Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Муканбетов Экия

Баш барак | Биографиялар | Муканбетов Экия

(1933, Түп району, Талды-Суу айылы —1975, Бишкек ш.) - ырчы жана обончу, актёр. Комузчунун үй-бүлөсүндө туулган. М-дун ырчылык, комузчулук жана актёрдук өнөрү мектепте окуп жүргөндө эле бапггалган. 1954-60-жылы Кыргыз мамлекеттик филармониясында иштейт. Анда иштеп жүргөндө комузчуаткаруучу катары К. Орозовдун «Ибаратын», Ы. Тумановдун «Жаш тилегин», Т. Сатылгановдун «Чоң кербезин», комузчулар ансамблинде Атайдын «Маш ботоюн», Айдараалынын «Көйрөң күүсүн», Токтогулдун «Чайкамасын» жана башкалар чебер аткарган. 1960—75-жылы Кыргыз мамлекеттик академик драма театрында актёр болуп иштеп, ар кыл пландагы образдарды сахнага алып чыккан. М-дун нукура элдик куудулдук жаркын шыгы Р. Шүкүрбековдун «Келип кетти», «Ашка жүк, башка жүк», «Калпак» жана өзүнүн «Кулдураса эле куран болот тура» деген интермедияларында таасын көрүнөт.

Мындан сырткары аткарган ролдору: Ырчы (К. Жантөшев, «Курманбек»), Айдайбол (айыл Тажибаев «Жалгыз дарак токой болбойт»), Касым (шаары Бейшен. алиев, «Тоо койнундагы гүл»), Кодор, Молдосан (айыл Токомбаев, «Тергөө жүрүп жатат», «Өлбөстүн үрөнү»), Иуда (Т. Шевченко, «Назар Стодоля»), Алисев (М. Ибрагимов, «Элет кызы»), Майрык (Ч. Айтматов, «Биринчи мугалим»), Шаршен (К. Маликов, «Осмонкул»), Шаршен (жылы Садыков, «Күйөө жолдош») жана башкалар М. башка обончуларды кайталабаган угуучулардын жан дүйнөсүн копггоого алган лирикалык жана балдарга арналган ырларды чыгарган. Анын ырлары элдиктүүлүгү, оригиналдуулугу, мукамдуулугу менен айырмаланган, «Кыялым менин кызыл гүл», «Эмне артьпс», «Кой, кой жигит», «Кызгалдак», «Казак кызына», «Сүйүүнүн кызыл желеги», «Бакыттын даамын бир татсак», «Өзүң менен биргемин», «Түшүнсөң боло суратпай», «Сайрагүл», «Өчпөсүн менин үмүтүм», «Ак кайың», «Айдайлы жашоо кемесин», «Айтылбай ичте сыр жатат», «Чабан жигитке» жана башкалар ырлары бар. М-дун ысмы менен ал туулган айылдагы бир көчө аталган.

Жайгаштыруу: 2016-05-27, Көрүүлөр: 818, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-27, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу