Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Шамшиев Төлөн

Баш барак | Биографиялар | Шамшиев Төлөн
Шамшиев ТөлөнАкын Төлөн Шамшиев 1913-жылы Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Куршаб айылында туулган. 1927-жылдан тартып Өзгөн интернатында тарбия алып, 1932-жылы Жалал-Абад педагогикалык училищесин бүтүргөн, ал эми 1957-жылы Фрунзе шаарындагы Кыргыз педагогикалык институтун сырттан окуу бөлүмүндө окуп, ийгиликтүү аяктаган, 1936-1938-жылдары Москва шаарындагы ЦК ВКПнын редактор-котормочу курстарында да билим алган.



1932-жылы Жаш Ленинчил гезит редакциясынын бөлүм башчысы, 1938-1940-жылдары ушул эле гезиттин редактору, 1933-1935-жылдары Кыргыз пионери гезитинин жоопту катчысы болуп иштеген. 1938-1942-жылдары жана 1946-1954-жылдары републиканын басма мекемелеринде, радиокомитетте, РК профсоюзда жооптуу кызматтарында эмгектенген. 1980-1986-жылдары СССР адабий фондунун кыргыз бөлүмүндө директор болуп иштеген.



1942-1945-жылдары Шамшиев Төлөн советтик аскерлердин катарында кызматын өтөгөн. Улуу Ата Мекендик Согуштун катышуучусу.



Анын биринчи Отуз адыр аттуу поэтикалык жыйнагы 1934-жылы жарык көргөн. 30-жылдары акындын чыгармачылыгынын негизги темасы кыргыз жергесиндеги дыйкан адамдардын ары түйшүктүү, ары кызыктуу эмгеги болгон.



1935-жылы Көз жаш пьесасы жарык көрүп, ал пьесада Кыргызстандын түштүгүндөгү дыйкандардын турмуш-жашоосун чагылдырган.



Шамшиев Төлөн бир нече поэтикалык жыйнактардын, ошондой эле көптөгөн ангеме, очеркттердин, эскерүүлөрдүн, публицистикалык макалалардын автору.



Акын тарабынан Маяковскийдин, Айнинин, Жалилдин, Тихоновдун, Сынтимбрянунун, Турссун Парданын жана башкалардын чыгармалары кыргыз тилине которулган.



1938-жылдан тартып КПССтин мүчөсү, 1936-жылдан тартып СП СССРдин мүчөсү.



1-даражадагы мамлекеттик орден менен, ошондой эле 1941-1945-жылдагы Улуу Ата Мекендик Согуштагы Германияны жеңгендиги үчүн, Кайратту эмгеги үчүн. Лениндин туулган күнүнө 100-жыл, Берлинди алгандыгы үчүн, Өзгөчө эмгеги үчүн, 1941-1945-жылдагы Улуу Ата Мекендик Согуштагы женишке 20 жыл, 1941-1945-жылдагы Улуу Ата Мекендик Согуштагы жеңишке 30 жыл, СССРдин куралдуу күчтөрүнө 50 жыл, Эмгектин ветераны медалдары менен сыйланып, Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин жана Белорусия ССРинин Ардак грамотасы менен белгиленип, Кыргыз ССРинин Жогорку Кенешинин 1-чакырылышында депутат болуп шайланган.



2001-жылы дүйнөдөн кайткан.
Жайгаштыруу: 2016-05-23, Көрүүлөр: 1307, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-23, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу