман.

Акыл айтып асыл кеп айткан,

Аталардын кебин сагынам.

Сарыой менен Кокой тоосунан,

Буркут шаншып, кукук сайраган.

Ышкын терип аска тоосунан,

Жургон кунум эстеп сагынам.

Жыланайлак чырпык ат минип,

Жылгалардан тунук суу кечип.

Балтырымды тилип караган,

Балалыгым эстеп сагынам.

Конурдобо жайлоо, жашыл тор,

Конур желдуу салкын асыл тор.

Кокту, белес, кунгой-тескейде,

Кой кайтарган кунум сагынам.

Тундугунон тутун булатып,

Апам жапкан нанды сагынам.

Уйур-уйур жылкы айдаган,

Атам конгон журтту сагынам.

Жайгаштыруу: 2016-05-20, Көрүүлөр: 1609, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-20, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу