Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Салижан Жигитов (1936-2006)

Баш барак | Биографиялар | Салижан Жигитов (1936-2006)

Салижан Жигитов (1936-2006)Филология илимдеринин доктору Салижан Жигитов 1936-жылдын 17-мартында жарык дүйнөгө келген. (17.3.1936 - 11.2.2006) – Кыргызстан элинин чыгаан публицист, адабият таануучу, энциклопедиячы, журналист жана агартуучу, филология илимдеринин доктору. 1984-жылы Кыргыз Республикасынын илим тармагындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, 1992-жылы филология илимдеринин доктору болуп, 1998-жылы профессор наамына ээ болгон.

Салижан Жигитов айтып өткөндөй эле 1936-жылы 17-мартта Кыргыз Республикасынын Ош облустунун Өзгөн районуна караштуу Көлдүк кыштагында жарык дүйнөгө келген.

1959-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин (учурдагы Кыргыз улуттук университетинин) филология факультетин бүтүргөн.

1965-жылы Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунун аспирантурасын аяктаган.

Салижан Жигитов эмгек жолун 1959-жылы Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу мектепте мугалим болуп иштөөдөн баштаган.

1961-1962-жылдары Кыргыз ССРинин Илимдер Академиясынын тил жана адабият институтунда кенже илимий адис, ал эми 1979-жылдан тарта тармак башчысы болуп көп жылдар бою үзүрлүү эмгектенген.

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакторунун биринчи орун басары болуп да эмгектенген.

1991-1993-жылдары Кыргыз Республикасынын президентинин кеңешчиси, 1993-1995-жылдары Кыргызстандын Өзбекстандагы атайын жана толук ыйгарымдуу элчиси, 1995-1996-жылдары "Азаттык үналгысынын" Бишкектеги бюросунун жетекчиси, Кыргыз улуттук университетинин профессору, Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин Гуманитардык билимдер институтунун директору ж. б. кызматтарды аркалаган.

2003-жылы «Акыйкат жана прогресс» партиясына мүчө болуп өткөн. 2004-жылы «Жаңы багыт» коомдук саясий кыймылын уюштуруучулардын бири болгон.

300дөн ашык адабий жана илимий эмгектердин автору. Жүздөгөн учкул сөздөрдүн, таамай айтылган мыскылдардын, жакшынакай ырлардын да ээси. Анын эмгектеринин көптөрү кагаз бетине жазыла да элек.

Бир катар адабий сын изилдөөлөрүн жарыялап, Назым Хикмет, Мустай Карим сыяктуу атактуу акындардын чыгармаларын кыргызчага которгон.

Салижан Жигитов 1984-жылы илим жана техника жаатында Кыргыз ССРинин Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты болгон.

2006-жылы 11-февралда оорунун айынан Бишкек шаарында каза болгон. Маркумдун сөөгү 2006-жылы 13-февралда Бишкектеги Ала-Арча мамлекеттик көрүстөнүнө коюлган.

Жайгаштыруу: 2016-05-23, Көрүүлөр: 1810, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2018-01-12, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу